ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА ОРУС ЖЫЛДЫЗДАРЫНЫН ГОНОРАРЫ КАНЧАГА ЧЫКТЫ?

Дмитрий Маликов
Дмитрий Маликов «чакырылган жерден калба» деген жобону бекем кармагандыктан, кайсыл жерге чакырылса да калбай барганга аракет кылат. Жыл сайын Жаңы Жылда Дмитрий бир нече концертке барып ырдаганга жетишет. Жөнөкөй күндөрү ырчынын гонорары сегиз миңди чапчыса, Жаңы Жыл алдында бир концерттен беш ыр ырдап, 20 миң доллар тапканга үлгүрдү.

Валерий Леонтьев
Жаңы Жылга карата Валерий Леонтьевге чакыруулар абдан көп түшкөн. Болгондо да жеке кечелерге. Учурда жеке кечелерге барып ырдоо ырчылар үчүн пайдалуу иш. Анткени, мындай кечелерде жакшы акча төлөнөт. Валерий да Жаңы Жыл алдында бир жума бою бир канча кечеге чакырылып, болжол менен 300 миң доллар чогултканга жетишти.

Алла пугачёва
Ырчы жыл сайын жаңы жылдык съёмкаларга тартылып, концерттерге катышуу менен чоң өлчөмдөгү гонорарларды таап келет. Анын сыңарындай, бул жолу ырчы Жаңы Жыл алдында Украинанын «Интер» телеканалы тарткан «Карнавальная ночь» мюзиклинде жарк этти. Мюзиклге келип катышып, балатынын жанында туруп өзүнүн «У любви твои ресницы» аттуу ырын аткарып бергени үчүн ырчыга Украина телеканалы 500 миң евро төлөп берди. Украина каналынын берешендиги Аллага жагып калгансыйт. Анткени, ырчы айым Украинанын «Песня года» концертине алпаруучу болууга макулдугун берди.

«Звери» тобу
Жаштардын сүйүктүү тобуна айланган «Звери» тобунун гонорары да бир топ. Топтун жигиттери чакырууга макулдуктарын берээрден мурда ким чакырып жатканы тууралуу толук маалымат алышат. Анткени, алар ошого жараша гонорарынын суммасын белгилешет. Ал эми жаңы жылдык кечелерге «Звери» тобу өздөрүнүн 40 мүнөттүк номерин 40 миң евро деп баалашты.

«УмаТурман»
«УмаТурман» тобу Жаңы Жылда кечеге чакыргандардан 25 миң доллар талап кылды. Топтун мындай талабына көнгөндөр табылып, топтун балдары улам бир кечелерге баруу менен жомоктогудай гонорар табууга жетишип жатышат.

Жанна Фриске
Ырчылык гана эмес, актрисалык жөндөмдүүлүгү менен да күйөрмандарын чогулткан Жаннанын мындай күндөрдөгү гонорары 10 миң доллар болсо, Жаңы Жыл алдында ырчы өзүнүн баасын дагы 5 миңге көтөрдү. Тактап айтканда, жаңы жылдык кечелерге чакыргандардан ырчы айым 15 миң доллар талап кылат.

Анжелика менен Леонид
Анжелика менен Леонид ажырашты деген сөз эл арасын аралап келатканына карабастан, негедир жубайлар сахнага бирге чыккандарынан жазыша элек. Неси болсо да экөө Жаңы Жылды сахнадан чогуу тосууну адатка айлантып келатышкандыктан, бул ирет да Жаңы Жылда сахнада боло тургандыктары шексиз. Ырчы жубайлар жаңы жылдык эмгегин 25 миң евро деп баалашты. Эгерде тү­гөйлөрдү көңүлдөрүнө жакпаган адамдар чакырышса, акчасына карабастан баш тартып коё беришет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Imon7
2020-08-10 20:12:54
Да Москвада гендиректор туулган кунун тоскон жок! Фирмасы талкаланып турган маал эле. Мурда дуркуроп турган маалда директордун озунун эсебинде 300 миллион рубль болгон экен. Ал убакта туулган кунду озунчо карнавал уюштуруп, Бразилиядан танцевалдарды чакырып откорчуу элек. Кеченин ачгында Европага турпакеттерди ойнотот элек деп
0
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан