ДҮЙНӨЛҮК СПОРТ: 2009

Былтыр континенталдык ири мелдештер же Олимпиадалык оюндар өткөрүлбөсө да, күйөрмандар эстей жүрчү көп эле окуялар болуп өттү. 2009-жыл дүйнөлүк спортто жаңы ысымдардын, чырлардын жана, албетте, сенсациялардын жылы катары калды десек жаңылышпайбыз.

КӨГҮШ-АНАР ТҮСТҮҮ СЕЗОН
Чемпиондор Лигасы. Былтыркы жыл испаниялык “Барселонанын” жылы болду. Көгүш-анар түстүүлөр бир жылда 6 ири мелдеште (УЕФАнын Чемпиондорунун Лигасы, УЕФАнын Суперкубогу, Испаниянын чемпиондугу, Испаниянын кубогу, Испаниянын Суперкубогу жана клубдар арасында Дүйнө чемпиондугу) жеңип чыгышты (!). Анын оюнчусу Лионель Месси Европанын жана Дүйнөнүн мыкты футболчусу аталып, атактуу мекендеши Марадонадан ашып түштү.
Трансферлер. “Барселонанын” башкы атаандашы “Реал” өзүн башка жактан көрсөттү. Королдук клуб
200 миллион евродой акча коротуп, курамына Роналду, Кака, Бензема жана башка оюнчуларды кошуп алды. Роналдунун 94 миллион евролук трансфери азырынча рекорддук көрсөткүч болуп турат (буга чейин Зидан 76 миллион еврого бааланган). Бул боюнча төмөнкүдөй анекдот жаралды: “Роналду акыры мадриддик “Реалдын” курамына кошулду. Бирок бир шарт менен – ал оюн талаасына “МЮнун” курамында чыга бермекчи”. Ошондой эле Ибрагимовичтин “Барселонага”, Это,Онун “Интерге”, Аршавиндин “Арсеналга”, Диегонун “Ювентуска”, Тевездин “Манчестер Ситиге” жана Милитонун “Интерге” кошулгандыгы да өткөн жылдын маанилүү трансферлеринен болду.
«ЮАР-2010». «ЮАР-2010дун» 2 жылга созулган тандап алуу оюндары жыйынтыкталды. Ага биринчи жолу катышуу укугуна Словакия жана Сербия ээ болду.
Бразилиялык Роналдиньо соңку 10 жылдыктын мыкты футболчусу деп табылса, португалиялык Роналду эң тез чуркаган футболчу аталды.

ДЕЛЬ ПОТРО ЖАНА ЕВРОПАЛЫКТАР
Чоң теннис көбүнесе Надаль-Федерер тирешүүсү, Сафина, Давыденко жана дель Потролордун мегажылдыздардын катарына кошулушу жана Сафин жана Клийстерстин кайчы кадамдары менен эсте калды. Ким билет, эгер Надаль жаракатка кабылбаса, Федерер кайрадан такка кайта алат беле? Федерер чоң шлем түркүмүнө кирген 4 ири мелдештин экөөнү («Ролан Гаррос», «Уимблдон») утса, калгандарын Надаль (Австралиянын ачык чемпиондугу) менен дель Потро (АКШнын ачык чемпиондугу) жеңди. Аялдар арасында да АТРнын рейтинги өзгөрдү. Бир да ири мелдешти ута албаган Сафина көч башылык ордун америкалык Серена Уильямсга (Австралиянын ачык чемпиондугу менен «Уимблдонду» жеңди) бошотуп берүүгө аргасыз болду. Аялдар арасында «Ролан Гарросту» Светлана Кузнецова багынтса, АКШнын ачык чемпиондугунда Ким Клийстерс триумф жаратты. Өткөн жылы чоң теннис менен орусиялык Марат Сафин биротоло кош айтышты.

КЛИЧКОЛОРДУ КИМ ТОКТОТОТ?
Профессионалдык боксто эчак эле украиналык бир тууган Кличколордун гегемониясы орногондугу эч кимди таң калтырбай келет. Быйыл алар өз репертуарынан жазбай, жеңиш тизмелерине жаңы беттештерди кошуп коюшту. Алсак, Виталий WBC версиясы боюнча чемпиондук наамын 3 ирет ийгиликтүү коргоду. Кубалык Хуан Карлос Гомес, америкалык Крис Арреола жана Кевин Жонсондор Виталийди жеңүүнүн айласын таба алышкан жок. Ал эми иниси Владимирдин IBF жана WBO версиясы боюнча чемпиондук такта кармалып туруусу үчүн бир беттеш жетиштүүлүк кылды. Владимир өзбекстандык Руслан Чагаевди утту. Ошентсе да британиялык Дэвид Хэй бокс асманында жарк деп жана алды. Буга анын Валуевден чемпиондук курду (WBA) тартып алгандыгы себеп болду. Эми ал максаты Кличколордун үй-бүлөсүн чемпиондук курлардан куру калтыруу экендигин айтууда.
Бирок “Жылдын мыкты мушкери” наамына WBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону филиппиндик Мэнни Паккиао татыды. Анын британиялык Рикки Хаттон менен пуэрторикалык Мигель Анхель Коттону кантип нокаутка учуратканы бокс күйөрмандарынын дале эсинде.

ОРУСТАР БАГЫНБАЙТ
Чыныгы эр жүрөктөрдүн оюну хоккей боюнча азырынча орустардын ити чөп жеп турган маалы. Швейцарияда өткөн Дүйнө биринчилигинде Вячеслав Быков машыктырган Орусиянын курама командасы чемпиондук наамын ийгиликтүү коргой алышты. Орусиялык жылдыздар учурда НХЛде да хоккейдик аба ырайын жаратуучу болуп турушат.

БРАУНДУН ЖЕҢИШ ФОРМУЛАСЫ
Автоспорттун эң бүйүр кызыткан жарышы Формула-1де көңүл бурарлык 2 окуя болду. Англиялык «Браун» командасы өзү үчүн дебюттук болгон сезондо ийгиликке жетишти. Болгондо да чемпиондук наамга мөөнөтүнөн мурда Бразилиянын Гран-Присинде ээ болду. Команданын ишенген учкучу Женсон Баттон да жекеликте Дүйнө чемпиону аталды.
Экинчи жаңылык Михаэль Шумахерге байланыштуу. Атактуу немис автожарышчысы акыры 3 жылдык тыныгуудан кийин чоң спортко кайтты. Шуми «Мерседес» менен 3 жылдык келишим түзүп, жылына 7 миллион евродон алып турмакчы болду. Кезинде «Бенеттон», «Феррари» командалары менен Дүйнө чемпиондугун 7 жолу жеңип алган 41 жаштагы Кызыл барон кайрадан ийгилик жарата алабы, аны убакыт көрсөтөт.

РЕФОРМАЛАР
Футбол. ФИФА 2009-жылдан баштап мыкты голго Ференц Пушкаш атындагы сыйлыкты бекитти. Анын туңгуч лауреаты Криштиану Роналду болуп калды. Мындан тышкары башкы футболдук уюмда майданга кошумча калысты жайгаштыруу жана оюнчуну убактылуу четтетүү үчүн жаза баракчасын киргизүү кызуу талкууланып жатат.
Олимпиада. ЭОКтун Копенгагенде өткөн жыйынында олимпиадалык оюндардын программасына жаңы 2 оюн киргизилди – гольф жана регби (классикалык түрү). Аталган оюндар боюнча мелдештер 2016-жылкы Олимпиададан баштап өтө баштамакчы.

2009-ЖЫЛДЫН ЭҢ БАЙ СПОРТЧУЛАРЫ
Миллионер спортчулардын тизмеси чоң өзгөрүүгө учураган жок. Биринчи орунда дагы да болсо америкалык гольф чебери Тайгер Вудс (800 миллион доллар менен). Ал былтыркы сезондо 95 миллион доллар тапкан. Тизмеде кийинки орундар төмөнкүчө:


2009-ЖЫЛДЫН...

СПОРТЧУСУ
Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт мурдагы жылы Бээжин Олимпиадасында триумф жаратканы менен Майкл Фелпстин көлөкөсүндө калып кеткен. Быйыл жеңил атлетика боюнча Берлинде өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин анын популярдуулугу өстү. Анын Чагылган мырза атка конушу да бекеринен эмес. Чындыгында, 100 метрди 9,58 секунд жана 200 метрди 19,19 секундда чуркап өтүү болуп көрбөгөндөй натыйжа. Такталбаган маалыматтар боюнча жакында Болт гепард менен жарышып, Британиянын ханышасынын рыцарлык орденин алмакчы.

КАЙТУУСУ
Бул жылы убактылуу тыныгуудан кийин атактуу спортчулар – учкуч Михаэль Шумахер, суучул Майкл Фелпс жана фигурист Евгений Плющенко машыгууга киришишти. Спортко кайткандардын ичинен бельгиялык теннисчи Ким Клийстерстин кайтуусу өзгөчөлөнүп турат. Төрөгөндүгүнө байланыштуу 2 жыл спорттон четтөөгө аргасыз болгон Клийстерс 1 ай машыгып, АКШнын ачык чемпиондугун жеңип алды.

ЖОГОТУУЛАРЫ
2009-жыл профессионалдык бокс тарыхында трагедиялуу жылдардан болду. Кандуу июлда 9 мушкер каза болду. Алар – Артуро Гатти, Марко Назарет, Вернон Форрест, Франсиско Монсивес, Марк Ледюк, Октавиус Жеймс, Николас Сервера, Уильям Морено жана Алексис Аргуэлло. Орусиялык спортчу жана шоумен Владимир Турчинскийдин да мезгилсиз дүйнө салышы чоң жоготуулардын катарын толуктайт.

ЧЫРЫ
«ЮАР-2010дун» жолдомосу үчүн болгон «Франция-Ирландия» беттешинде француздар жеңиш голун эреже бузуп киргизишкен. Ошондо Анринин топту колу менен токтоткондугуна бүт дүйнө күбө болгон. Футболчунун өзү топту колу менен токтотконун моюнга алганы менен, ал эпизод калыстын көз жаздымында калган. Өз кезегинде ирландиялыктардын оюнду кайра ойноо арызын ФИФА канааттандырган жок. Бул боюнча атайын сурамжылоо жүргүзүлүп, анда француздардын 80 пайызы «жолдомого Ирландия ээ болсо туура болмок» деп жооп беришкен. Ал эми атактуулар эмне дешет?
Эрик Кантона, франциялык экс-футболчу: “Мен Анринин колу менен ойногонуна эмес, анын гол киргенден кийин камераны карап периште болуп, ирландиялыктарды сооротконуна жиним келди. Францияда Людовик XVIнын мезгилинен бери мынчалык уят иштер болгон эмес”.
Рой Кин, ирландиялык экс-футболчу: “Анринин голуна караганда коргоочуларыбыз менен дарбазачыбыздын начар ойногону менин кыжырымды келтирди. Француздар биздин жолдомону уурдап алышты”.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан