ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТТЕ
Хейтер
– англис тилинин «hate» сөзүнөн алынып, бизче «жек көрүү, жек көрүүчүлүк» дегенди билдирет. Хейтерлер – интернетте отуруп алып баары жакшы болуп турса деле ар нерседен кыйкым таап турчулар. Алар табитине туура келбеген нерсени далилсиз эле айыптап, жамандай беришет, бирок өз оюнун тууралыгын далилдей алышпайт. Мисалы, ыры жакпай калган ырчыны, ролу жакпай калган актёрду, ал тургай мультфильмдерге жана андагы персонаждарга да жек көрүүлөрүн билдиришет. Жөн эле сындабай, агрессивдүү түрдө авторду сөгүп-сагып, уруп-согом деген коркутууларга чейин жазышат. Хейтер термини интернетте рэп, рок жана хип-хоп жанрынын жана футболчулардын күйөрмандарынын арасында кеӊири колдонулат. Хейтерлер – көбүнчөсү сабатсыз адамдар. Аларды сынчылар менен алмаштырбоо кажет. Сынчылар жакпаган нерсесин аргументтүү, далилдүү түрдө сындашат.

КООМДО
Спичрайтер
– белгилүү жана абройлуу адамдардын эл алдына чыгып сүйлөй турган сөзүнүн текстин жазып берүүчү адис. Англисче «speechwriting» – «сүйлөөчү сөздү жазуу» дегенден алынган. Мындай адистер саясат тармагында көбүрөөк талап кылынат жана текст саясатчынын көзөмөлүндө жазылат. Мисалы, жазылгандан кийин кайсы жерине оӊдоп-түзөө киргизүү, эмнеге көбүрөөк басым коюу керектиги көрсөтүлөт. Спичрайтердин милдети – сүйлөнгөн сөз элдин эсинде сакталып жана жакшы таасир бере тургандай кылып сүйлөөчүнүн пикирин аудиторияга кызыктуу түрдө жеткирүү.

АШКАНАДА
Капкейк
– англис тилиндеги 2 сөздөн куралып, «cup» – «чөйчөкчө», «cake» – «кекс», «торт», «пирожное» дегенди билдирет. Көбүнчөсү «чөйчөкчөдөгү торт» делет. Адатта торт электр мешине бышырууга ыӊгайлашкан жука кагазда же алюминий формада бышырылат. Учурда анын түрлөрү көп, бирок негизги курамына каймак, жумуртка, ун жана кант кошулат. Үстү шоколад, жер-жемиш, жаӊгак сыяктуулар менен кооздолот. Бир киши жегенге абдан ыӊгайлуу. Батыш өлкөлөрүндө көбүнчөсү туулган күндөрдө конокторго тартууланат. Капкейк рецебин алгач Элиза Лейсли аттуу айым иштеп чыккан. 1928-жылы кулинардык китепчеге жазылып, дүйнөгө анын рецеби тараган.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
sladkaja_konfetka
2015-11-30 16:09:41
Азыр хейтерлер толтура. Алыс барбай эле ушул эле сайтты алалы. Эч нерсени жактырбай, сын жазып коюп отура беришет. Кыргызча кыйтыр деп койсо болчудай)))))
+4
Саби
2015-12-02 16:32:26
Кырызча кыйтыр деген соз жок.Бул туштук диалектисинен алынса керек.Маанисин коптор тушуно бербейт.
-7
Eureka
2015-12-06 19:31:38
Хейтер короалбас деген маанини берет.
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан