ОПТИМА БАНК 2015-ЖЫЛЫ БЕШИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ №1-БАНК БОЛУП ТАБЫЛДЫ

– Биз «Кыргызстандагы №1-Банк» жогорку наамын бешинчи жолу катары менен алып жатабыз. Кыргызстандагы банк чөйрөсүндө лидер болуш жакшы салт жана «Оптима Банктын» туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн кошумча тастыктоо болуп калды,- деп «Оптима Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Чыныбаева Алия Толюгеновна өз сөзүндө сыйлыкты баса белгилеп кетти. – Үстүбүздөгү жыл оӊой болгон жок, бирок абдан натыйжалуу болду. 2015-жылы «Оптима Банк» 2015-жылдын 1-октябрына карата рынок үлүшү менен негизги көрсөткүчтөр боюнча: активдер – 14%, насыялык портфель – 15%, кардардын депозиттик базасы – 20%, капитал – 12% жана таза киреше – 26% лидерлик позицияны ээледи.
Насыялоо жаатында 2015-жылы «Оптима Банк» жакшы натыйжаларга жетише алды. Ушул күздө «Оптима Банк» кичи жана орто бизнести жана ири корпоративдүү секторду насыялоо үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынан 33 миллион доллар алган. Бул макулдашууга кол коюу банкка болгон жогорку ишенимди күбөлөндүрөт. Бул болсо Кыргызстанда алдыӊкы, туруктуу өнүгүп жаткан банк катары анын абалын баса белгилеген дагы бир жакшы жышаандуу келишим. «Оптима Банкта» кичи жана орто бизнести насыялоо улуттук валютада каралган. Бул жергиликтүү бизнеске, өзгөчө кирешелерин кыргыз сомунда алган ишкерлер үчүн пайдалуу. Алар долларлык насыялар коштогон валюталык тобокелдиктерден арыла алышат. Кыргыз сомунда насыялоо – бүгүнкү күнү бизнесмендер үчүн, албетте, артыкчылыктуу. Анткени Кыргыз Республикасында сом ресурстарына жетүү жарым-жартылай чектелгендиктен банктардын баары теӊ эле улуттук валютада насыялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
2015-жылы карталык бизнести өнүктүрүүгө жана «Оптима Банкта» накталай эмес төлөмдөрдү активдештирүүгө өзгөчө маани берилген. Эми бул багыттагы ишти банк жүзөгө ашыра алды деп айтсак болот. Абдан баалуу жана артыкчылыктуу UnionPay Diamond картасын камтуу менен UnionPay карталык продуктулар тилкеси ишке киргизилди. Кыргызстанда биринчи жолу UnionPay Diamond сый акы картасын «Оптима Банк» чыгарганы көрүнүктүү факт. Мындай картаны жергиликтүү рынокто бир дагы банк сунуш кылбайт.
Visa international төлөм тутуму менен биргелешип өткөрүлгөн ФОРСАЖ акциясын айтпай коюуга болбойт. Бул банкка карталардын эмиссиясын көбөйтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, карта боюнча накталай эмес төлөмдөрдү бир кыйла активдештирүүгө мүмкүндүк берди. Албетте, Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программанын концепциясына туура келет.
Бул жылы киргизилген жаӊылыктын дагы бири көӊүл бурууга татыктуу. Ал интернет тармагына кошулган түзүлүш аркылуу кардар үчүн ыӊгайлуу болгон убакытта төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүндүк берүүчү «Оптима Банктын» виртуалдуу өкүлчүлүгү болуп калган ыӊгайлуу жана заманбап Оптима24 интернет банкингдин ишке киргизилиши болуп калды. Бул Кыргызстандын банк рыногунда дистанциялык сервисти өнүктүрүүдө абдан маанилүү кадам. Ал адамдардын жашоосун бир кыйла жөнөкөйлөштүрөт жана мезгил менен теӊ жарышып жүрүүгө мүмкүндүк берет. Жакынкы мезгилде биздин банк «ОПТИМА24» үчүн атайын мобилдик тиркемени чыгарып, аны дайыма жаӊы сервистер менен толуктап турмакчы.
«Биз мындан ары алга жыла беребиз, кардарларыбызды бардык башталыштарда колдоого аракет кылабыз. Алардын ийгиликке жетишине жана өздөрүнүн капиталын көбөйтүүгө жардам беребиз,- деп баса белгиледи «Оптима Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Чыныбаева Алия Толюгеновна. – Биз сиздердин ишенимиӊерди сактайбыз жана биздин кызматташууну баалайбыз!».
Кардарга багытталгандык, ишенимдүүлүк, сервистин жогорку сапаты – мунун баары Кыргызстандагы №1-Банк «Оптима Банктын» ийгиликтеринин салымы болуп эсептелет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан