Тата Улан: «ЧЫН ЖҮРӨКТӨН БААРЫ БИР»

Бойдоктор бурчу

Бет капчан рэпер жөнүндө билгиси келгендер көп экени талашсыз. Учурдун хит ырларына айланган “Карындаштын” агасы, “Кыргызстандын” патриоту Тата Улан “Бойдоктор бурчунун” каарманы.

Аты-жөнү – Тата Улан
Туулган жылы – 1980-жыл, 24-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Жылдыз белгиси – Эгиздер
Бою – 175 см, салмагы – 70 кг
Сүйүп жеген тамагы – Тамак ылгабайт
Көп колдонгон сөзү – Чын жүрөктөн баары бир
Фобиясы – Бийиктик

– Улан, ырларыңызды угуп, өзүңүзгө ашык болгон кыздарга жү­зүңүздү качан ачасыз?
– Жүзүмдү көргөндөн эмне пайда? Жакындарым, досторум кө­рүшсө болду. Мен күйөрмандар үчүн ырдай берем, бирок жүзүмдү ачып, бет капты чечпейм.
– Айрымдар “көзү кыйшык, бети тырык имиш, ошон үчүн бет кабын чечпейт экен” деп алышыптыр.
– Тырык деппи же былтык деппи кыскасы, эмне деп айтышса айта беришсин, мага чын жүрөктөн баары бир. Мен бет кап менен Тата Уланмын. Бет капты чечкенде Тата Улан экенимди ким тааныйт? Эл менин жүзүмдү эмес, ырымды тыңдаса болду. Анткени ырларымда чыныгы турмушту чагылдырып бирде ыйлап, бирде сыздап жазам. Бет капчан ырдоо менин стилим. Аллага шүгүр, бети-башым, алты саным аман.
– 14-февраль сүйүшкөндөр күнү деген майрам пайда болбодубу. Сиз да ушул күндү тососузбу?
– Жаш кезде билип-билбей эле майрамдап жүрө бериптирмин. Чын-чынында кайдагы биз билбеген Валентинди ыйык деп... Сүйүү күнү бир күн менен чектелеби, айтчы? Сүйүшкөндөр үчүн ар күн майрам. Ошондуктан муну шайтандын күнү деп эле айтам. Анткени карап көрсөк дал ушул күнү эс-мас болгон жаштар жаман жолдорго барышат экен.
– Сүйүү отуна кабылгансызбы?
– Ооба, сүйгөм. Бирок сүйүү десе эле аша чаап эмес, акыл-эсим менен эле. Бирөө менен эле эмес, көп эле кыздар менен сүйлөшкөм. Сүйүктүүң менен сүйлөшкөнгө убакыт керек. Азыр чыгармачылык менен жүрүп сүйүүгө убактым жок.
– Качан үй-бүлө курайын деп жатасыз?
– Жашым 29да. 35ке чейин убакыт бар деп ойлойм. Жок, Кудайдын буюрган күнү үйлөнөм дейинчи. Ким билет, азыр силерден кетип баратып бир кызга жолугуп калып сүйлөшүп калаттырмын.
– Тата Уланга кандай кыздар жагат? Дос кыздарыңыз барбы?
– Эми биз асмандагы айды эң­се­генибиз менен, бешенеге жазганы болот да. Ошентсе да мага супсулуу, ыймандуу, калп айтпаган кыргыз кыздары жагат. Курсташ кыздарды, классташтарымды, аяштарымды дос кыздар десем болот.
– Ашканага аралашып көрдүңүз беле?
– Студент кезде жатаканада жашаганда тамакты ким даярдап берет эле? Өзүм. Тамак десе картошка кууруу эмес, лагман, палоо сыяктуу тамактардын баарын жасай алам.
– Бир маегиңизде “аял кииши жиниме тийсе чаап жиберишим мүмкүн” дедиңиз эле, ошол оюңуздан кайта элексизби?
– Акылдуу аял эч качан күйөөсүн чаптырбайт. Аял киши бир нерселерди чукулап-укулап эркектин мээсин чакса кол көтөрөт да. Үй-бүлөнү эркек башкарып, аялы ага жөлөк-таяк болуш керек. Аял-күйөөнүн көз карашы туура келип, бири-бирин сыйлашып турса эле тынч ооокат кылышат да.

Эмесе кыздар, бойдок жигит Улан менен таанышкыңыз келсе tataulan@mail.ru электрондук поч­тага кат жө­нөтүңүз.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Латыш
2010-02-01 16:40:12
Тата Уланды ырларынан сыйлачуумун. Өткөндөгү супердин тамаша торунан кийин сыйынан кетти
0
Таллас
2010-02-02 18:03:53
Койонду камыш, Эрди намыс өлтүрөт!
0
maratix
2010-02-06 13:10:56
Tamahsa tor saga jabishti bir jolu emi onoyluk menen chikpayt. Maga da murda jakchu. Al "kiliginan" kiyin irina ozun jarashpayt ekensin...
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан