27-ноябрдан тарта Бишкек шаарында Дүйнөлүк «Гиннестин рекорддор китебине» кирүү максатында 7 күн 7 түн тынбай «Манас» эпосу айтылат. Бул иш-чарага кыргызстандык 15 манасчы катышат. Кыргыз тарыхында минтип токтобой манас айткан бир гана Саякбай Каралаев болгон. Андан кийинки манас айтуу боюнча жетишкендик 18 саат бою токтобой манас айткан Улан Исмаиловго таандык. Эми минтип элибизди Манас атабыздын руханий күчү менен азыктандыруу максатында аны менен кошо дүйнөлүк «Рекорддор китебине» кирүү үчүн бул жакшы жөрөлгө башталып жатат. Аталган долбоорду С.Каралаев атындагы «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фонду уюштурууда.