Ильяз Абдыразаков: «ТУУЛГАН КҮНҮМДҮ ЭРКЕКЧЕ ТОСТУМ»

Туулган күнүң менен!

1988-жылдын 21-январында Уулкан жана Кубаныч Абдыразаковдордун үй-бүлөсү үчүн чоң сүйүнүч болгон. Ушул күнү алардын тун уулуу Ильяз жарыкка келген эле. Арадан убакыт өтүп ошол кездеги балакай Ильяз 22 жашка чыгып, таланты таш жарып отурат.

– Ильяз, жолборс жылы баш багары менен 22-кышыңды тосуп алдың...
– Ооба, эх, дагы бир жылга карыдым дебейминби (күлүп).
– Биринчи болуп ким куттуктады?
– Мен эс тарткандан бери туулган күнүмдө мени бул жарыкка алып келгендиги үчүн деп апамды куттуктайм. Апам Ошто болчу. Уйкудан ойгонорум менен апама чалып, жылуу сөздөрүмдү айтып куттуктадым. Апам да батасын берип, каалоосун айтты.
– “Ильяз, туулган күнүң менен!” деген СМС билдирүүлөр биздин «Супер-почтага» келген. Балким, алардан белек алгандырсың?
– Негизи эле телефон номеримди тез-тез өзгөртүп турам. Ошого карабай күйөрман кыздар таап алышат. Тынч эле отурайын деп телефонумду өчүрүп салгам. Ошондуктан мени издеген тааныштарым таппай калышты. А белек боюнча айтсам тааныш байкем кылыч белек кылды, анан күйөрман кыздан менин сүрөтүм түшүрүлгөн нарда алдым.
– Туулган күнүң кандай кызыктар менен коштолду?
– Эки жылдан бери тоого чыгып туулган күн өткөргөндү салтка айлантканбыз. Негизи, биздин ар бир күнүбүз музыка менен коштолот. Андыктан кафе-ресторанга барып ырдап-бийлеп, шаан-шөкөт уюштурууну мен да, продюсерим Баяке да туура көрбөдүк. Чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп келаткан ага-инилерим, достордун курчоосунда туулган күнүмдү белгиледим. Агаларым атайын акчалай байге коюшуп футбол да уюштурушуптур. Топ кубалап ойногондон кийин пейнтболго бардык. Андан аркы сапарыбызды лыжа тебүү менен уланттык. Баяке атайын шишкебек бышыргычтарды чакырган экен, алар биз үшүгөн сайын майлуу шишкебектен бышырып берип жыргатышты.
– Пейнтболдо ок тийип кулаган жоксуңбу?
– Оо, пейнтбол сонун оюн да. Улам бирөөнө ок атып “жарадар” кылып сүйүнүп, кызыгына батып кетесиң. Биздин команда жеңдик. Бирок оюндун акырында сол көкүрөгүмө кызыл краска чачырап, ок жеп калбадымбы.
– Сүрөттөрдө кыздар көрүнбөйт го, сүйлөшкөн кызың барган жокпу?
Ушул жерде Ильяздын продюсери Баяке Чааров сөзгө кошулду.
– Ой, мунун сүйлөшкөн кызы болсо барабы? Бир жолу “бир кызды сүйүп калдым” дегенинен атайын ал кыздын үйүнө чейин барып, апасынан өзүм уруксат сурап сүйлөштүргөм. Жүрөктөн сүйгөн эмес окшойт. Унчукпай калды.
Ильяз: – Сүйүү ырларын созгонум менен, сүйбөйт экенмин. Туулган күндү эркекче тостум да. Анын үстүнө байкелеримдин жанында кыз жандаган уят.
Ильяз, чыгармачылыкта талбай эмгектенип, чын сүйүүңө жет.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Simpotka
2010-02-02 11:26:42
Jakshi tosuptursun.
0
Raketa
2010-03-13 04:40:25
Молодец братишка,кызсыз деле сонун болот озун айткандай эркекче,мен да ошентип жакында тостум эле.
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан