Кыргыз шоу дүйнөсү
Мына ошентип,бир нече айга созулган сынагыбыз да аягына чыкты. Мисирге барып эс алып келүү бактысы Жамиля аттуу сулууга буюрду. Жамиля СМС билдирүү жана www.super. kg сайты аркылуу жүргүзүлгөн добуштар боюнча 2630 добушка ээ болуп, “Супердин сулуусу – 2009” сынагынын жеңүүчүсү деп табылды.
– Жамиля, жеңишиң кут болсун!
– Рахмат! Жаңы жолборс жылын тосуп жатып Аяз атадан “мага жардам бере көр” деп тиленгем. Үнүм ага жеткен окшойт, минтип жеңүүчү болуп кубанычым коюнума батпай турат (күлүп).
– Өзүңдү “Супердин сулуусуна” татыктуу деп эсептейсиңби?
– Албетте.
– Сынакка катышууңа ким түрткү болду?
– “Супер-Инфо” гезитин үй-бүлөбүз менен сүйүп окуйбуз. Негизи, бул сынак тууралуу кабарым бар болчу. Ошондуктан катышып көрсөмбү деп жүрчүмүн. Досторум да “өзүңдү сынап көрбөйсүңбү?” дешкенинен улам сынакка катышып көрүүнү чечкем.
– Буга чейин сулуулар сынагына катышып көрдүң беле?
– Бул менин биринчи дебютум. Анткени буга чейин сулуулар сынагына катышып көргөн эмесмин. Бирок “Famous” моделдик агенттигинде окуп жүргөндө бир нече көрсөтмөлөргө катышып, подиумда моделдик кызматты аркалап көргөм.
– Ачыгын айтчы, өзүңө добуш бердиңби?
– Өзүн сыйлай алган адам, өзгөлөрдү да сыйлай алат демекчи, албетте, өзүмө добуш бердим. Мындан сырткары ата-энем, бардык туугандарым, досторум толугу менен колдоо көрсөтүштү. Учурдан пайдаланып мага жан тарткандардын баарына ыраазычылык билдирем.
– Буга чейин чет өлкөгө баргансыңбы? Мисир тууралуу маалыматың барбы?
– Мектепте бий тобу бар болчу. Ал топтун курамында бийлечүмүн. Ошондо бий топ менен бирге Араб Эмираттарына барып келгем. Ал эми Мисирдин тарыхый эстеликтерине аябай кызыкчумун. Өзгөчө пирамидаларды өз көзүм менен көргүм келчү. Эми мындай мүмкүнчүлүктү “Супер-Инфо” гезити түзүп бергенине рахмат айтам.
– Жамиля, анда сага ийгилик. Жакшы эс алып кел!
Шарипа Бекташова
star@super.kg