ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ТЕХНОЛОГИЯДА
Таймлапс
– англис тилинен алынган, бизче time – «убакыт», lapse – «өтүү», «бүтүү» дегенди билдирет. Бул бир ыраатта жасалган, белгилүү бир интервалда тартылган сүрөттөрдү бир катарда видео кылуу. Жөнөкөйлөтүп айтканда, таймер менен тартылган бир канча сүрөттөрдү видео кылып айкалыштыруу. Таймлапс сүрөт менен видеонун так ортосунда десек болчудай. Мында сүрөттөрдүн интервалы бир канча секундадан бир канча сааттарга чейин болушу мүмкүн. Таймлапста көбүнчө бир эле орундан сүрөттөр тартылып алынат. Мисалы, шаардын бир күндүк жашоосун чагылдыруу, күндүн батышы-чыгышы жана башка. Кезинде таймлапс интервалдык сүрөт, цейтрафердик сүрөт деп аталып, илим жаатында жай жүргөн процесстерди изилдөө үчүн колдонулган. Учурда таймлапс жаратылыш, кино, жарнактык роликтерди тартууда да кеӊири колдонулуп келет.

ИНТЕРНЕТТЕ
Флейм
– интернет айдыӊындагы колдонуучулардын сөз менен урушушу же бири-бири менен болгон айтышы. Флеймди «уруш үчүн уруш» деп да атап коюшат. Бул терминди англис тилинен которгондо «от, жалын» деп которулат. Бардыгы жөнөкөй тамаша иретинде айтылган же жөнөкөй троллингдин аягы флейм менен бүтөт. Анткени көбүнчө виртуалдык аӊгемелештин бирөөсү таарынганда мындай «жалын» пайда болот. Интернеттеги айтыштар саясат, спорт, оюн, кино жааттарындагы талашып-тартышуудан келип чыгат. Мындай учурда флеймди жараткандар сайттын модератору тарабынан жазаланат.

КООМДО
Воркшоп
– үйрөтүү үчүн атайын өткөрүлгөн иш-чара. Башкача айтканда, тренинг, семинардын бир түрү. Англис тилинен сөзмө-сөз которсок, «иш устаканасы» деп которулат. Башкалардан өзгөчөлүгү – мында топто иштөөгө басым жасалып, андагы ар бир катышуучунун өз алдынча активдүү болуусу, тажрыйбасы менен бөлүшүүсү керектелет. Мындай иш-чаралар көбүнчө ири ишкана, бизнес компаниялардын кызматкерлерине өткөрүлөт. Воркшоптун алып баруучусу катышуучуларга иштин максатын, чоо-жайын түшүндүрүп берет. Мисалы, компания оор кырдаалга туш келди деген тапшырманы койсо, воркшоптун катышуучулары бул жагдайдан кантип чыгуу керектигин чечүүсү керек. Убактысы бир канча сааттан бир аптага чейин болуусу мүмкүн.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан