ЛЫЖА ТЕБҮҮ СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ

Караколдогу аба ырайы Бишкектегиден кескин айырмаланат. Тоолуу «Каракол» курортунун кластериндеги айрым жерлеринде кала берсе жалбырактар түшө элек. Бирок бир аз жогоруласаӊ деӊиз деӊгээлинен 2300 метр бийиктикке чыгасыӊ. Ал жердеги бийиктикте бир нече метрге жеткен кар жатат. Кыштын келиши менен MegaCom уюлдук оператору кышкы спортту жана жигердүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу маанай тартуулап, «Каракол» лыжа тебүү базасында кышкы сезондун расмий ачылышын өткөрүүгө демөөрчү болду. Спорттук мелдештерге катышкандар жана спорт сүйүүчүлөрү уюлдук оператордун белектерине ээ болушту.


АЧЫЛУУ АЗЕМИНДЕ ЭЛ КӨП БОЛДУ
Жаратылыш коюнунда эс алууну каалагандарга мыкты белектер менен кошо жагымдуу маанай тартуулаган MegaCom уюлдук операторунун желеги деӊиз деӊгээлинен 2300 метр бийикте жайгашкан «Каракол» лыжа тебүү базасында желбиреди. MegaCom компаниясы таза абаны, спортту, сергек жашоону айкалыштырган иш-чараны чын дилинен колдоп келет. Кыш мезгилин сүйгөндөр биринчи кардын жаашын чыдамсыздык менен күтүшсө, кышкы экстримди жана убактысын таза абада өткөрүүнү каалагандар тоо лыжа сезонунун ачылышын күтүшөт. «Каракол» курортунун расмий ачылышында кичине-чоӊ дебей көп эл чогулган. Алардын арасында чаӊгычылар, сноубордчулар, чана тебүүнү жактыргандар жана жөн гана бет каарыган аяздуу абадан дем алууну каалагандар да болушту.

MEGACOM ӨЗГӨЧӨ МАЙРАМ ТАРТУУЛАДЫ
Гиганттык слалом мелдеши боюнча мега ылдамдыкта баары – лыжачылар жана сноубордчулар, профессионалдар, жаӊыдан үйрөнүп баштагандар жана балдар өз күчүн сынай алышты. Жалпысынан мелдешке 60 лыжа тебүүчү катышты. Бул жерде Казакстандан келген туристтер менен Кыргызстандын ар кайсы булуӊ-бурчунан келген эс алуучулардын ортосунда тымызын таймаш жүргөндүгү байкалды. MegaCom компаниясы тарабынан жарыяланган байге фонду мелдешке болгон кызыгууну арттырып, чогулгандарга майрамдык маанай тартуулап, жаратылыш жымжырттыгын бузуп, айлананы өзгөчө майрамдык шаӊга бөлөп жатты.
«Трасса эми укмуш, жөн эле фонтан. Мен өз учурунда лыжа тагып спорттун бул түрү менен машыга баштаганыма эч өкүнбөйм. Биринчиден, бул ден-соолук, экинчиден, жумуштан кийинки бош убакытты өткөрүүдө мындан артык нерсе барбы? Уюштуруучуларга жана MegaCom компаниясына сонун майрам тартуулаганы үчүн жана бүт сезонго мыкты маанайды камсыз кылганы үчүн рахмат»,- дейт лыжачы Азамат.
Ал эми Тажикстандан келген Фархат мындай оюн билдирди:
– Мен Тажикстандан келгем, MegaCom`дун роуминги менен дайыма колдоном, байланышы сонун. Уюлдук оператор спортту колдоп, кышкы сезондун ачылыш-жабылышын өткөрүп жатканы кубандырат. Кыргызстандын жаратылышы эле эмес, адамдары да сонун.

«ЫӉГАЙЛУУ ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ»
Пьедестал тепкичин кыргызстандыктар менен казакстандыктар бирдей бөлүп алышты. Жеӊүүчүлөрдүн баарын компаниянын башкы директору Азат Базаркулов өзү куттуктады. Компания жетекчисинин билдиргенине караганда, бул аймакта байланыштын мыкты сапатын камсыз кылуу үчүн модернизациялоо жана жабдыктарды кеӊейтүү иштери такай жүргүзүлүп жатат. Бул жерде кыстырма катары айта кетсек да болот, MegaCom операторунун мобилдик интернети дагы бат ылдамдыгы менен кубантып турду.
Азат Базаркулов, MegaCom компаниясынын башкы директору:
– MegaCom компаниясы өз принциптерине бекем туруп, спортту жана сергек жашоону колдоп келет. Ошол эле учурда MegaCom мекендештерибизди сапаттуу мобилдик байланыш менен камсыздаган ишенимдүү оператор катары таанымал. Ала-Тообуздун бермети болгон Ысык-Көл аймагында сапаттуу байланышты камсыздоо менен, өз кезегинде эс алуу үчүн да, ишкерлик үчүн да абдан ыӊгайлуу шарт түзүүдө. Компаниябыз сапаттуу байланыш үчүн жогорку ылдамдыкты жана эркин баарлашууну камсыздайт. Ошол себептен жыл сайын компаниянын техникалык адистери тарабынан байланыш каналдарын кеӊейтүүгө байланышкан жумуштар байма-бай аткарылып келет.
Лыжа категориясы боюнча жеӊүүчү Олег Трубенко (Кыргызстан):
– MegaCom компаниясы спортту колдоп жатканын бир нече жолу байкадым. Бул жакшы көрүнүш. Байланыштын жогорку деӊгээлде болгону дагы абдан маанилүү. Бир топ позитив жана жагымдуу эмоцияларды алдык,- дейт.
Ошентип кышкы сезон ачык деп расмий түрдө айта алабыз. MegaCom болсо өз кезегинде кыргызстандыктардын жана мекенибизге ат арытып алыстан келген меймандардын дүйнө жүзүнүн каалаган жери менен байланышта болуусуна, жаӊылыктары, таасирлери жана эмоциялары менен бөлүшүүсүнө кам көрүп келүүдө. MegaCom – спорт жана сергек мүнөздөгү жашоо үчүн!

Лыжа боюнча мелдештин жеӊүүчүлөрү.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан