ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ

1990-жылы жарыкка чыккан “Үйдө жалгыз” фильми тартылганына 16 жыл болсо да жаш балдардын да, ата-энелердин да сүйүп көргөн тасмасына айланып келет. Режиссёр фильмди эл жакшы кабыл алганын көргөн соң, ушул сындуу эле фильмди тартууну көздөйт да, 1992-жылы “Үйдө жалгыз-2” тасмасын тарткан. Ойлогондой эле бул тасма да популярдуулукка ээ болот. Муну көргөн башка режиссёрлор ушул эле идеянын негизинде “Үйдө жалгыз-3” жана “Үйдө жалгыз-4” тасмаларын тартышат. Бирок, бул тасмалар биринчиси сымал популярдуу болбойт. Ал эми “Үйдө жалгыз” тасмасы “Эң мыкты музыка үчүн”, “Эң мыкты ыр үчүн”, “Эң жаш актёр”, “Эң мыкты үйбүлөлүк фильм” сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Аталган фильм бир жыл ичинде Америкада 300 миллион доллар топтосо, дүйнө боюнча 200 миллион доллар топтогон.

Фильмдин режиссёру – Крис Коламбус Сценарийин жазган – Жон Хьюз Продюсерлери – Данкан Хендерсон, Жон Хьюз, Марк Рэдклифф
Башкы ролдордо: Кевин МакКалистер – Маколей Карсон Калкин,
Хэрри
– Жо Пешши,
Марвин
– Дэниэл Стерн,
Кейт МакКалистер
– Кэтрин О”Хара,
Питер МакКалистер – Жон Херд.

ЭҢ ЖАШ «ПЕНСИОНЕР» АКТЁР

«Үйдө жалгыз» фильминдеги ролу үчүн дүйнөдө популярдуу болгон жылдыз Маколей Карсон Калкин 1980-жылы 26-августта Нью-Йорк шаарында жарык дүй­нөгө келген. Ал 4 жашында эле реклама роликтерине тартыла баштаган. 6 жашынан баштап фильм­дерге чакыруулар түшкөн. Анын тартылган фильмдеринин эң эле популярдуусу “Үйдө жалгыз” фильми. Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин аб­дан көп фильмге тартылып, өзү­нө эле эмес, үйбүлө­сү­нө жетээрлик акча топтойт да, тасмага тар­тылуусун токтотуп, ардактуу “пенсияга” кетет. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнө­сү­нө такыр кайтып келбөөнү ойлойт. Бирок, 2004-жылы 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” деген фильмге тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келет.

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ

Чикаго штаты. Эл катары турмуш кечирген үйбүлөдөгү 8 жашар Кевин аттуу бала абдан тентек болгондуктан, ата-энеси аны башка балдары сыяктуу жак­шы көрө беришпейт. Америкалыктардын салты боюнча Кевиндин үйбүлөсү да башка үй­бүлөлөр сыяктуу Рождество май­­рамын башка шаарда, Парижде тосууну пландайт. Эртеси аэропортко шашкан ата-эне Кевинди үйдө унутта калтырышат. Ата-эне бир баласы жок эке­нин Парижге жеткенде гана эстешет да, баласы үчүн абыгер чегип, кайра кайтып келүүгө аракет жа­са­шат. Бирок, Рождество майрамын башка шаар­лар­дан же өлкөлөрдөн тосууга ниеттенген үйбүлөлөр көп болгондуктан, самолётто орун калбай калат да, дароо Чикагого кайтып келе албай калышат. Ошентип, эки кабаттуу заңгыраган үйдө жалгыз калган Кевин коркпостон кадимкидей өз алдынча жашоосун баштайт. Ошол маалда көпчүлүк үйбүлө­лөрдүн Рождество майрамын бөлөк жактан тосууга кеткенинен пайдаланган Хэрри жана Марвин аттуу эки ууру Кевиндин үйүнө ууру­лукка киришет. Бирок, алар өздөрү күткөн­дөй болуп Кевиндин үйүн башка үйлөр сыяктуу тоноп кете алыш­пайт. Анткени, Кевин тапкычтыгы, айлакердиги менен уурулардын өздөрүн кыйынчылыксыз эле капканга түшүрөт.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ

Фильм 1990-жылы тартылган. Режиссёр Америка элине Рождество майрамы үчүн белек боло тургандай тасма тартууну ойлойт. Фильм тартууну пландап жатышканда Кристин жазуучу досу Жон Ха­жес: «Сце­нарийде үй­дө 8 жашар баланы унутуп калышса кандай болот?» дейт. Идеяны жактырган режиссёр ошол эле жерден башкы ролго 8 жашар бала издей баштайт. Жон Хажес ага Ма­колей Калкинди сунуштап, ал тартылган “Бак байке” де­ген фильмди көрүүнү сунуштайт. Аны көрүп чыккан Крис дароо эле: “Жок, бул бала такыр жарабайт. Бала бирдемени аткар десе аша чаап аткарат экен” деген оюн айтат. Антсе да Жон Хажес режиссёрду эгер бала на­чар аткарса, фильмдин бардык чыгымын өзү төлөөрүн айтып, көндүрөт. Жон кийин бул жө­нүн­дө “Баланын көзүнүн кү­йүп турганын көрүп, мындан бирдеме чыгат деп ойлогом. Эң негизгиси, мен досумдун алдында уят болгон жокмун” деген.
Маколейди тасмага тартылууга чакырганын уккан атасы режиссёрго Маколейдин иниси Кьерен агасына абдан жакын экенин айтат. Эгер экөө бир күн көрүшпөй калышса, иниси оо­руп калаарын, ошондуктан, иниси Кьеренди да тасмага тартууну айтып суранат. Бул үчүн бир ты­йын акча сурабасын да белгилеп кетет. Режиссёр буга макул болуп, Кьеренге Кевиндин алыс тууганы Фулер аттуу баланын ро­лун берет. Тасма тартылып бүткөндөн кийин Маколей менен Кьерендин атасы айткан сөзүнө турбай Кьерен үчүн да акча талап кылат. Режиссёр ал үчүн ак­ча төлөбөсүн айтканда балдардын атасы Кит Калкин аны жаш балдарды акысыз киного тартып, пайдасын көрүү­дө деп сотко берет. Иштин татаалдашып кетишинен корккон ре­жиссёр анын айткан акчасын тө­лөп берет.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Маколей Калкин тартылган бул фильми үчүн 8 миллион дол­лар гонорар алган. Бул сумма 1990-жылдардагы эң жогорку суммадагы гонорар болуп эсептелет.
  • Фильмдеги оюнчук сатылган дүкөн “Данкандын оюнчук саткан дүкөнү” деп аталат. Бул дүкөн фильмдин продюсеринин урматына ушинтип аталган.
  • Режиссёр Крис Коламбустун кызы Элеонора Коламбус тасмада эпизоддук роль жараткан. Ал дүкөндөгү эң кичинекей сатып алуучунун ролун жараткан.
  • Маколей үчүн фильмге тартылуу такыр кыйын болгон эмес. Тескерисинче, ал тасмага тартылганды абдан сүйчү. Ал начар жашаган үйбүлөдөн келгендиктен, фильмдеги сонун үй­лөр­дө жашап, роль аткаруу ага жомок сыяктуу сезилээр эле.
  • Фильмге үйдүн 2-каба­тынан 1-кабатына секирип түшүүдө гимнаст баланы чакырууну план­дашат. Муну уккан Маколейдин атасы Кит Калкин абдан ачууланат. Себеби, ал уулуна төлөнчү гонорардын бир бөлү­гү гимнаст балага төлөнөт экен деп түшү­нүп алат. Съёмкалык топ Китке гимнаст балага өзүнчө гонорар төлөнөөрүн түшүндү­рүш­сө да ал баары бир бул ишти баласынын жасай алаарын айтып режиссёрду көндүр­гөнгө ара­кет кылат. Анын мындай кылганынын бирден-бир себеби, кө­бү­рөөк акча табуу болгон.
  • Маколей Майкл Жексондун эң жакын досторунун бири болуп саналат. Майкл Жексон жаш балдарды зордойт экен деген жа­лаа менен камалганда бир гана Маколей анын мындай ишке барбасын айтып коргоп чыккан.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
alexandra
2010-11-26 00:09:58
Urmattuu Ayim Sarieva, Chicago shtat emes, shaar
0
Jann
2012-01-20 18:19:52
Оо, соонунда, кайра-кайра коргондон тажабайсын!
0
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан