(Башы өткөн сандарыбызда)
– Окууга өткөзгөнүңдү милдет кылып кечке акыл үйрөтө бересиңби?!- деди Тилла бир убакта.
– Эмне дедиң, бул сөз каяктан чыкты?! Мен мурдагы окууңа да, бул окууңа да жардам бергем. Аны милдет кылбаган чакта да айтууга акым бар. Мен сенин курбуңмун!- дедим жаным күйүп.
– Канат “Сен эмнеге Маликанын айтканынан чыкпайсың, ал сага эмне, башчы беле? Өзүнө окшоп сен да өкүм сүйлөбөйсүңбү, унчукпай жүрө берет экенсиң” деп жатат,- деп Тилла күңк-мыңк этти.
– Канча жыл достошуп келаткан курбуңдан бүгүн бар да эртең жок Канаттын сөзү сага сөз болуп калган болсо, бүгүндөн кийин мага чакчаңда анда!
Бул учурда Бактияр келип калды.
– Жаным, аябай курсагым ачты. Чай-пайың барбы?- деди белимден кучактап, жүзүмдөн өөп.
– Сенин курсагың ачса, анда даяр кылууга туура келет,-дедим моюнуна асылып.
Тилла бизге бир тигилип карады да, сыртка чыгып кетти. Анын Канаттын жанына кеткенин айттырбай сездим. Дасторкон даярдап, экөөбүз тамактанууга отурдук.
– Бүгүн эмне иш кылдың? Бактияр адатынча “тергөөсүн” баштады.
– Университетке барып ректорго жолуктум.
– Жаңылык барбы? Тилланын маселеси оң чечилеби?- деди ал кабатырлана.
Анткени Тилланы мурдагы иштеген жеринен алган жолдомосу жараксыз делинип, аны окуудан четтетүү буйругу күтүп турган. Ошон үчүн курбум эптеп окуп калса экен деп далбастап жүргөн учурум эле.
– Ректор азырынча контракттык келишимди сунуштап жатат. Бирок Тилланын ага мүмкүнчүлүгү жок экенин түшүндүрдүм эле, ал “бюджеттик бөлүмдө калтырууга аракеттенип көрөйүн” деди.
– Эмне, сен барган жердин баары эле айтканыңа макул болушат?
Бактияр чачымдан сылаган тейде өңүн өзгөртүп бир башкача сурады.
– Бул кандай суроо? Жакшылап сүйлөшсөң баары макул болот да.
– Ректор, начальник...Канча киши менен сүйлөшүп жатасың?!
– Бактияр, түшүнсөң, алар менен акыйнек айтышып жүргөн жокмун да...
– Билбесем, чоңдор менен иштешкен, аларга сөзү өткөн кыздар башкача болот экен...
– Кандай болот экен?!
– Көңүлдөш болот экен!
Бактияр столду бир муштап, ачуулангандан жүзү бузулуп кетти.
– Мунун мага кандай тиешеси бар?!
– Кечээ достор менен сүйлөшүп отурсак, “чоңдор менен иштешкен кыздардан алыс жүрүү керек, андай-мындай” деп көп сөз айтышты. Сага тийиштирип жаткандай сезилип, өзүмдү араң кармадым.
– Антип ким айтты?
– Канат.
– Эмне... Эмне эле баарың “Канат айтты”, “Канат минтти” деп калгансыңар? Же баарыңдын башың Канатка өтүп калганбы?
– Малика... Укканымды айттым да. Ошого да ушунча болосуңбу? Мен сени билем го,- деп айланчыктап калды.
– Билесиң, ооба... Бирок силерге мен жөнүндө башкалар билдире башташыптыр. Мунун аягы кандай болор экен?..
– Башкасын кой, өзүң жумуш таптыңбы?
Бактияр бир аздан кийин ачуусу таркап, мага жалооруй карады.
– Эки жерге документимди тапшырып койгом. Университеттеги иштеримди бүтүрсөм эле жумушка орношом.
Ошентип, учкан куштай күндөр биринин артынан бири өтүп жатты. Бир күнү Бактиярдын бөлмөсүн жыйнап жатып чөнтөк дептерчесине кызыгып окуп калдым. Апасына арналып жазылган ырлардан башка ар кандай тартылган сүрөттөр бар экен. Анын сүрөт тартарын билген эмес элем. Кызыгып барактай баштадым. Барактардын бирине кыздын сүрөтүн тартып, астына “Асел, мен сага баары бир жетем!” деп орусча жазып коюптур. Муну көргөн соң кызгануум күчөп, ачууланып чыктым. Бактиярдын мени жаным деп эркелетип, ичинен башка кыз үчүн түйшүк тартып жүргөнүн эстеген сайын өзөгүм өрттөнөт. Бактияр келсе эле ушул дептерче менен бетине бир чаап жибермекке даяр болуп, бөлмөсүн бүт чачып салдым. Эми ошол Асели келип бөлмөсүн жыйнап, кийимин жууп, даярдап берсин. Жалгызым деп койгонучу уялбай! Ансыз деле айылдагы карындашы менен телефондон сүйлөшүп жатканда анысы “Шахло эжеке салам айтты” дегенин угуп, канча ирет таарыныштык. Бактияр ал кыз менен илгери мамиле курганын, бирок ал турмушка чыгып кеткенин, азыр бир гана мени сүйөрүн айтып кутулган.
Кечке жуук Бактияр келди. Адатынча кучактайын дегенде түртүп салдым.
– Эмне болду, жаным? Бөлмөнү жыйнап койсоң болбойт беле?- деди таң калып.
– Мени жаным деп айтпа, менден башка жаның бар экенин билбейт дейсиңби?!
– Түшүнгөн жокмун.
– Мына, түшүнүп ал, ким бул?!- деп дептердеги сүрөттү көрсөттүм.
– Муну мен тарткан эмесмин.
– Тартпаган болсоң жазгансың, кол жазмаңды тааныбайт дейсиңби?!
– Жаным...
Ал мени кучактап, тынчтандырууга аракет кылды.
– Жаның эмесмин, ошонуңду таап жетип ал,- дедим ачуумду баса албай.
– Малика, бул сага чейинки...
– Эмне, баары мага чейинки... Шахло, Асел дагы кимдер?! Мен билбеген дагы канчасы бар?!
– Жок, жаным, эми жигитчиликте болуп турат да. Бирок учурда сенден башка эч кимим жок. Сен менин жалгызымсың!
– Актанба, жалгызың экенимди билдим!- деп токтоно албай ыйлап жибердим.
– Жаным, ар нерсеге ыйлай бересиңби? Мына, сени май айында сүйгөм, бул жерде болсо мурдагы жылдын ноябрь айында тартылган деп турат.
– Анда эмнеге сактап жүрөсүң?!
– Муну өзүм да унутуп коюптурмун, күндө карап отурат дейсиңби? Бул баракты айрып салсам, аркы жагындагысы да чыгып кетет,- деп Бактияр мага суроолуу кайрылды.
– Менин көңүлүмдөн ошол бир барак артыкпы?! Билип кой, мен деген сен алдап кетчү мектеп окуучусу эмесмин!
Ушуну айтып, өзүмдүн бөлмөмө кетип калдым. Кийин Бактияр ал баракты менин көзүмчө айрып, жаңы баракка сулуу кызды тартып башына “Малика+Бактияр” деп жазып койсо да ызам таркабай жүрдү. Күндөрдүн биринде Бактияр мага кооз шуру тартуу кылды.
– Бул кымбат шуру эмес, бирок ыйык шуру,- деди моюнума тагып жатып.
– Каяктан алдың?
– Таенем Меккеден алып келген. Апамдан сурап, атайын сага алдырдым. Карындаштарымда да бар. Сага да жагат деп ойлодум.
– Рахмат. Чын эле мен сенин жалгызыңмынбы?
– Жалгызымсың, жаным! Кана, анекдот айтып мени бир күлдүрчү?.. Көптөн бери анекдот да айтып бере элексиң.
– Бир жигит сүйүү күнүнө карата белек алмакчы болуп дүкөнгө барат. Анан дүкөнчүдөн “Жалгызыма!” деген открыткадан он даана берип коюңузчу?” деп сураптыр...
– Анан эмне болуптур?
Бактияр анекдотума түшүнбөй калды.
– Жалгызы болсо он даана открытка сатып алмак беле? Бирөөнү алмак да. Демек, ал он кызды “Сен менин жалгызымсың!” деп алдап жүрөт.
Бактияр эми гана анекдоттун маанисине жете түшүнүп, каткырып күлдү.
– Жок, мен сен үчүн бир гана открытка сатып алам. Жаным, укмуш эле анекдотторду билесиң, ээ?.. Өткөндө айттың эле го, бокс жөнүндө, ошону кайра айтчы?..
– Сага бекер айтчу куудул барбы? Балмуздак алып берсең, анан айтамын.
– Балмуздак жегиң келдиби?
– Ооба.
– Кеттик анда!
– Кеттик!
Ошентип, балмуздак жегени сейил бакка жөнөдүк.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)