«АДАМДАР КӨБҮНЧӨ ЫСЫК СУУДАН, ОТТОН КҮЙҮШӨТ»

Күйүк деген сөздү укканыбызда эле кайнак суусу бар чайнекти элестетебиз. Антсе да адамдар күйүккө түрдүү жолдор менен кабылышат. Дегеле күйүк, анын түрлөрү, күйүккө кабылганда кандай чара көрүү керек экендиги тууралуу Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн жетекчиси Бектемиров Канат баяндайт.

КҮЙҮКТҮН ТҮРЛӨРҮ
Негизинен, күйүк 3 түргө бөлүнөт:

  • Термикалык күйүк. Буга ысык сууга, тамак-ашка, майга, отко күйүү кирет.
  • Химиялык күйүк. Буга кислотага, жегичтерге (щелочь), агрессивдүү заттарга (мисалы, акиташ) күйүү кирет.
  • Электрдик күйүк. Буга аты айтып тургандай, токко тартылып күйүп калуу кирет.

Кышкысын чоңдор да, балдар да көбүнчө термикалык жана электрдик күйүктөргө көп кабылышат. Буга адамдардын үйгө от жагышы, үйдү ысытуу үчүн электрдик жылыткычтарды, колго жасалган электр плиталарды колдонушу, мештердин четинде ысык суусу бар чайнектердин турушу жана башкалар себепкер.
Электр шаймандарын туура эмес куроодон жана бузук розеткалардын айынан да электрдик күйүккө кабылгандар көп.

КҮЙҮКТҮН ӨЛЧӨМҮН АНЫКТОО
Дүйнө боюнча күйүктүн өлчөмү бирдей ыкма менен аныкталат. Тактап айтканда, адамдын алаканынын өлчөмү денесинин бир пайызына барабар деп белгиленет. Демек, алакандын өлчөмүндөй тери күйсө, дененин 1 пайызы күйдү делет.

КҮЙҮКТҮН КУРМАНДЫКТАРЫ
Күйүккө кабылган адамдар себебине жараша 4 түргө бөлүнөт.
1-түрдөгүлөр. Булар өз күнөөсүнөн улам күйүккө кабылып азап чеккендер. Мисалы, ширеңке менен ойнойм деп кийимин өрттөп, ошондон улам күйүп калган балдар. Күйүүчү май төгүлгөн жерге же идишке ширеңке чагып жиберишип күйүккө кабылган чоңдор. Мас абалында тамекисин өчүрбөстөн уктап калып, ошондон улам төшөнчүлөрү менен кошо күйүп калгандар.
2-түрдөгүлөр. Бул топко кырсыктан улам күйүккө кабылгандар кирет. Мисалы, үйдөгү газ приборлору жарылып кетип же автокырсыктан улам күйүккө дуушар болгондор.
3-түрдөгүлөр. Бул топко оорусунун айынан күйүккө дуушар болгондор (мисалы, талмасы барлар) жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин шалаакылыгынан улам күйүп калгандар кирет. Мисалы, ылдый жерге коюлуп калган ысык сүткө, кайнак сууга, майга же иштеп жаткан плиткага күйүп калган балдар.
4-түрдөгүлөр. Бул топко иш үстүндө күйүккө учураган куткаруучу кызматтагылар, өрт өчүрүүчүлөр кирет.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ

  • Күйүктүн кайсы түрү болбосун, күйгөн жерди шар аккан суунун агымына 15-20 мүнөт тосуу кажет. Болбосо, адамдын үстүнө 15-20 мүнөт тындырбай муздак суу куюп туруу зарыл.
  • Күйгөн кийимди акырындык менен чечүү зарыл. Эгер кийим күйгөн жерге жабышып калса, анда кийимди чечпөө керек. Анткени күйгөн жердеги терилер кийим менен кошо сыйрылып, тери алдындагы нервдерге, тарамыштарга ого бетер доо кетет.
  • Күйгөн жерди бинт же таза мата менен акырын таңып, ооруканага жеткирүү зарыл. Оорулууга ооруну басуучу дарыны, мисалы, анальгин, пенталгин же кетанол ичирүү туура. Эгер адамдын көп жери күйсө, анда таза шейшепке чулгап, 1 литр сууга 1 аш кашык туз кошуп ичирүү зарыл. Же болбосо газы жок суулардан ичирүү кажет.
  • Күйүктүн ордунда пайда болгон барсылдактарды жарбоо керек. Анткени ал жер ачык калып түрдүү микробдор кирип, ооруну ого бетер тереңдетет.
  • Өз алдынча ар кайсы майларды сүй­көбөө кажет. Анткени, биринчиден, тазаланбаган майдан микроб жугат. Экинчиден, күйүктөн улам дене ууланып жатса, майдагы уулар ого бетер ууланууну күчөтөт.

КҮЙҮКТҮ ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛООГО БОЛОБУ?
Эгер адамды ооруканага алпарууга мүмкүн болбосо жана күйүк I,II даражада болсо, анда алгач күйүктүн үстүн перекись водород менен тазалоо (үстүнө куюп) керек. Анан ал жерди кургатып, күйүктүн үстүнө фурациллинди (же стрептомицин, же левомиколь же синтомицид) жаап, таза бинт менен таңуу керек. Эскерте кетчү нерсе, баары бир күйгөн адамды дарыгерге көрсөтүү керек.
Эгер күйүк III же IV даражада болсо, анда адамды ооруканага алпаруу зарыл. Анткени тери менен кошо булчуңдар, кан тамырлар, нервдер кошо күйөрүн эске алуу зарыл. Мындай даражадагы күйүктү өз алдынча дарылоо майыптыкка, алтургай өлүмгө алып келиши мүмкүн.

СТАТИСТИКА

  • 2009-жылы аталган бөлүмгө 1661 адам күйүк менен (мунун ичинде 200гө жакыны 14 жашка чейинки балдар) келип түшкөн. 554 адам жатып дарыланып, 510 адамга операция жасалган.
  • 2010-жылдын 1-январынан тартып 26-январга чейин 104 оорулуу (мунун ичинен 28и 14 жашка чейинки балдар) келип түшкөн. 55 адам жатып дарыланган.

АПТЕЧКАДА ЭМНЕЛЕРДИН БОЛУШУ ШАРТ?
Үйдөгү, машинадагы аптечкада күйүккө каршы дары-дармектер (аэрозолдордон, мисалы, лиоксазол же пантенол; дары майдан спасатель; гелдерден апполо, антисептикалык даяр салфеткалар), күйгөн жерди жууп-тазалоо үчүн перекись водороддун болушу шарт.

  • Медициналык жууп-тазалоодон ө­т­көрүлгөн бинт.
  • Ооруну сездирбөөчү дарылардын (пенталгон, анальгин же кетанол), жана тынчтандыруучу дарыдан валидолдун болушу кажет.

ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!
Кийим өрттөнүп күйө баштаганда, адам өзүн жоготуп чуркабашы зарыл. Анткени шамал отту күчөтөт. Андан көрө адам жерге жатып ооналактоосу (баткакка, сууга) керек. Же көрүп калган адамдар болсо, өрттөнүп жаткан адамдын үстүнө төшөк (чоң жууркан же таар) жаап жибериши керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aiklaus
2010-02-02 04:05:57
2 shasht5agy ymyrkaidy korup shurogum oorup ketti.Myndai kichine bala bar uido chondordun katuu kosomoldoosu saryl da.Elibisde aityshat emespi bala balakatka shetkenchekti bir sherin kujgusso ene kunoolu, al emi balakatka shetken shetkinchek osu kunoolu dep.
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан