Корея
PSY`ДЫН ЖАӉЫ КЛИБИН КӨРГӨНДӨРДҮН САНЫ СУТКАСЫНА 4 МИЛЛИОНГО ЖЕТҮҮДӨ
Түштүк Кореялык ырчы PSY «Daddy» («Ата») аттуу ырына клип тартып, ал YouTube`га 30-ноябрда жүктөлдү. Бул сааттардан тарта PSY`дын жаӊы клибин көрүүчүлөрдүн саны суткасына 4 миллионго жетип жаткан учуру. Анын 2012-жылы чыккан «Gangnam Style» аттуу ырына тартылган клиби YouTube`га жүктөлгөндөн тарта көрүүчүлөрдүн саны 2,5 миллиардга жетип, YouTube`дун эсептегичи бузулуп калган эле. Мындан улам алар эсептегичин миллиарддык сан орундуктарына алмаштырып, кайрадан иштеп чыгышкан. Учурда бул рекорддук көрсөткүчтү эч ким жаӊылай элек.
PSY «Ата» ырына тартылган клибинде да «Gangnam Style» ырындагыдай кызыл килемде, чачтарачканада, лифтте, дасторкон үстүндө, ал тургай дааратканада да «фирменный» бийинин элементтерин келтирип, түрдүү костюмдар менен көрүүчүнүн оозун ачырат. Баса, быйыл ноябрь айында маалымат булактары Сеулдун бийлиги атактуу «Gangnam Style» бийинин урматына эстелик тургузарын да жазып чыгышкан.
АКШ
МАРК ЦУКЕРБЕРГ КЫЗЫНЫН УРМАТЫНА КАЙРЫМДУУЛУК КЫЛАТ
Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кыздуу болуп, ага Макс деген ысым ыйгарды. Кубанган ата 1-декабрь күнү кечинде өз баракчасына кызынын урматына тапкан кирешесинин 99 пайызын кайрымдуулук иштерине жумшаарын жар салды. Анын айтымында, каражат дүйнөдөгү бардык балдардын бирдей жакшы шартта жашашына жана адамзатынын потенциалынын өнүгүшүнө жумшалат. Ал бир нече жума мурда декреттик эс алууга чыккандыктан, иштин жаӊы ритмине түшүп, толкундануусу басаӊдагандан кийин алдыдагы кайрымдуулук иштери тууралуу кененирээк айтарын билдирген. Facebook социалдык тармагында жазылган маалыматка караганда, бул кайрымдуулук кадам алдыӊкы 3 жылга чейин созулуп, Цукерберг жылына миллиард доллардан кем эмес каражат котормокчу.
Эске салсак, Марк Цукерберг менен жубайы Присцилла Чан Гарвард университетинде окуп жүргөндө таанышышкан. Кыз-жигит болуп жүргөн дооруна алар 10 жылдан соӊ чекит коюп, 2012-жылы май айында үйлөнүшкөн.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg