Иса Өмүркулов: «КӨЗ КҮЙДҮРГӨН БОЙДОК ЖИГИТ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Бир кезде сахнаны аралап ырдаган кичинекей, томпок Иса азыр бойлуу, сындуу жигитке айланган. «Ай, эжекени» ырдаган Иса: «Мени эл учурдун хит ырларын жараткан көз күйдүргөн ырчы мырза катары кабыл алышын каалайм жана ошого умтулам»,- дейт. Чыгармачылыкка жаӊы дем менен киришип жаткан ырчы мырза буга чейин эмне менен алек болду? Жообун өз оозунан угалы.

– Салам, Иса! Жайында «Канат Култаев менен келишимдик негизде иштеше баштадык» дедиӊ эле. Кайра продюсерсиз иштешиӊе эмне себеп болду?
– Саламатсыздарбы? Негизи, Канат байке кичине кезимден бери мага жардам берип келет. «Экөөбүз мурункудан да тыгыз иштешели» деп барсам, «сени эл тааныйт, өзүӊ эле иштей бербейсиӊби» деген. Ага карабай иштешели деп туруп алдым. Аны менен 1 жылдай иштешип, ал «биринчи кезекте келбетти караш керек» деп мени спорт залга жөнөттү. Кийинчерээк жумушу көп болгондуктан келишимсиз эле жардам бере турган болду.
– Чын эле арыктап, көз күйдүргөн жигит болуптурсуӊ. 20 килограммга арыктоо оӊой болбосо керек?
– Ооба, мурун салмагым 102 килограмм болчу. Азыркыдай формага жетүү оӊой болгон жок. Диета кармадым, спорт менен машыктым, чуркадым. Акыры өзүм каалаган жыйынтыкка жеттим.
– Көз арткан кыздар да көбөйүп жатса керек?
– Толтура кыздар менен сүйлөштүм. Бирок элге жарыя кылгыдай олуттуу мамиле боло элек. Чыгармачылыкка киришип, мындан да жогорку тепкичке көтөрүлгүм келет. Анан да орусча айтканда, учурдун «завидный женихи» болсом дейм. Ал үчүн мага сырткы келбет, байлык анан атактуулук керек. Кудай буюрса, келбетим жайында, бай болуш үчүн жакында бизнес баштасамбы деп турам. Ал эми атактуулук үчүн Кудай мага үн бергенден кийин талантымды пайдалансам максатыма жетем.
– Көз күйдүргөн ырчы мырза болгондон кийин кыздарга талаптарыӊ да күчтүү боло баштадыбы?
– Чынында, азыр кыздарга талабым өзгөрдү. Мурун сулууланып боёнгон эрке кыздар жакса, азыр алардын кызыгы жок. Мага боёнбогон, жөнөкөй, акылдуу, түшүнүктүү кыздар жагат.
– «Гүлзар» деген ырыӊ хит болуп турган кезде сени менен байланышуу кыйын болуп калган эле. Ошондо чын эле атактуулуктун айынан манчыркап кеттиӊ беле?
– 5-класстан бери сахнада жүрүп, буга чейин «жылдыз» оорусу менен ооруп бүткөм. «Гүлзар» ыры хит болуп турганда чакыруулар аябай көп болду. Күнүнө 4-5 жерге чакырышчу. Чет өлкөгө, Ош, Бишкекке каттап жүрдүм. Досума чалсам «Гүлзар», базарга барсам, маршруткаларда да ошол ыр. Бүт жак «Гүлзар» болуп кеткен. Бирок мен өзгөргөн жокмун. Ишенбесеӊер, «Иса өзгөргөн жок» деп досторум деле айтат.
– Балакай Исаны башка өӊүттөн тааныткан ырыӊ кандайча жаралган?
– Ал ырды 15 жашымда жаздыргам. Сиз айткандай, мурунку томпок Иса эмес, бой жеткен мырза болгонумду көрсөткүм келди. Ырды Эрнест Уметалиевден 1000 долларга сатып алып, текст жаздыруу үчүн ар кимге бардым.
Көӊүлүмө жаккан текст чыкпай, акыры Кыялбек Урманбетовго кайрылгам. Ал байке 5 айда жазып бүтүрдү. Бир жолу барсам, «Гүлзар, араладым» деген саптарынын ордуна «Чаптым, чагылгандай» деген сөз болчу. Ырдап көрсөм окшошпойт, анан «дагы көрүӊүзчү, мен көптөн бери эми жаӊы ыр чыгарып жатам. Ал ырым сонун болуш керек» деп кетип калгам. 3-4 айдан кийин келсем, мен күткөн ыр жаралыптыр. Ошондо эле бул ырга үмүтүм чоӊ болчу.
– 2 жыл эс алууда жүргөндө каражатты кайдан таап жаттыӊ?
– Ишенесизби, мени ушул убакка чейин аталган ырым багып келет. Тойлорго барсам, дагы деле «Гүлзарды» ырдачы» деп суранышат. «Жаӊы ырымды ырдайын» десем да суранып туруп алышат. Күнүгө тойлорго чакыруу болуп жатты. Андан тышкары үгүт маалында партияларга да иштеп калдым.
– Маегиӊе рахмат. Мындан аркы чыгармачылыгыӊа ийгилик!

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Иса: “Мурда кыздардын сулуулугуна карачумун”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Izdeim_seni.
2015-12-14 13:47:49
Бай болом дебей кудайдан ден соолук сура,бай болгур дессссе.
+9
aiba_00
2015-12-14 14:25:40
Ушу Гулзааар деп башталганда эле откозуп ийер элем, такыр уккум келчи эмес дагы деле уккум келбейт тажжаткан ыр, терпеть не могу ар кимдин табити ар башка да эми, копторго жакса керек суранып укса элдер.
+5
Afina
2015-12-14 15:03:55
ийгиликтерди каалайм! ойлогон ой максатына жетип, Кыргызстандын атын чыгараарына ишенебиз!
0
asad345
2015-12-14 15:23:03
коз куйдургон бойдок болом дебей уйлон братишка
+1
zara-919
2015-12-14 18:27:24
aiba_00 , боорду эздиңиз го... :) мен да өткөрүп жиберчимин. бирок Иса жакпайт дегендик эмес ошо ыры жакпайт.
-2
Angel92
2015-12-14 18:53:34
Жастин Биберди туурайт.Бай,коз куйдургон бойдок болгусу келгени да ошондон го...
+1
nico94kg
2015-12-14 21:17:46
You are the best love you)))))))))))
-1
Neizvestno777
2015-12-15 01:14:31
Бул ким эле)))
+1
mirlanchik9
2015-12-15 02:10:59
Бул ырчы кундо тойдо журсо ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-12-15 10:27:18
mirlanchik9, мазактоодон алыс болуңуз!
0
jamal1993
2015-12-15 21:54:18
Азаматсын Иса алга!
0
Gulnaz.GS
2015-12-16 19:58:21
Дагы арыкта бираз
0
messi_1987
2015-12-17 15:39:14
эмне коз куйдургудой асмандан тушуптурбу не эл катары эле адамго!!!
0
mmdina2013
2015-12-18 02:04:23
Ech kandai maktanych jok.Bilimduu inteligent jigit.Udachi!
0
admin_superstan
2015-12-18 10:20:17
mmdina2013, сын-пикирлерди, сунуштарды тиешелүү бөлүмгө жибериңиз!
0
akuna.matata
2015-12-20 12:15:35
Азаматсын Иса иштерине ийгилик
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан