(Башталышы өткөн сандарда)
Арууке унаанын арткы орундугунда учу-кыйыры көрүнбөй жаткан талааны тиктеп келе жатты. Маанайы суз. Алдыӊкы орундуктагы ата-энеси да үн-сөзсүз келе жатышат. 1 ай мурун аны Казакстанга алып келишкен, ошондон бери ооруканаларда жүрүшөт. Мээсинде залалдуу шишик бар дешти. Операция кылуу да кооптуу экен. Адегенде муну укканда кыз да, ата-энеси да эмне кыларын билбей калышты. Ыйлашты. Азыр да ыйлап келе жатышат. Болгону ар ким өз-өзүнчө дилинде, жүрөктөрүндө ыйлап жатышат. Булар бири-бирин аяп көз жашты көрсөтпөгөнгө үйрөнүп калышты. Эми Кыргызстанды көздөй сапар тарткандагылары.
«Эми кантебиз? Ушинтип чырактай кызымдан айрылып каламбы? Кимге жамандык кылдым эле? Эмнеге мындай болду? Кантип эле дарылаганга болбосун? Байкушум, же бир кишиге жамандыгы болсочу. Кайдан гана ушул оору жабышты экен?» Рулда бараткан Аруукенин атасы Кадыр өзүн жеп жатты. Анын жанында отурган Калия да түмөн ойлордун учугун таппай баратат. «Сенден көрө мен ооруп калсамчы. Кудай, ошол дартты мага берсеӊ болмок» ичинен кайталаганы ушул. Арууке болсо телмирип сыртты тиктеп келе жатып өзүнчө жылмайып алды. Жанарын эстегенде жүзүндө жылмаюу пайда болот. Бирок аз өтпөй кайра ыйлайт. Жинденет. Тагдырын сөгөт. «Сен! Ким болсоӊ дагы! Ата-энемди ушинтип сыздатпай, 1 күндө эле жанымды албайт белеӊ! Мени Жанарга жолуктурбай туруп оорутпайт белеӊ! Адамдар алсыз экенбиз. Эч нерсеге ээ эмес экенбиз. Жакындарымды азапка салгым келбейт, уктуӊбу? Эмнеге мен? Эмнеге менин ата-энем кыйналышы керек? Эмнеге эӊ жакшы көргөн жамгыр кишим менен бир болбошум керек? Эмнеге? Толтура кылмышкерлер, ичкичтер, баӊгилер жүрөт го. Эмнеге ошолордун бирөөсү эмес? Эмнеге эч кимиси жок, таш боор, адам өлтүрүүдөн кайра тартпаган акмактар эмес? Эмнеге мен?» Жооп таба албайт.
Кыргызстанга таӊкы саат алтыларда кирип келишти. Жанар экөө баскан сейил бак, жолдор, алыстан көрүнгөн окуу жай... Унаанын терезесинен ушунун баарын көрүп бара
жатты. Кусаланды. Ыйлагысы келди. Бир чети сүйүндү. Анткени Жанарды көрсөм дегенде эки көзү төрт.
Үйгө киришкен соӊ Арууке бөлмөсүнө кирип эшигин ичинен бекитип алды. Үн-сөзсүз бири-бирин караган ата-эне шуу үшкүрүп өз бөлмөсүнө кирип жайгашышты. Жолдон чарчашкан экен, уктап калышты. Арууке ушуну эле күтүп тургандай, күрмөсүн кийип акырын сыртка чыгып кетти. Ал тезирээк Жанарын көрбөсө болбойт.
ххх
– Уйкучу-у...Уйкучу-у...Ойгон! Ойгончу эми! Аяз кыз келди,- Арууке кыткылыктап таттуу уйкудагы Жанарды ойготуп жатты. Жанар ары оодарылып жатып алды. Бирок дароо чочуп кеткендей шарт артка бурулуп, көздөрү тостоё туруп калды.
– Сенби?
– Аяз кыз келди деп жатам го,- Арууке кыткылыктап күлдү. Жанар көргөн көзүнө ишенбей тура берди.
– Бол эми, кучакта мени!
– Кайда жүрдүӊ?- деди жигит эми эсине келип ойгонгондой.
– Маанилүү эмес. Келчи кучакташалы, сагынып кеттим.
Жанар Аруукени бекем кучактады.
– Мен да сагындым. Келбесеӊ жакында жиндиканага түшмөкмүн. Чын эле кайда жүрдүӊ? Эмнеге телефонуӊ өчүк? Үйдө да жоксуӊ. Тынччылыкпы деги?
– Жанар, романтиканы бузбачы. Биз сагынышкан жуптардай көпкө үн-сөзсүз кучакташышыбыз керек. А сен тынбай суроо берип жатасыӊ. Тынч бол!
Жигит жылмайып алды. «Эркем келди» деди ичинен.
– Мени сагындыӊбы?- деди Арууке кыйладан кийин.
– Ооба, ооруканадан чыгып эле сенин үйүӊө бардым.
– Жанар, кел, ооруканалар тууралуу сүйлөшпөйбүз. Экөөбүз кабылган ал жаман күн тууралуу дагы. Сага кыска гана айтып берем. Мен башка жакта ооруканада болдум. Азыр баары жакшы. Бирок эстегим келбейт. Ушул жерден чекит коёбуз, окей?
– Мейли, мындан кийин ооруба, ээ?- Жанар көп нерсени сурамак, бирок бул ирет Аруукесинин эркине баш ийди.
– Баса, мен 10-15 күн сенин үйүӊдө жашап турам.
– Сонун болот. Үйдөгүлөргө айтып койдуӊ да, ээ?
– Айтып коём.
– Эч нерсе дешпейби?
– Эмне, сен мени үйүӊө жашаткыӊ келбей жатабы?- кыз кабагын бүркөмүш болуп койду.
– Сага үйлөнгүм келип жатат. Келе жаткан күздө үйлөнүшүбүз керек,- Жанар Аруукенин маӊдайынан өптү.
– Хе, бизге али эрте. Биз толтура романтикалуу күндөрдү өткөрүшүбүз керек, анан турмуш деген айсбергге барып урунабыз. Мейлиби?- ушул сөздөрдү айтып жатып Аруукенин көздөрү жашка толуп кетти. Бирок күчкө салып күлүп жатты...
(Уландысы кийинки санда)