Өлкөбүздөгү расмий түрдө эӊ жогорку маяна алган «Кумтөрдүн» кызматкерлери аны көбөйтүүнү талап кылышууда. Көрсө, алган маянасынан талап кылган кызматкерлердин насыяга алган унаасы жана үйлөрү үчүн төлөгөнгө эч нерсеси калбай калыптыр.
Биздин өлкө көптөгөн митингдерди башынан өткөрдү. Жарандар жумуш берүүнү, салыктарды азайтууну талап кылышты, саясий талаптар да болду. Акыр аягы бийликтен жок дегенде иштегенге тоскоол болбоону талап кылышты. Ал эми республикадагы ийгиликтүү иштеп жаткан ишкананын жумушчулары доллардын куну өсүп кеткендиктен насыяга алган унаалары жана үйлөрү үчүн «төлөгөнгө эч нерсебиз калбай калды» деп айлык акыларын көтөрүүнү талап кылганы акылга сыйбаган көрүнүш. Мындайды кыргызстандыктар биринчи ирет кезиктирип отурабыз.
Баарын кезеги менен айталы. Бир нече күн мурун Кыргызстандын Тоокен профсоюзунун борбордук комитетинин жетекчиси Эльдар Тажибаев «Кумтөрдүн» жумушчулары компаниянын жетекчилигине маянаны 50 пайызга (!!!) көбөйтүү боюнча талап жолдогонун маалымдады. «Кумтөрчүлөр» жумушчуларга маяна сом менен төлөнүүдө, ал эми доллардын куну өскөндө компания кошумча киреше табууда деп эсептешүүдө. Алар муну чектен ашкан адилетсиздик деп ойлошот.
Алар тиричилик техникалары, унаалар жана үйлөрдү сатып алууга алган насыяларын төлөөдө доллардын куну өсүп, эптей албай калганда нааразычылык чегинен ашкан. Бул тууралуу Эльдар Тажибаев: «Учурда «Кумтөрдүн» 80 пайыздан ашуун жумушчусу банктарда насыяны доллар түрүндө келишим түзгөн жана анын оорчулугу компаниянын жумушчуларынын башына түшүүдө. Эгер талаптары аткарылбаса, «Кумтөрдүн» жумушчулары иш таштоо менен жетекчиликти коркутканы жатат»,- дейт.
Ал эми Тажибаев өзү «кумтөрчүлөрдүн» орточо маянасы 100-150 миӊ сом экенин айтат. Бул чындыгында Кыргызстандагы мугалимдер же дарыгерлер алган 5-7 миӊ сомго салыштырганда фантастикалык маяна. Айырмасы бар бекен?
Саясий серепчи Марс Сариев бул ишти үзгүлтүккө учуратуу үчүн жасалган катардагы уюштурулган көрүнүш деп баалайт. Буга чейин да компаниянын ишине ичинен таасир этүүгө аракеттер болгон, бирок ишке ашкан эмес. Эми кайрадан ишти ичинен иритүүгө кимдир бирөөлөр жандалбасташууда.
Марс Сариев: «Ар бир кыргызстандык «кумтөрчүлөрдүн» республика боюнча эӊ көп маяна аларын билет. Андыктан булар мына ушундай талаптарды коюп, митинг менен коркутуп жатышы муну кимдир бирөөлөр тарабынан уюшулган акция деген ойго түртүүдө»,-дейт.
Ошондой эле жогорудагыдай маянага катардагы кыргызстандык насыя албай кенен жашай турганын белгилеген Марс мырза: «Алар күйүп кетпеш үчүн өндүрүштү өркүндөтүүгө насыяга муктаж болуп жаткан айыл чарба өндүрүшчүлөрү эмес да. Кандай учур болбосун алынган насыялар алардын өздүк иши. Буга «Кумтөрдүн» кандай тиешеси бар?»-дейт.
Бул акция парламентте Суу кодексинин талкууланышына жакын уюштурулууда деген пикирди да эске алды. Анткени жакынкы аралыкта бул маселе боюнча «Кумтөрдүн» тагдыры ошол жакта каралат. Саясий серепчи мындай кадамдар инвесторлордун чыдамын түгөтүп, алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жеткириши мүмкүн экенин эскертет. Буга чейин да көптөгөн экономикалык, социалдык жана экологиялык маселелерди козгоп көбүртүп-жабыртуулар болуп келгенин айтсак болот.
Буга улай «Кумтөрдө» иштөө ысык-көлдүктөрдүн гана эмес, ар бир кыргызстандыктын кыялы экенин белгилей кетмекчибиз. Биздин элдин турмушу оӊолду. Бул тууралуу Эльдар мырза билдирет.
«Кумтөрчүлөрдү» кимдир бирөөлөр шыкактап жатканына Кыргызстандын Тоо-кен ассоциациясынын башкаруучуларынын мүчөсү Валентин Богденский да ишенет. Кендеги иш таштоо олуттуу болсо «Центерранын» акцияларына терс таасирин тийгизерин белгилеп, мамлекет утуларын айткан ал, «бюджеттин тартыштыгы маалында компаниянын токтошу жалпы өлкөбүздүн жарандары үчүн сезилерлик болот. Жыйынтыгында бир канча адамдын талабы калган 6 миллион элге зыяны тиет» дейт.
Ибрагим Жусуев