Учурда «Мени сүйгөн жүрөгүӊдүн кагышынан айланайын» деген саптары бар «Айланайын» деген ыр популярдуу болуп жатат. Дал ушул ырдын аткаруучусу Нурзат Садыкова бизде мейманда. Өтө токтоо, орду менен сүйлөгөн ырчы минтип сыр төгүп отурду.
«4 БАЛАГА 15 КЫЗ КЕЗЕККЕ ТУРЧУБУЗ»
-Нарындын микробу жок тоолорунун арасында чоӊ энемдин колунда эркелеп өстүм. Үйүбүз тоонун түбүндө, орустардын мүрзөсүнө жакын болчу. Балабыз да, мүрзө эмне экенин кайдан билебиз? Орустар кооз гүлдөрдү коюп кетишет, христиандардын Пасха майрамында жумурткаларды боёп алып келишет. Биз аӊдып, алар кетери менен гүлдөрүн алып ойноп, жумурткаларын жеп салчубуз. Кечке маал жарыктар күйүп, көрүстөн сонун көрүнүп калчу. Анда деле мүрзөнү аралап, топурак казып, сөөктөрдү чукуп ойночу элек. Коркчу деле эмес экенбиз.
Жай келген сайын апам «чачыӊ жакшы өсөт» деп чачымды кырып салчу. 6-класста окуп чоӊоюп калганда да ыйлаганыма карабай адаттагыдай башымды жалтыратып чачымды алып койду. Ал кезде кошуна баланы жактырып, ага өзүмдү көрсөтүп жүргөн элем. Башым чоӊ, эркекке окшогон кыз болчумун. Уялып, ысыкта башыма калыӊ шапке кийип, кыт куюлган топоздун куйругун шапкеме чач кылып кыпчытып алар элем. Анан чачы узун экен десин деп ары-бери ал баланын жанынан өтө бергенимчи.
Кийин атамдын жумушуна байланыштуу Казарманга көчүп бардык. Ал жакта бир класста 15 кыз, 4 бала окучубуз. Өткөөл куракта жасанып, өзүӊдү чоӊ сезип калат эмессиӊби. Отуруш уюштуруп, эптеп ата-энелерибизден суранып барабыз. Кечебиздин эӊ кызыгы – ак бийге түшүү эле. Ошол убак келгенде баарыбыз толкунданып, беттерибиз кызарып, анан 4 балага 15 кыз кезекке турчубуз, кезегибиз келгенде бийлеп, бир башкача сезимге бөлөнөр элек.
«23 ЖАШЫМДА САХНАГА ЧЫККАМ»
-9-классымда Бишкектин четиндеги Байтик айылына көчүп келдик. Мектепти бул жактан бүтүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырдым. Ата-энем менен чогуу тургандыктан студенттик күндөрүмдө кыйынчылык болгон жок. Студияны аяктаган соӊ Финансы академиясына тапшырдым. Буюрса, быйыл Кыргыз улуттук консерваториясын аяктап жатам. Өзүм жулунбаган, батынып бирөөдөн жардам сурай албаган адаммын. Бирөөнүн көз карашы эле эмес, кашы башкача кыймылдап койсо, ал адамга эч качан жакын жолобойм. Өтө намыскөймүн.
23 жашымда алгачкы жолу ырчы катары сахнага ырдап чыктым. Көптөр «үнүӊ жакшы, сен эчак эле популярдуу болуп кетишиӊ керек эле» деп айтышат. Элди тажатып көп чыккандан көрө акырындап кыбырай берейинчи. Көкүрөгүмдө кайнап, оргуштап чыга албай жаткан нерселер көп. Бирок аны чыгарганга өзүмдүн күчүм жетпейт. Бул талантты же өстүрүш керек, же өчүрүп салыш керек деген эки анжы ойдо турам. Буюрса, бир жакшы сынакка катышып келсемби деген оюм бар.
«ТЕМИРЛАН АГАЙГА 5 МҮНӨТКӨ СҮЙҮП КОЮӉУЗЧУ ДЕГЕМ»
-Учурда жүрөгүм бош. Жалгыздык кыйын нерсе, муну да сыноо деп билем. «Кара кыздын агынан эмес, багынан» дейт. Келечекте жолдошум менен чогуу балдарыбызды тарбияласак деген ойлорум бар. Экинчи же үчүнчү аял болуп тийип жаткандар толтура. Жолдошумду бирөө менен бөлүшкөнгө даяр эмесмин. Жашыӊ өткөн сайын тандап каласыӊ дешет. Тандап, ак боз ат минген ханзааданы күткөн жерим жок. Болгону жылдызыбыз келишип, турмушка болгон көз карашыбыз бир болсо болду. Узун бойлуу, кеӊ далылуу, жүрөгүндө ыйманы бар жигиттер жагат.
Турмушка чыга элек эл көзүндө жүргөн кызды ар кандай ушак-айыӊ ээрчийт экен. Кезинде «бир аялдын жолдошун тартып алыптыр» деген ушактар чыккан. Ар кандай адамдар болот тура, эӊ башкысы, аларга ыйман берсин. Ал эле эмес, «Кош жылдызда» Темирлан Сманбеков экөөбүз «Ак булуттар» деген ырды ырдасак, агайга да жабыштырган учурлар болду. Ал агайды сыйлайм, өтө таланттуу инсан. Ортобузда ата-кыздай, ага-карындаштай эле мамиле бар. Сахнада ырдаганда ырдын ичинде жашап ырдагым келет. Ошондуктан агайга «сахнада мени 5 мүнөткө сүйүп коюӊузчу» деп айткам. «Ак булутту» ырдаганда бири-бирибизди карап образга кирип, элге 5 мүнөттүк сүйүү тартуулайлы деген эле аракет болчу. Темирлан агайдын жубайы Майраш эжени жакшы тааныйм, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. «Ак машина алып бериптир, андан бала да төрөп алыптыр» дегендеричи. «Эл оозунда элек жок» дейт. Антип ушак чыгаргандарды Кудай өзү кечирсин. Үйдөгүлөр мындай сөздөргө капа деле болушпайт, анткени алар мага ишенишет.
«ЖООЛУК САЛЫНЫП, САХНА МЕНЕН КОШТОШОРМУН»
-Атам дүйнө салгандан кийин сахнадан 3 жылга алыстап кеттим. Жакын адамыӊдан айрылуу сөз менен айтканда оӊой болгону менен, жон териӊ менен сезүү өтө кыйын экен. Ошондой депрессияда жүргөндө ыйман жолуна түшкөнгө аракет кылып илим алып, сабыр кылганды үйрөндүм. Эми белди бекем бууп, башты өйдө көтөрүп чыгармачылыкка кириштим. «Айланайын» деген ыр жаздырып, клип тарттырып элдин сынына койдум. Албетте, исламда ырдаганга болбойт дешет. Анын үстүнө аял киши үнүн бийик чыгарбашы керек делет. Бирок мен ырдап жатам, ар ким өзү үчүн жооп берет эмеспи. Ыр менен куран бир жүрөккө сыйбайт экен. Ошондуктан акырындап илим алып жүрөктү ыйманга толтуруп, ырды куранга алмаштырам деген ойлорум бар. Себеби жаратылыштан берилген талант канга, жанга сиӊген. Ал жакка отурукташып алган нерсени сууруп чыгыш өтө кыйын. Буюрса, акырындап өз жолумду таап кетем. Балким, өтө популярдуу ырчы болуп кетермин же жоолук салынып сахна менен коштошормун, мунун баарын убакыт көрсөтөт.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg