ГОЛЛИВУДДУ БАГЫНДЫРГАН КЫРГЫЗ КАСКАДЁРЛОРУ

Үсөн Кудайбергенов. Бул ысымды укканда кыргыз каскадёрлорунун анабашы эске түшөт. Ал «Өзбекфильм» киностудиясында тартылган «Генийдин жаштыгы» кинотасмасында ат менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, ал трюк «Гиннес рекорддор китебине» жазылган. Анын жолун жолдоп оттон, суудан, бийиктиктен коркпогон каскадёрлордон бүгүн да уучубуз куру эмес.
«Күндүзгү кароол» тасмасындагы атчандардын дубалды сүзүп өткөн эпизоду эсиӊиздеби? Голливуддун атактуу «Ээ-жаа бербегендер» тасмаларычы? 47 самурайдын эрдигин чагылдырган «47 рониндер» тасмасындагы кылыч менен ырайымсыз салгылаштар... Айтор, ушундай кооптуу, оор эпизоддорду биздин мекендеш каскадёрлор жаратып келишет.

СУЛТАНБЕК ДЫЙКАНБАЕВ, 57 жашта
Туулган жери
– Фрунзе шаары
Билими – Орто
Тартылган тасмалары – «Монгол» (Орусия, Германия, Казакстан), «Көчмөн» (Казакстан, Франция), «Миӊ бала» (Казакстан), «Көз жаш жана кылыч», «Туткун» (Тажикстан), «47 рониндер» (АКШ), «Марко поло» сериалы (АКШ), «Кожожаш», «Каныбек», «Курманжан датка» (Кыргызстан) жана башкалар
Үй-бүлөсү – Эки кыздын атасы

– Султанбек мырза, ары татаал, опурталдуу каскадёрлук кесипке кандайча баш багып калдыӊыз?
– Каскадёр болушума агам Сатар себепкер. Анын трюктарды аткарып жүргөнүн көрүп мен дагы каскадёр болууну чечтим. Ал мага кантип туура кулаш керек, секиргенде кайсы жерге так түшүүнү болжош керектигин үйрөттү. Ошентип 16 жашымдан баштап трюктарды аткарып, 18 жашымдан тарта тасмаларга тартыла баштадым.
– Өмүрүӊүзгө коркунуч жаралган учурлар болду беле?
– Казакстанда бир фильмге тартылып жатып машинадан секирип башымдан жаракат алгам. Мындан сырткары тажиктердин «Ашууда атпа!» аттуу тасмасында коргоочу костюм кийбегендиктен денем күйүп калган. Бул кадрды тартуу учурунда Сатар агам экөөбүз бири-бирибизге өрт коюп, тартуу бүткөндө өчүрүшүбүз керек болчу. Жетишпей калгандыктан денебизден жаракат алып калганбыз.
– Каскадёр болуш үчүн жигитте кандай жөндөм болуш керек?
– Биринчиден, спорт менен дос болушу керек. Экинчиден, мырзалар айтмакчы, жүрөктүү болушу зарыл.
– «Курманжан датка» тасмасында жардан секирүү үчүн канча күн даярдык көрдүӊүз?
– Мен мындан да бийик жерден секирейин деп ойлогом. Бирок ылайыктуу жер ушул болду. 20 метр бийиктиктен ат менен секириш үчүн бир жума даярдандым. Биринчи каскадёр Жамил Жуматаев атсыз секирип көрдү. Бул трюкту тартуу учурунда бардыгы ийгиликтүү өттү. Башкысы ат да, мен дагы жабыр тарткан жокпуз.
– Каскадёрлордун айрымдары өзүн атта жакшы сезсе, кээ бирлери бийиктиктен секирүүгө маш. Сиз кандай жагына жакынсыз?
– Мен ат менен да, автоунаада, отко күйүп, бийиктиктен секирүүдөн өзүмдү эркин сезем. Универсалмын десем болот.
– Кыргыз каскадёрлорунун ичинен бийиктен секирүү боюнча биринчи деп сизди айтып жүрүшөт...
– 1990-жылы тажик режиссёру Тахир Сабиров тарткан «Көз жаш жана кылыч» аттуу тасмасында Вахш дарыясына ат менен 37 метр бийиктиктен секиргем.
– Кыргызстанда бул кесипти аркалагандардын көбү бир туугандар экен...
– Ооба. Уулдуу болсом мен да уулумду бул кесипке тарбияламакмын. Улуу кызымды өзүм менен машыгууларга алып барып жүрчүмүн. Бир жолу туура эмес кулап кетип бети-башы канжалап кетти. Аялым каршы болуп болбой койду.

"Орусиянын 1-каналы тарабынан тартылган "Варвар" тасмасына тартылуу учурунан".

"Курманжан датка" тасмасында Элина Абай кызынын ордуна мен жардан секиргем".

ТОЙЧУБЕК СЕРКЕБАЕВ, 46 жашта
Туулган жери
– Нарын облусунун Кочкор району, Кара-Тоо айылы
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, кинооператор
Тартылган тасмалары – «Монгол» (Орусия, Германия, Казакстан), «Миӊ бала» (Казакстан), «Күндүзгү кароол» (Орусия), «Көчмөн» (Казакстан, Франция), «Ээ-жаа бербегендер-1, 2» (АКШ),»47 рониндер» (АКШ), «Марко поло» сериалы (АКШ)
жана башкалар
Үй-бүлөсү – Эки уул, бир кыздын атасы

– Тойчу мырза, мындай кооптуу кесипти кантип тандап калдыӊыз?
– 1990-жылдары Дене тарбия институтунун даярдоо курсун аяктап калганда ипподромдон «Кырк кыз» деген каскадёрлук топтун машыгып жатканын көрүп калдым. Байкасам, менин колумдан келчү нерселер. Агайга барып «мен деле булардай секире алам» деп билген трюктарымды жасап топко алынгам. Ал жактан жигитовка жасап, көп трюктарды үйрөндүк. Топто жүргөндө Үсөн Кудайбергенов биринчи жолу бизди Тажикстанга бир фильмге тартылганга чакырды. Ошентип каскадёрлуктун артынан тасма талаасына келип калгам.
– Голливуд тасмаларында да тартылып жүрөсүздөр. Аларга кантип барып калдыӊыздар?
– Казакстанда 2003-жылы белгилүү циркач Жандарбек Кунгужинов «Nomad» («Көчмөн») аттуу каскадёрлордун тобун түзгөн. Биз ошол топтун курамындабыз. Белгилүү чет өлкөлүк тасмаларга да ошол топ аркылуу катышып жүрөбүз.
– Чет өлкөлөрдө гонорар да жакшы төлөнсө керек?
– Ал биздин кандай трюк аткарганыбызга, канча убакыт тартыларыбызга байланыштуу. Мисалы, былтыр АКШ тарткан «Марко поло» сериалынын 1-сезонуна барып 4 ай тартылып келдик, акысына 20 миӊ доллардан көбүрөөк алдым.
– Гонорарына жараша талаптары да бийиктир?
– Албетте, азыр эл аралык деӊгээлдин талаптары күчтүү. Былтыр Малайзияда жүргөндө тынбай машыкчубуз. Съёмкага чыгабыз, андан кийин тынбай машыгабыз, айтор, кечке чейин кыйнашат. Айла жок чыдайсыӊ. Чыдабасаӊ ордуӊа башканы алышат. Дүйнөлүк киноиндустриясында талап ошондой экен да, сен аксап калдыӊбы, ордуӊа экинчи киши даяр. Бирок биздин жетишкендигибиз – ат жалында эч кимди астыга салбайбыз. Согушту чагылдырып жатканда ат менен бастырышат, кулайсыӊ, эмне гана болбойсуӊ, андан кийин башка каскадёрлор «Тез жардам» чакырып, тура албай калышат. Казак, кыргыздар атта тикчийип отура беребиз. «Азыр эле силерди ат тебелеп кетпеди беле, эч нерсе болгон жоксуӊарбы?» деп алар бизге абдан таӊ калышат. Мына ушунун баары биз үчүн кийинкиге жарнама болот. Азыр мени алдыда дагы 7 келишим күтүп турат.
– Сиз да көп жараат алсаӊыз керек?
– Ооба, колу-бутубуз сынат, кокустайт. Бирок ооруп калдым деп жата бербейбиз. Оор жаракат болбосо 1-2 күн булчуӊдарыбызды чыӊдап алып кайра ишке кирише беребиз. Мына быйыл тасма талаасында жүргөнүмө 25 жыл болду. Жашым 46да. Мурункудай так секире албай калдым. Бирок өзүмдүн уулумду тарбиялап жатам.

"Монгол" тасмасында ойногон мекендешим Мурат Бурханов да учурдун белгилүү каскадёрлорунун бири".

"Ээ-жаа бербегендер" тасмасынын башкы каарманы Жан-Клод Ван Дамм менен".

"47 рониндер" тасмасы, согуш талаасында".

Гүлжамал Бөрүкулова,
Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Каскадёр: "Курманжан датка" тасмасында жардан секирүү үчүн бир жума даярдангам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Abdurahman
2015-12-14 09:36:39
Адилет Акматов жонундо да жассаныздар
0
admin_superstan
2015-12-14 10:32:53
Abdurahman, саламатсызбы!
Адилет Акматов тууралуу жазылган:
http://www.super.kg/article/show/33239
0
tea23
2015-12-14 19:30:27
47 ронин сонун кино марко поло дагы )) дагы кайра коруп чыгат эми.
+1
Lumia-800
2015-12-14 20:39:34
Ээ сонун кесип да. Бул иш дагы биздин колдон келбейт.
+2
Urmat-1989
2015-12-14 21:18:14
монголго тартылыптыр да
0
Neizvestno777
2015-12-15 00:49:47
Кыргыз экениме сыймыктанам
+5
Erniet
2015-12-15 08:08:57
Ошого чыдап жургонунорго бали Мага миллион доллар берсе да жардан секирбейм
0
rahali
2015-12-15 09:32:26
Кудайым колдосун силерди
0
4ok4oloi
2015-12-15 11:27:10
57 жашта аябаш жаш корунот экен азамат
0
al-abu-kinesz
2015-12-15 21:17:23
жоону чапса Чубак чапты, аты калды Манаска.. экен да
-1
gulaza
2015-12-16 23:08:04
Баракелде
0
uikuchu7
2015-12-17 20:43:28
Азаматтар.
0
STAN_KG
2015-12-20 17:55:15
Эми балалуу болуп артыңыздан тукум калтырыңыз! Ийгилик каалаймын.
+1
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан