АТАСЫ УУЛУН АТЫП ӨЛТҮРДҮ

47 жаштагы Өзгөн районунун тургуну өзүнүн баласын атып өлтүрүп алды. 3 небересин атасыз калтырган шектүү бул кылмышка мас абалында барганын айтат.

«БИЗГЕ ӨЛҮККАНАДАН КАБАРЛАШТЫ»
2015-жылдын 30-ноябрында Ош облусуна караштуу Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондук өлүкканадан чалышып, киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгү жөнүндө билдиришкен. Бул кылмыш ишти тергеп жаткан Өзгөн РИИБинин тергөөчүсү Кыялбек Ныязбеков төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кылмышка шектүү Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүнө караштуу Жаӊы-Айыл айылында 1968-жылы туулган Акматкул Кочкорбаев ошол күнү мас абалында үйүнө барып, 1987-жылы туулган уулу Жоодарбек Кочкорбаев менен чатакташа кеткен. Мас болуп келген атасына ачууланган уулу «апабыз Орусияга кетпей үйдө болгондо сен ичпей, чогуу жашамакпыз» деген нааразычылыктарын айткан. Акматкул Кочкорбаев баласына «Сен апаӊа жардам берип, ал Орусияга кетти. Апаӊдын жоктугуна нааразы болуп жатсаӊ, анда жаӊы апа алып келип берейин» дейт. Бул сөзгө териккен баласы атасына кол көтөрүп, натыйжада экөөнүн ортосунда уруш чыгып кетет.
Атасы менен урушуп кеткен соӊ уулу келинчегине «балдардын кийим-кечесин салыштырып даярдан, үйдөн кетебиз» деген. Алар кийим салынган баштыктарын Ауди үлгүсүндөгү унаасына салып кетерде атасы аларга тоскоол болот. Жоодарбек кичүү баласын келинчегине карматып жөө кетирип жиберет да, өзү 3 жана 4 жаштагы кызы менен уулун унаага салып, кетүүгө камынат. Бул учурда Акматкул Кочкорбаев үйүнөн 28 калибрлүү мылтыгын алып чыгып, рулдагы уулун 2 ирет атып жиберген. Натыйжада унаанын айнеги сынып, анын чачырандылары арткы орундуктагы балдардын беттерин тилип кеткен. Ал эми уулу башынан алган жаракатынан улам ошол жерде каза тапкан.

«ШЕКТҮҮ УУЛУН КОРКУТУП КОЁЮН ДЕГЕМ ДЕЙТ»
– Аймактык тескөөчүлөр барып кылмышка шектүүнү мас абалда жүргөн жеринен колго түшүрүштү. Окуя катталган үйдүн сарайынан чөптүн арасына катылган мылтык октору менен табылды. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө 28 калибрлүү ок атуучу мылтык ага атасынан калганын айтты.
Мылтык мыйзамдуу түрдө каттоодон өтпөптүр. Ал «баламды өлтүрөйүн деген оюм жок болчу. Аны коркутуп коюу максатында эле мылтык кезегем. Ок унаанын терезесин сындырып өтө албайт деп ойлогом. Бирок мен жакын туруп аткандыктан терезени талкалап кетти окшойт» деп жатат. Кылмышка шектелип кармалган Акматкул Кочкорбаев учурда Ош ОИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

МАРКУМ ОКУЯ БОЛГОН ЖЕРДЕН КАЗА ТАПКАН
Бетине айнектин сыныктары чачыраган балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми маркум Жоодарбек Кочкорбаевдин сол жаагынан кирген ок жаактын ортосуна чейин тешип кеткен. Сол кулагынан кирген ок болсо, каракуштун сол тарабынан тешип чыккан. Анын баш сөөгүнөн жалпы 20га жакын бытыра табылган.
Ичкиликтин айынан бир күндө бир үй-бүлө 2 мүчөсүнөн айрылып отурат. Алардын бири абакта болсо, бири минтип дүйнө салды. Маркумдун артында 3 баласы жана жубайы калды. Ал эми кылмышка шектүүнүн каза тапкан уулунан башка дагы 3 баласы бар.

Кылмышка шектүү уулун 2 ирет башка аткан. Айдоочу отурган орундукта мылтыктын октору жана уюган кандын изи калган.

Куралды милиция кызматкерлери сарайдагы чөптүн арасынан табышкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
men14
2015-12-15 09:31:58
Ужас! Балдарынын абалы не болду экен. Коз алдында атасы олтурулуп...
+4
jamalka-2
2015-12-15 10:02:08
балдары байкуштар кантет эми ((((
+2
maksat
2015-12-15 10:47:16
Байкуш досум бирге окууган элек.жаткан жери жайлуу болсун.
+4
tabyshmak
2015-12-15 14:15:21
Балдары не болду экен? Жок дегенде эми ошол балдары аман болушсун.
+2
tabyshmak
2015-12-15 14:18:07
Адамдан откон айбан-жырткыч жок тура.
+3
Ledi89
2015-12-16 02:00:30
Эчким дин башына салбасын, шайдандын иши каш кабактын ордосунда. Арак ичкен адамдан чындыгында жадайсын алжырап суйлой берет. Арак ичип оз баланды жедин ,арак ты женген
адам барбы,арак женет. Алла кылган куноолорун кечирсин мархум баланын карангы жери жарык болсун!
0
Amir201519
2015-12-16 15:54:01
Туура кылат атасы жаман болобу ичеби чегеби атасы.Бырчалап таштаса да аздык кылат атасына кол которгондорду
-2
www.maks.aika.kg
2015-12-16 22:50:14
Туура айтасын амир бирок экообундо тен куноо бар баласы кол которбошк атасы ичпеш керек эле.ошондо бул окуя болмок эмес
+2
seni.gana
2015-12-16 17:16:28
Баягы еле арактын кесепети....Кылмыш кырсыктардын80% арактын айынан болуп атат го
+1
biikech0
2015-12-16 23:09:33
Көз алдында атасы каза болгон балдардын психологиялык жактан жабыркаганы өкүнүчтүү...алардын психикасына доо кетирип, өз баласын өлтүргөн атадан жакшылык күтсө болобу? Өлүм жазасын киригиш керек! Мындай канкор атаны мамлекет багып башын оорутпай, көзүн тазалоо керек! Уруш талашты көрүп өскөн бала түнт болуп, өз оюн ачык айта албай калат. А тиги өспүрүмдөргө эле убал болду...
0
biikech0
2015-12-16 23:11:46
Өзгөндүктөр капа болбогула го, бирок, оор кылмыш жасап,лдин үрөйун учургандар Бзгөндө көп кезешип жатат. Себеби эмнеде? Балеим жумушсуздук себеп болуп журбөсун. А балеим ичимдиктер көп сатылабы?
+5
kushbakov87
2015-12-18 06:48:23
адам болбой калсын шундук оз неберелерин жеттим кылып олтурат карыганда апасы уйундоле ерине ыссык чай берип олтурбаптырда
+1
nookat.jarkorgon
2015-12-25 12:45:15
Жакшы иш кылбаптыр атасы)))
0
Kadyrbek09.10.2015
2015-12-29 00:41:54
Кудай сакта
0
KursKG
2016-02-01 07:55:43
Жайы жаннаты болсун, жаман окуя болуптур,"Арактын арты арман куу, аз аздан ченеп жуткула" кыргызым
0
Erka_kg
2016-04-23 23:31:49
Айбан деле бул ишти кылмак емес
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан