2016-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Жылдыз белгиси жана мүчөл жылы айкалыштырылып өткөн саныбызда кой, букачар, эгиздер, бөйөн жылдызында төрөлгөндөрдү 2016-жылы эмнелер күтө тургандыгы боюнча астротөлгө жарыяланган. Бул ирет арстан, бийкеч, тараза, чаяндын каржы, жумуш жана жеке жашоосунда кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгын баяндайбыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
АРСТАН-ЧЫЧКАН
Маселелерди чечүүгө жана көрө албастар жайган торду айланып өтүүгө алтынчы туюмуӊуз жана чечкиндүүлүгүӊүз жардам берет. Реалдуу ишке аша турган пландарга гана киришпесеӊиз, убактыӊыз, энергияӊыз текке кетет. Карьеранын артынан сая түшкөндөр сүйлөшкөн адамынан (же жубайынан) кол жууп калуулары ыктымал. Киреше орточо боло тургандыктан үнөмдүү болууӊуз кажет.

АРСТАН-УЙ
Жылдын башы сизден жаман адаттардан кутулууну, дени сак жашоого өтүүнү талап кылат. Жумушта кызуулук менен ашыкча сүйлөп салгандан көрө оюӊузду кыскача билдирүүгө көнүӊүз. Ошондо келчү ийгиликти качырбайсыз. Апрелде тобокел иш өзүн актайт. Жай айы романтика менен башталып, сүйүү үч бурчтугу жаралышы мүмкүн. Эмнеси болсо да тагдырыӊызга жаман из калтырбоону ойлоӊуз. Октябрда киреше көбүрөөк түшүп, аны үйүӊүзгө жана үйдөгүлөргө жумшайсыз.

АРСТАН-ЖОЛБОРС
Маймыл жылы бир орунда отурууга уруксат бербейт. Иштин жана жер көрүү тилегиӊиздин артында саякаттоого чыгасыз. Бул кызматтагы позицияӊызды да бекемдейт. Бирок аны кекирейүү мүнөзүӊүз менен бошоӊдотуп албаӊыз.
Жеке жашоого келсек, жаныӊыздын жарымына салкын мамиле жасап, аз көӊүл бурсаӊыз, ал жылуу мамилени башкадан издөөгө аргасыз болорун унутпаӊыз. Үй-бүлөлүк бюджетиӊиздин абалы жылдын экинчи жарымында бир топ жакшырат.

АРСТАН-КОЁН
Коёндордун сактык кылып издерин жашырып кетүү сапаты жылдын биринчи жарымында пайдасын көрсөтөт. Үй-бүлөлүк жана чарбалык түйшүктөр өзүн актайт.
Убактылуу көӊүл ачуу үчүн үй-бүлөӊүздү жана репутацияӊызды туӊгуюкка камабаӊыз. Жыл ичинде ашыкча чыӊалуудан сизди пикирлеш адамдар чыгарып кетип турмакчы. Киреше көп болбосо да, акча керектүү учурда табылып турат.

АРСТАН-БАЛЫК
Популярдуу болуп чыга келесиз. Анткени сиз элди бириктирип, аларды ийгиликке жетелей турган борбор болмокчусуз. Бирок лидерлик позицияны жоготпоо жана кирешени көбүрөөк табуу максатында айтылган кеӊештерди кулактын сыртынан чыгарбоо кажет. Жаӊы тааныштар идеялар менен бөлүшөт. Жыл ичинде богок, ичеги-карын дарттары тооруйт, андыктан текшерилүү сунушталат.

АРСТАН-ЖЫЛАН
Биринчи жарым жылдыкта материалдык базаӊызды чыӊдап, өзүӊүздүн мыкты сапаттарыӊызды өнүктүрө аласыз. Тааныштардын арасынан ким кас экенин аныктап, кол үзүү керектелет. Артында көз жаш төкпөө үчүн керектүү учурда башкаларга жол коё билүү сунушталат. Акчаӊыз сакталган банктын абалын байкап туруу зарыл. Ал банкротко кабылышы мүмкүн. Жакындарыӊыз жана өмүрлөшүӊүз ишенимдүү тирек болуп, жылуу сезимдерге бөлөйт.

АРСТАН-ЖЫЛКЫ
Бул жыл сизге таскактап күйүкпөй, көбүрөөк эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Айрымдар көкөйүнө көк таштай тийген жумушун таштап, өзүн жаӊы иштен сыноого аттанат. Жетишкендиктер сизге көбүрөөк акча, кесиптик жактан өсүү жана жан дүйнөнүн тынчтыгын алып келет. Жан биргеӊиз менен тирешүү жана атаандашууну жыйыштырып, чогуу көбүрөөк убакыт өткөрүӊүз.

АРСТАН-КОЙ
Аброюӊуз жаздагы шибердей дүркүрөп өсүп отурат. Бул жакындарыӊызга дем, эргүү берет. Андыктан бурчка камалбай, активдүүлүктү көрсөтүп, ыӊгайы келген мүмкүнчүлүктөрдү илип кетүү керектелет. Жылдыздар сизди ири сатып алуулардан жана үй-жайды кайра куруп, жайгаштыруудан жолдуу кылат. Жазында балдарды башка мектепке же окуу жайга которуу маселеси чыгышы мүмкүн.

АРСТАН-МАЙМЫЛ
Жыл башында өзгөчө идея, алымдуу иш-аракети менен элди өзүнө тартып, көӊүлүн бурдурган жан болуп чыга келесиз. Элден көмөктү көбүрөөк алып, каржы жаатыӊыз оӊолот. Бирок буга көөп кетпей алган жардамды кийин кайтара алгыдай болуу жагын ойлоӊуз. Жыл ортосунда узакка жол жүрүүлөр ооруга чалдыктырышы ыктымал. Жылдын экинчи жарымында жибекке оронгон карызгөйдүн кейпин кийбөө үчүн көп тер төгүү талап кылынат.

АРСТАН-ТООК
Арстан тооктор реалист жана жашоодон эмне кааларын жакшы билгендиктен бул жылы тоскоолдуктарды агрессивдүү жана опурталдуу аракеттери менен жеӊе алышат. Керектүү адамдар менен иштешип, кирешеден өз үлүшүн алууга жетишет. Пайдалуу ишке жумшаган чыгымдар өзүн актайт. Үйдө казан-аяктын анча-мынча кагышына көӊүл бурбоо кажет.

АРСТАН-ИТ
Жашоо шартыӊызды жакшыртуучу өзгөрүүлөргө даярдана бериӊиз. Материалдык абалыӊыз жакшырып, жагымдуу нерсе менен пайдалууну айкалыштырууга жол берет. Мисалы, фитнес, йога менен алектенүү, жер кыдыруу... Досуӊузга ири суммадагы акчаны карызга бербеӊиз. Артында акчаӊыз тургай досуӊуздан айрылып калуу коркунучу
бар. Жеке жашооӊуз бир калыпта өтөт.

АРСТАН-ДОӉУЗ
Жаӊы ыкмалардын үстүндө иштеп өзүӊүздү көрсөтүп, сыйлыктарга арзый аласыз. Андыктан эл барктап, колдойт. Жакындарыӊыз болсо сиздин кызыкчылыктар менен эсептешүүгө өтөт. Жаштар бирөөлөрдүн таасирине кирип, диний сектага (уюмга) мүчө болуп калуудан сак болуулары керек. Кызганып, болбогон нерселерге туталануу жан биргеӊиздин сизге болгон сезимин суутуп коёрун эске алыӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
БИЙКЕЧ-ЧЫЧКАН
Өтүп кеткен маанилүү окуяларга кайрылып барууӊуз күтүлүүдө. Мисалы, мурунку долбоорго же сиз экөөӊүздү күчтүү сезим бириктирип турчу адамга. Эгер кайтууну кааласаӊыз, анда өзүӊүздүн катачылыктарды жоймоюнча ийгиликке жол жок. Жаздын этегинде чөнтөгүӊүз толуп, үйгө бир топ буюм аласыз. Күздө кандай болуп кетет деп бүшүркөп жаӊы нерселерге киришпесеӊиз, ишиӊиз артка тартылат.

БИЙКЕЧ-УЙ
Алдын ала 12 айга план түзүп, анан аны четинен аткарууга киришүүӊүз зарыл. Бул аз күч жумшап, чоӊ ийгиликке жетүүгө түрткү болот. Жалгыз бойлор жоопсуз сүйүүдөн улам кол куушуруп отуруп калбай, башка ылайыктуу адамды издөөлөрү шарт. Июнда берген убадаларыӊызды аткарасыз. Августта бир топ байып чыга келесиз. Ноябрь – жагымсыз ай. Иш ордун которбоо, башка жакка көчпөө керек.

БИЙКЕЧ-ЖОЛБОРС
Карьера жана каржы жаатындагы тилегиӊиз жүзөгө ашат. Жазында ден соолукка кам көрүп, 1-2 апта эс алып, анан ишке билек түрө киришкен оӊ. Октябрь баш көтөрбөй иштөөнү, туугандарга жардам берүүнү талап кылат. Кеч күздүн муздак күндөрүндө жүрөгүӊүздү сүйүү, романтика жылытат. Бирок сүйүүнү ишке аралаштырбаӊыз.

БИЙКЕЧ-КОЁН
Жылдын башкы белеги – бир кезде сизге кымбат болгон жакын адамыӊыз менен кайра табышып, мамилелердин улануусу болот. Бул эки тарапка теӊ пайда алып келет. Иште кызмат ордуӊузду бекемдеп, жетекчиликтин урматтоосуна татыйсыз. Киреше орточо түшүп турат. Жеке жашоодо жакшы өзгөрүүлөр күтүлөт. Айрымдар нике тоюн тойлошсо, кээ бирлер ымыркайлуу болушат.

БИЙКЕЧ-БАЛЫК
2016-жыл акча иштеп табуунун жаӊы варианттарын сунуштайт. Жеӊил жол менен келүүчү акчадан баш тартпасаӊыз, тергөөчүгө сурак берип калууӊуз ыктымал. Ала жипти аттагандардын айыбы ачылып, үйүндө уруш үзүлбөй калат дешет жылдыздар. Жылдын экинчи жарымында таасирдүү адамдын арты менен чоӊ иштерди бүткөрүп аласыз.

БИЙКЕЧ-ЖЫЛАН
Жыл башында жүрөктөргө жаӊы сүйүү уялап, иштериӊиз бир аз артка кетет. Бирок сезимиӊиз колдоо таппаган соӊ баарын унутууга тырышып, ишке баш-отуӊуз менен киришесиз. Жеке бюджетиӊиздеги акчаны кантип көбөйтүү жолун таап, жер тилкесин алууӊуз мүмкүн. Чет тилин үйрөнүүгө киришип, аны керектүү тармакта колдоно баштооӊуз ыктымал.

БИЙКЕЧ-ЖЫЛКЫ
Иш экинчи орунга жылып, башкы планга үй-бүлөгө кам көрүү чыгат. Кызмат тепкичтен көтөрүлбөгөнүӊүз менен кийинки жылга база түзүп аласыз. Күнүмдүк жашоонун шары менен кете бербей, жаӊычылдыкка умтулуп, көп нерселерди үйрөнүүгө жетишиӊиз. Бул акчаны мол таап, кененирээк жумшоого жеткирет.

БИЙКЕЧ-КОЙ
Жакшы жакка өзгөрүүлөр бар. Көгөрүп бир айтканыӊызда туруп албай, бир аз ийилчээк болсоӊуз көп нерседен пайда өндүрүүгө жетишесиз. Жылдын башында күтүүсүз жерден кайсы бир иштердин артында атагыӊыз көтөрүлөт. Бирок жүрүм-турумуӊуз менен сүйүктүүӊүздө кызганууну жаратып, анын айынан туугандар киришип баса турган чыр чыгышы мүмкүн. Жыл аягында байып чыга келесиз.

БИЙКЕЧ-МАЙМЫЛ
Жумушка ийгиликтүү орношуу, чет элге командировкага чыгып келүү, айлыкты көбөйтүүгө жетишүү... Мына ушулар сиздерди күтүүдө. Эски жана жаӊы достордун жардамынан баш тартпай, аларды да убак-убагы менен сыйлап туруӊуз. Бирок баарына болгон жан дүйнөӊүздү төгүп салбай, өзүӊүзгө гана ишениӊиз.

БИЙКЕЧ-ТООК
2016-жылдын багыттоочу күчү чыгармачылык жана изденүүчүлүк болуп, жыл жыйынтыгында акчага марып чыга келесиз. Бирок үй-бүлөлүк мамиледе катачылыктардын көбү сизден кете башташы ыктымал. Моюнга албай кежирлене берсеӊиз ажырашуу коркунучу чыгат. Мамилеге доо кетирбөөгө тырышыӊыз. Күтүлбөгөн жана кубанычтуу окуяларга жазында кезигесиз.

БИЙКЕЧ-ИТ
Жаӊы идеялар, тапкычтык жана талыкпас эмгегиӊиз менен элди магнит сымал өзүӊүзгө тартасыз. Булар сизге каржылык туруктуулукту камсыздайт. Жай эс алууну, өлкөнүн кооз жерин кыдырууну тартуулайт. Күздүн башындө үй-бүлөдө чыӊалуулар көп болуп, акырындап калыбына келет. Кыштын башталышында шаан-шөкөттүү жолугушуулар көбөйөт.

БИЙКЕЧ-ДОӉУЗ
Жыл ичинде майдаланбай, бардык күчүн бир чоӊ максатка жумшаган адам гана ар тараптуу ийгиликке жетишет. Спорт, йога менен алектенүү энергия менен камсыз кылып, ооруканага жеткирбестигин эске алыӊыз. Үй, жер талаш маселеси жазында чыгат. Жайында туугандарыӊыздын биринин тоюна күбө болосуз. Андан тышкары чакан соода түйүнүн ачууга белсенүүӊүз ыктымал. Жеке жашоодо жымжырттык орун алат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
ТАРАЗА-ЧЫЧКАН
Маймыл жылы алдыӊызга койгон милдеттердин бири – эски байланыштарды жандандырып, алардан пайда көрүү болуп эсептелет. Демек, чамдаӊыз. Июнда иши жарнама жана техникага байланышкандардын ити чөп жейт. Пайда чыкпай калды го деп кол шилтеген идея, долбоорду августта жаӊыртып алып чыгыӊыз. Анткени аны ишке ашыруу менен акча тутамдайсыз. Кыскасы, аракеттериӊиз жеке жашоодогу бакыттын даамын татууга жеткирет.

ТАРАЗА-УЙ
Жыл ичинде ишенчээктик, жумшактык, бирөөлөрдүн сөзүнө оӊой кирүүчүлүк сыяктуу сапаттардан арылбасаӊыз, жашооӊуз алга жылбайт. Макулдашууларды жүргүзүүдөн, чоӊ буюмдарды сатып алуудан мурда ишенген адамдан кеӊеш алыӊыз. Болбосо катачылыктарды кетиресиз. Каржы жаатында аздан өсүү болуп турат. Үй-бүлөлүк мамиле бир калыпка келип, дос-тууганга көӊүл бура баштайсыз.

ТАРАЗА-ЖОЛБОРС
Жылдын башында тааныштардын бири эки жүздүүлүк кылып сизди доого жыгып, чоӊ суммадагы акчаны төлөмөр кылууга аракеттенет. Мыкты юристтерге кайрылыӊыз.
Жылдын ортосунда ыӊгайлуу жашоого көмөк берүүчү колдоочу табылат. Акча түгөнбөчүдөй колдонсоӊуз, жыл этегине жетпей куру кол каласыз. Жеке жашоодо жүрөгүӊүз самаган адамдан жылуулук таба аласыз.

ТАРАЗА-КОЁН
Кээде сиздин өсүүӊүзгө жакындарыӊыз тоскоолдук кылып жаткандай туюлат. Алардын сөзүн кулактын сыртынан кетирип, эркин сүзүүнү каалайсыз. Бирок жылдыздар кескин кадам таштоону колдобойт. Жайга карата акча топтоп, бир пикирлештер менен кыска саякаттоого чыгууну пландооӊуз ыктымал. Сүйүктүүӊүз күздө чоӊ кыялыӊызды ишке ашырат.

ТАРАЗА-БАЛЫК
Кандай гана чечим кабыл албаӊыз, эмоциянын жетегинде калбай, баарын таразага салып талдооӊуз кажет. Ошондо келе турган ийгиликти, акчаны качырбайсыз. Бош убактыӊызды өзүнчө окуп билим алууга, жаӊы нерселерди жасап-үйрөнүүгө арнаӊыз. Өткөн жылы жарака кеткен сезимдер кайрадан ширелишип, жашоого шат кароого көмөк түзөт.

ТАРАЗА-ЖЫЛАН
Жылдын башын өткөн жылы кимди «чагып» алсаӊыз, ошондон кечирим суроо менен баштаӊыз. Катаны моюнга алуу моралдык канааттануу тартуулайт. Жыл ичинде буга чейин сизге анчалык ишеним артпаган адамдар жакын дос болуп чыга келет. Алардын арты менен жаӊы бийиктиктерди багынтасыз. Жыл башында жаӊы ишке сунуш түшөт. Бойдокторго кол сунгандар көп чыгат. Жүрөгүӊүздүн буйругун угуӊуз. Жыл ортосунда туугандардын бири кырсыктап, ага кам көрүүгө аргасыз болосуз. Жыл этегинде жооптуу жакшы ишке которуласыз же айлыгыӊыз көбөйөт.

ТАРАЗА-ЖЫЛКЫ
Иште талаш-тартыштар, бири-бирин жекирүүлөр өкүм сүрөт. Бирок ошого жараша чындык ким тарапта экени аныкталып, түз, калыс жүргөндөр бааланат. Муну эске алууӊуз зарыл. Соода жаатындагылар үйүндөгүлөр менен акылдашып, бизнести жаӊы багытта өнүктүрбөсө, пайда аз түшмөкчү. Балдар менен чогуу эс алууну, алардын келечеги үчүн шарттарды түзүп берүүнү дайыма планга кошуӊуз.

ТАРАЗА-КОЙ
Лидерлик сапатыӊыз ачылат. Кырдаалдарга убагында туура баам берип, акылгөйлүк менен чыга алсаӊыз, май көл, сүт көл жашоого жетишесиз. Жеке ишкерликти баштагандар капиталын бир топ көбөйтө алышат. Бирок нервдик чыӊалуулар ооруп калууга жеткирбеши үчүн эс ала билүү зарыл. Ошондой эле чоочун шаарларда жүргөндө мыйзамды сактап, документтерге сак болбосоӊуз, балээни башыӊызга үйөсүз. Досуӊуздун чоӊ ийгилигине ортоктош болуу же анын чакыруусу менен коӊшу өлкөгө барып келүүӊүз ыктымал.

ТАРАЗА-МАЙМЫЛ
Материалдык байлык менен кошо жан дүйнө байлыгыӊыз да өсүп отурат. Айланаӊызга көз караштары сиздикине төп келген адамдарды чогултуп, кыйынчылыкта колдоо таап турасыз. Кээ бирөөлөр үй-бүлөсү үчүн карьерадан баш тартуулары мүмкүн. Жыл ортосунда ойлонбой бир ишке аралаша коюп, атыӊызды булгап алууӊуз ыктымал. Жыл аягында балаӊызга өзүнчө өргөө көтөрүп берүү же келин алып, кыз берүү сыяктуу жакшылыктар жашооӊуздан орун алат.

ТАРАЗА-ТООК
Кандай болгон күндө да жакындарыӊыздан сыр жашырбай, кеӊешип турсаӊыз, алдыга жылууга, каржы топтоого жетишесиз. Тааныштарга көрсөткөн жардамыӊыз эки
эселеп кайтат. Карьерада жана жеке жашоодо жымжырттыктын орношуна капа деле болбоӊуз. Таасирдүү адамдар менен чөйрөӊүздү кеӊейтип, тажрыйба топтогонуӊуздун өзү ийгилик. Жыл башында автокырсыктан, жайында чала тааныштарга ишенип акча берүүдөн сактаныӊыз. Күз жакшы, жаманы аралаш жаӊылыктарды тартуулайт. Кышты камдуу тосуп алып, энергияӊызды ишке сарптайсыз.

ТАРАЗА-ИТ
Досторуӊуздун саны кыскарат. Айланаӊызда ооруӊузду колдон, жеӊилиӊизди жерден ала турган эӊ ишенимдүүлөрү гана калат. Жалпысынан жылдыздар күчтү үнөмдөп, ашыкча ишти аркалабай, саламаттыгыӊызга кам көрүүнү сунуштайт. Жаман адаттардан өз алдынча кутулууга алыӊыз жетпесе, тийиштүү адистерге кайрылыӊыз. Тапканыӊыз орточо болот дешет жылдыздар. Жеке жашооӊуздун абалы канааттандырарлык деӊгээлде болот.

ТАРАЗА-ДОӉУЗ
Сиздин башкы көзүрүӊүз – элди ишендире жана мамилелерди түзө билүү, көрөгөчтүк жана стандарттуу эмес ойлоо болмокчу. Аталган сапаттар бутту кенен сунуп жашаганга мүмкүнчүлүк берчү каржыны табууга шарт түзөт. Жылдын экинчи жарымында акылыӊызды жоготуп сүйүп калуунун жыйынтыгы кубантарлык болбойт. Бирок достор менен бирге бүтпөгөн курулушту, иштерди бүткөрүүгө жетишесиз.
Тааныштардын санын көбөйтпөй өзүн жакшы алып жүрүп, калыс сүйлөгөндөр менен достошуӊуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
ЧАЯН-ЧЫЧКАН
Жыл ичинде иш жөндөмдүүлүгүӊүз артып, анын арты менен үйдөгүлөрдү кенен бага аласыз. Жаз – кубанычтуу окуялардын фейерверктерин алып келет. Июлда үй-бүлөнүн кичүүсү сиздерди ийгилиги менен кубантып, сыймыктантат. Августта каржыга аяр мамиле жасоо керек. Ойлонулбаган чыгымдарга жол берүү же алдамчылардын тузагына илинүү сыяктуу коркунучтар бар.

ЧАЯН-УЙ
Жакшылап ойлонуп, анан чечим кабыл алуу мүнөзүӊүз бул жылы пайдаӊызга жүрөт. Башкалар эмне кылсам деп чебелектеп жүргөн кезде сиз анализдеп, туура чечим кабыл алып коёсуз. Жыл ичинде акча табууга, көӊүл ачууга, ден соолукка жана жан биргеӊизге кам көрүүгө жетишип, кабак-кашым дебей жашайсыз. Жыл аяктап башка ишке сунуш түшөт.

ЧАЯН-ЖОЛБОРС
Жылдын биринчи жарымында командировкаларга чыгуу же чет элге барып иштеп келүү түйшүгү күтөт. Жол жүрүүдө жашоонун маӊызы, алдыдагы максаттарыӊыз тууралуу ойлонуп, жашоого өзгөртүү киргизүүнү пландайсыз. Жайдан тарта иште жооптуу милдет моюнуӊузга жүктөлөт, бирок ошого жараша киреше табасыз. Андыктан үй-бүлө түйшүгү түгөйүӊүзгө жүктөлөт. Кеч күз ийгилик, сүйүүдөн жолдуу кылат.

ЧАЯН-КОЁН
Жыл жаӊыланууга, чыӊалып иштөөгө даяр турууну эскертет. Жазында жашооӊузду артка тарткан маселелерди чечип, жаӊы сезимдерге орун бошотосуз. Жылдын экинчи жарымында кирешеӊиз келишимдерди түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алууӊузга жараша чечилет. Өзүӊүзгө жакпаган адамдар менен байланышууга чекит коюӊуз. Баш кошкондордун үй-бүлөлүк чеби бекем болмокчу.

ЧАЯН-БАЛЫК
Эмгекти сүйгөндүгүӊүз, тырышчаактыгыӊыз ар тараптуу, анын ичинде каржылык жеӊишке жетүүгө жол ачат. Бирок күчтүү аккумулятор да заряддоону талап кылат дегендей жайга жетпей эле жазында тайм-аут алыӊыз. Жылдын акыркы 2-3 айында иш, жеке жашоодо гармония жана теӊ салмактуулук сакталат. Жыл этегинде жалпысынан өсүү боюнча бир тепкичке көтөрүлгөнүӊүздү баамдайсыз.

ЧАЯН-ЖЫЛАН
Кимдир бирөө чогуу иштешкендер, туугандар менен араздашууга жеткирет. Бирок сиздин акылыӊыз провокацияга алдырууга жеткизбейт. Өзүӊүздү алаксытып, нервиӊизди жай алдырчу нерселер – китеп, интернет жаӊылыктары, дүйнө кызыктары болмокчу. Жүрөгүӊүзгө жакын адам белектери, жакшы жаӊылыктары менен кубантат. Киреше жагы эл менен «сен мага, мен сага» деп иштешсеӊиз гана жакшы болмокчу.

ЧАЯН-ЖЫЛКЫ
Ийгилик көз карандысыз өз алдынча иштегендерге жылмаят. Өз күчүӊүзгө гана ишеним артыӊыз, башкалардын көмөгү жардам болуп деле жарытпайт. Ири маселени чечүүдө квалификациялуу адиске кайрылыӊыз. Тапканыӊыз күнүмдүк жашоодон аз гана артып турат, андыктан үнөмчүл болуӊуз.

ЧАЯН-КОЙ
Жаӊы баштаган саамалыктардын баары колдоого алынат. Бир убакта эле 2-3 багыттагы ишти чогуу алып кетип, көп акча тапсаӊыз болот. Жашаган үйүӊүздү оӊдоп-түзөөдөн өткөрүүгө, короо-сарай курууга киришсеӊиз, баары оӊой бүтөт. Түгөйүӊүздүн көӊүлүн алып турсаӊыз, үйдө чыр болбойт.

ЧАЯН-МАЙМЫЛ
Сүйгөн жумушуӊуз акыры киреше алып келе баштайт. Көпчүлүк бизнес ачууга, автомобиль алууга же турак-жай маселесин чечүүгө жетишет. Бирок көрө албастар сизди алдоо жолу менен жаман ишке аралаштыргылары келет. Этият болуӊуз. Сүйүктүүӊүз жарым сөзүӊүздөн түшүнүп, колдоо көрсөтөт.

ЧАЯН-ТООК
Жашооӊузду өзгөртүүнү ойлоносуз. Чоӊ иш боюнча чечим кабыл алууда жакындарыӊыздын кызыкчылыгын эске алуу зарыл. Иште ишенимдүү дос табылат. Анын колдоосу менен чокуга көтөрүлүүгө мүмкүндүк болот. Күздө көп көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет.

ЧАЯН-ИТ
Сынга, бирөөлөрдүн сизге түшүнбөөчүлүгүнө карабай өз максатыӊызга карай алдыга жылыӊыз. Жыйынтыгы жакшы болгонун жыл этегинде баамдайсыз. Эл сиздин келечекти көрө билүүчүлүк сапатыӊызды баамдап, баалап калышат. Акчаны ишенимдүү банкта сактаӊыз же реалдуу пайда алып келчү ишке салыӊыз. Үйдөгү таарынышуулар убакыттын өтүүсү менен унутулат. Бойдоктор жүрөгүнүн ээсин табат.

ЧАЯН-ДОӉУЗ
Жылдын биринчи жарымында сизге өтө жакын болуп кала турган адамга жолугасыз. Иште сизге талап өсөт, бирок акчасы да мол болот. Эмоцияны ичке катып, элге сый мамиле жасоо менен аларды өз кызыкчылыгыӊыз үчүн пайдалана аласыз. Сүйүүгө кабылуу – кыялыӊызды жакшы жакка өзгөртүп, атүгүл романтикке айлантышы мүмкүн.

(Жаачы, текечер, суу куяр, балык белгисинин алдында туулгандардын 2016-жылга карата астротөлгөсү эмки саныбызда)

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
besh-sary
2015-12-14 09:54:39
Оо озумдуку мага жакты. Аракет кылабыз.
+2
Aman.n
2015-12-14 10:49:56
ушулар тура чыгпбы
0
Aman.n
2015-12-14 10:51:55
мен чычкан мын анан чаян
0
s5kgbal
2015-12-14 17:15:16
калп эле
0
aiwa1990
2015-12-16 12:54:26
Откон санындагыны кантип окуйм?
0
admin_superstan
2015-12-16 12:59:15
aiwa1990, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/34401
0
Maks_shop
2015-12-16 19:00:30
Аллахка ишенгиле туугандар
+1
kyrgyziaaaa
2015-12-16 19:42:20
Буга ишенуу менен адам исламдан чыгат мындайча айтканда мусулман болбой калат ишенген адам
+1
elif
2015-12-18 05:36:22
menin bir jakshi korgon agayım dayim aytat ele donuz debey kara kiyik degile dep
Kantken menen baari Allanın kolunda,ati aytkanday tolgo bul,baari tolgodoy bolup ketse ukmush bolboybu
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан