КЛИЧКОНУН ДООРУН БҮТҮРГӨН ТАЙСОН ФЬЮРИ

Жеӊилбес Майк Тайсонду ринг ортосунда чөгөлөткөн Леннокс Льюис. Шамалдай тез кыймылдап, кезектеги атаандашын нокаутка учураткан Рой Жонс. Атаандашына карай тынымсыз соккуларды узаткан Мэнни Пакьяо... Бокс тарыхында өчпөс эрдиктери менен эсте калган мушкерлердин катарын дагы бирөө толуктады. Ал – Владимир Кличконун дээрлик 10 жылдык доорун бүтүргөн Тайсон Фьюри.

Аты-жөнү – Тайсон Люк Фьюри
Каймана аты – «Цыгандар падышасы»
Туулган жери – Уитеншоу, Улуу Британия
Жашы – 27
Бою – 2 метр 6 сантиметр
Салмагы – 117 килограмм
Жетишкендиктери – Оор салмак категориясында WBA, WBO жана IBO версиялары боюнча Дүйнө чемпиону. 25 беттеш өткөрүп, анын бардыгында жеӊишке жетишкен.
(25-0,18 КО)
Үй-бүлөлүү. Жубайы Пэрис экөө Венесуэла аттуу кызын жана уулу Принсти тарбиялап келишет.

ЫСЫМЫ МАЙК ТАЙСОНДУН УРМАТЫНА КОЮЛГАН
Тайсон Фьюри 1988-жылы Улуу Британиянын Манчестер аймагында ирландиялык «саякатчынын» үй-бүлөсүндө төрөлүп-өскөн. «Саякатчы» деп Ирландиядан Англияга ооп келгендер айтылат. Фьюри маалынан эрте төрөлүп, салмагы 450 грамм гана болгон. Ошентсе да жаш кезинде бокс менен алектенген атасы Жон Фьюри уулунун мушкер болорунан үмүт кылып, айтылуу Майк Тайсондун урматына баласынын ысымын Тайсон деп коёт.
Тайсон Фьюри балалыгын рингде өткөрөт. Атасынын агасы Питер аны жаштайынан машыктырып келет. Мушкер 18 жашында алгачкы эл аралык мелдешке катышып, жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон.

УЛУТТУК КУРАМДАН ОРДУН ТАПКАН ЭМЕС
Бою 2 метр келген, бир аз жай кыймылдаган Тайсондон мыкты мушкер чыгарынан көпчүлүк машыктыруучулар күмөн санашчу. Ал сүйүүчүлөр арасында чоӊдор категориясына өтүп, көӊүл толорлук жетишкендиктерге жетише алган эмес. Англиянын олимпиадалык курамына өтө албай, Ирландия жана Уэльске өзүн сунуштап көрөт. Бирок бул да жардам берген эмес. Ошентип Фьюри Олимпиада оюндарынан куру калган.
Мындай жыйынтык Тайсон Фьюри үчүн профессионалдык карьерасына жол ачуусуна түрткү берген. Ал 2008-жылдын декабрь айында профессионалдык рингде алгачкы беттешин өткөрүп, 3 жылдан кийин Улуу Британиянын чемпиону аталууга жетишет.
Улуу Британияда белгилүү боло баштаган мушкер «Цыгандар падышасы» атка конот. Эми анын жолунда атактуу мушкерлер турган эле. 2011-жылдан тарта кезеги менен Дерек Чисора, Невен Пайкич, Кевин Жонсон, Стив Каннингем аттуу мушкерлерди жеӊип алат. Булардын катарында анын Мартин Роган менен болгон беттеши өзүнчө сөзгө татыктуу.
Мартин Роган ирландиялык мушкер, кезинде улуттук курамдын мүчөсү болгон. Ал эми Тайсон Фьюрини ушул эле Ирландиянын курамына албай коюшкан. Андыктан «Цыгандар падышасы» үчүн бул беттеш абдан маанилүү эле. Ал жергиликтүү машыктыруучуларга өзүн көрсөтүүсү керек болчу. Жыйынтыгында Белфастта өткөн кармашта Тайсон атаандашына бир да мүмкүнчүлүк берген эмес. 5-раунддун аягында Мартин Роган беттештен баш тарткан.

«КЛИЧКО ДООРУН» ТАЛКАЛАДЫ
Башынан эле оор салмак категориясынын алмашкыс чемпиону Кличко үчүн Фьюри эӊ коркунучтуу атаандаш болчу. Ал эми Тайсон Фьюри үчүн бул өмүрүндөгү эӊ негизги беттеш эле. Эгерде бул жолкусунда утулуп калса, аны бат эле унутуп калышмак. Ал эми жеӊишке жетишсе, бул мушкер дүйнө жүзүнүн назарында болмок.
29-ноябрь. Германия. Дюссельдорф шаары. Дал ушул күнү эӊ оор салмактагы WBA, WBO жана IBF версиялары боюнча Дүйнө чемпиондук курлары ортого ташталды.
Фьюри алгачкы раунддан тарта беттеш ыргагын сезип, маал-маалы менен чабуулга өтүп жатты. Владимир мындай беттешке эч көнө алган жок. 39 жашка таяган Кличко 27 жаштагы мушкердин ылдамдыгына туруштук бере албай, упай эсебинде утулуп жатканы көзгө даана урунуп турду. 12-раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар бир чечим менен Тайсондун жеӊишин маалымдашты. Оор салмак категориясында жаӊы Дүйнө чемпиону жаралды.

ЭМИ ООР САЛМАК КАТЕГОРИЯСЫ КЫЗЫКТУУ БОЛОБУ?
Дээрлик 10 жылга созулган Кличко доору бокс спортуна доо кетиргени талашсыз. «Эми бул жаатта кызыктуу беттештер жана мушкерлер арбып чыгат» деп белгилешет серепчилер. Мурда «Кличко жана башкалар» болсо, эми бул чемпиондукка айыгышкан күрөш жүрөт. Эми «чээнде жаткан» мушкерлер аӊчылыкка чыгууга белсенишүүдө. Алсак, англиялык Дэвид Хэй, америкалык Деонтей Уайлдер эмитеден чемпиондук кур үчүн даярданып жатышса, орусиялык Александр Поветкин да олуттуу мушкерлердин катарында. Ал эми Фьюри кезектеги беттешин экинчи жолу Владимир Кличко менен 2016-жылы өткөрөрүн билдирди. Муну менен ал Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) чемпиондук наамынан ажыратылды. Анткени ал кийинки беттешинде Вячеслав Глазков менен кезигүүсү тийиш болчу.
Эми Тайсон улуу боксчулардын катарын толуктагысы келсе, аталган мушкерлерди жеӊүүсү керек. Анда бул үчүн бою десе бою, сокку десе соккусу бар. Бул «темир» Майк эмес, бул жаӊы Тайсон.

Фьюрилер үй-бүлөсү. Рингдеги каардуу Тайсон үйдө үлгүлүү кожоюн.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aman.n
2015-12-14 10:21:31
азамат тайсындын жолун жолдоп тур
0
Urmat-1989
2015-12-14 21:04:37
450 грам болуп торолгон дейби
0
Lumia-800
2015-12-14 21:20:22
Кличколордун доору качан эле кеткен. Жакпайт экоонун тен урушканы.
+7
Neizvestno777
2015-12-15 01:46:54
450грамм болсо не 3айлыгында эле торолгонбу?
0
Mars55
2015-12-15 01:54:46
27 жашта экенда мен ойлопмун 35те деп
+2
admin_superstan
2015-12-15 10:38:57
Neizvestno777, Urmat-1989, саламатсыздарбы! Маалымат такталып жазылган.
0
Kadyrbek09.10.2015
2015-12-16 01:52:23
Мына сага
0
Bekish-kg
2015-12-17 14:23:49
эрден шер чыгат,эр к.. кысат -деп койор беле бизде:)
0
Kara-kulzha
2015-12-19 15:34:35
Мына Шумдук, ошондо Чемпион болбой калдыбы?
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан