Марк Цукерберг – дүйнөдөгү эӊ жаш миллиардерлердин алдыӊкы сабында, Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү. Бозоргон футболка, толстовка, кыскасы, ыӊгайлуу гана спорттук кийимдерди жактырган, маанилүү жолугушууларга да ошол кийими менен эле бара берген бул өзгөчө миллиардер тууралуу төмөндө сөз кылабыз.
ПОЛИГЛОТ МАРК ЦУКЕРБЕРГ
КИЧИНЕКЕЙ ГЕНИЙ
Марк Эллиот Цукерберг 1984-жылы АКШнын Нью-Йорк штатындагы Уайт-Плейнс шаарчасында, еврейлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Келечектеги генийдин атасы Эдвард Цукерберг стоматолог, апасы Карен психолог. Марк алардын үй-бүлөсүндөгү жалгыз уул. Марктан башка Цукербергдердин Рэнди, Донна, Ариэль аттуу кыздары бар.
Бала кезинен тарта эле Марк өзгөчө жөндөмдүүлүгүн көрсөтө баштаган. 10 жашында атасы ага биринчи компьютерин алып берген соӊ кичинекей гений компьютердик программалоого баш-оту менен кызыгып, адегенде жөнөкөй компьютерде ойнолуучу оюндарды жасап таӊ калтырса, кийин алардын үй-бүлөсүндө электрондук кат алышууларды камсыздаган «Zucknet» деген программаны ойлоп тапкан.
Жогорку класстарда окуп жаткан кезинде Марк «Synapse» деп аталган программаны ишке ашырган. Аталган программа компьютер колдонуучунун табитине жараша ырларды, обондорду чогулта алган. Бул эмгегин беш нөлү бар суммага сатып алууну каалагандар чыкканына карабай Марк программаны бекер жайылтып, көпчүлүктү таӊ калтыра алган.
ПСИХОЛОГ-ПРОГРАММИСТ
2002-жылы келечектен көптү үмүттөндүргөн программист күтүүсүз чечим кабыл алып, Гарвард университетине психолог кесибине тапшырып окуп баштаган. Компьютерден алыстабаган Марк окуу жайда да жөн жүрбөстөн Гарварддын электрондук маалымат базасына хакерлик чабуул жасап жиберген. Башкача айтканда, базадагы студенттердин сүрөттөрүн алып, «Facemash» деп аталган өзү ойлоп тапкан программага колдонгон. Анда эки студенттин сүрөтү чыгып, «Кимиси көбүрөөк жагат?» деген суроо коюлган. Муну менен студенттер арасында ким популярдуу экени аныктала баштаган. Бирок окуу жайдын жетекчилиги Маркты бул кылыгы үчүн кечирим суроого аргасыз кылган.
Дал ушул программа Марктын курсташтары болгон Дивья Нарендра менен бир тууган Тайлер жана Кэмерон Уинклвосстордун көӊүлүн бурган. Алар өздөрү кыялданып жүргөн HarvardConnection.com социалдык түйүнүн жасап бере турган мыкты программист катары Цукербергди көрүшкөн. Бирок иш теӊирден тескери болуп чыккан.
ЧУКУЛ БУРУЛУШ – ФЕЙСБУК
Цукерберг алардын ойлорун угуп социалдык түйүндү жасаганга макулдук берип, анын авторлорун куру убадалар менен тойгузуп жүрө берген. Анын ордуна Марк жатаканада чогуу жашаган Дастин Московиц, Эдуардо Саверин жана Кристофер Хьюз менен биргеликте Thefacebook.com социалдык түйүнүн иштеп чыгышат. Ооба, бул азыр дүйнөдөгү адамдардын дээрлик көп бөлүгү колдонгон Фейсбук болчу. Ал жөнөкөй эле студенттик жатаканада ишке кирген. Аз өтпөй Маркты программист катары жалдаган бир тууган Уинклвосстор жана Дивья Нарендра анын үстүнөн интеллектуалдык менчикти, идеяны уурдап алды деп сотко арыз жазышкан.
Бул чоӊ бурулуш эле. Колдонуучулардын саны мүнөт санап өсүп отуруп 2004-жылы миллионго жеткенде Марк жана анын достору Гарварддагы окуусун таштап, Фейсбукту иштетүүнү тандап кетишкен.
2008-жылы Марк Цукербергдин тарыхтагы биринчи эӊ жаш миллиардер болуп табылганы Фейсбуктун иши кандай өнүккөндүгүн айгинелеп турат. Баса, сотко кайрылган бир
тууган Уинклвосстор жана Дивья Нарендра Фейсбуктан 20 миллион доллар накталай жана 45 миллионго бааланган компаниянын акциясын доо катары өндүрүп алышкан. Ал эми бир кездеги Марктын досу Эдуардо Саверин да пикир келишпестиктен улам соттошууга барып, Фейсбуктун 5 пайыз акциясына ээлик кылып калган.
ТАБИТИ Эӊ НАЧАР МИЛЛИАРДЕР
Марктын башы иштеген мырза эле эмес, эӊ жаш миллиардер болгону да далай сулуу айымдарды акылынан адаштырса керек. Бирок биздин каарман өзгөчө адам. Ал Гарвардда 2-курста окуп жүрүп таанышкан Присцилла Чан аттуу кытай кызына болгон ашыктык сезиминен тана элек. 9 жылдан ашуун кыз-жигит болуп сүйлөшкөн алар 2012-жылы баш кошушкан. Присцилла Чан миллиардердин аялындай көрүнбөйт. Жаштардын тили менен айтканда, ал жөнөкөй эле «боз чычкан», ашыкча сулуулугу деле жок. Бирок миллиардердин, генийдин жүрөгүн багынтып алганына караганда ал да өзгөчө адам го деген ой келет. Же, балким, аны Марктын көздөрү менен караш керектир. Себеби Марк өзүн миллиардердей алып жүрбөйт. Айтылуу «GQ» журналы Фейсбуктун атасын «Табити эӊ начар миллиардер» деп тапкан. Марк ар дайым бозоргон футболка кийип жүргөнү буга кошумча себеп. Анын футболкалары тууралуу «мен кийим тандоо деген сыяктуу милдеттүү эмес нерселерге энергиямды корото берсем, өз ишимди жасай албай каларымды сезип турам» дегени бар.
КАЙРЫМДУУЛУККА 45 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР
2015-жылдын 2-декабрында Марк Цукерберг менен Присцилла Чан кыздуу болушту. Адатта жомоктордо сүйүнүчтөн «кырк күн, кырк түн той берди» деп айтылат го. Марктын сүйүнүчтөн жасаган ишинин алдында бул сөздөр шоона эшпей калды. Дегенибиз, Марк Фейсбуктун өзүнө тиешелүү акцияларынын 99 пайызын (учурда алардын баасы 45 миллиард доллар) өмүрүнүн акырына чейин кайрымдуулукка жумшай турганын жар салды. Бул тарыхтагы эӊ ири кайрымдуулук экени айтпаса да белгилүү. Марктын билдирүүсү жаӊы төрөлгөн Макс аттуу кызына жазылган кат катары жарык көрдү. Анда «Макс, биз сени ушунчалык жакшы көрөбүз. Андыктан биз сага жана бардык балдарга дүйнөнү мыкты кылып берүүгө милдеттүүбүз» деген саптары бар. Мындан улам Марк Цукерберг кызына миллиарддаган долларлардан мурун, өзгөргөн мыкты дүйнөнү мурас катары калтыргысы келди деген жыйынтыкка келүүгө болот.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg