Эмил Эсеналиев, тамашоучу: «КАЙНАТАМ МАРАТ КОЗУКЕЕВ ЭКЕНИН БИЛГЕНДЕ АЯБАЙ КОРКТУМ»

Биринин артынан экинчиси жарыша үйлөнүп жатышкан тамашоучу бойдок жигиттердин саны дагы бирөөнө кыскарды. «Ак-Өргө city» командасынын оюнчусу, тамашоучу, актёр, тамада, түрдүү таланттын ээси Эмил Эсеналиев 7-декабрь күнү үйлөндү. Күлкү жаратуучуну бул жакшылыгы менен куттуктап кепке тарттык.

– Эмил, куш боо бек болсун! Сенин үйлөнгөнүӊ биз үчүн абдан күтүүсүз болду, өзүӊөчү?
– Рахмат, «жакшылыктын эрте-кечи жок» деп коюшат экен. Командабыздагы Самат, Куба үйлөндү, болбосо алар менден кичүү. Жалгызсырадым, мен да Саматка, Кубага окшоп өзүмдү кожоюн сезгим келди. Чынын айтсам, көбү үчүн күтүүсүз болду, тааныштарым, үйдөгүлөр деле үйлөнөт деп ойлобосо керек. Акыркы күндөрү дос балдарым мен үчүн көп кабатырланып калышкан. Самат «братан, сага кийинчерээк такыр эле кыздар жакпай калат го, олуттуу мамиле курсаӊ боло» деп сарсанаа боло берчү.
Бир жолу «Супер-Инфодогулар» «качан үйлөнөсүӊ?» деп сураганда «бейшемби күнү» деп койгон болчумун. Бирок жакшылык кайсы күн экенин ылгабайт экен, тагдыр буйруп дүйшөмбү күнү баш коштук.
– Сени ала качып үйлөндү деп уктук...
– Ала качып же колдон алып кетип үйлөндүмбү, иши кылып сүйлөшкөн кызыма үйлөндүм да (күлүп). Башкысы, келинчегимди мажбурлабай, анын макулдугун, ата-энебиздин ыраазычылыгын алып баш коштук. Кантип алып кеткендигим келинчегим Айгерим экөөбүздүн ортобуздагы сыр бойдон калсын. Ала качып кеттим деп айта албайм.
– Келинчегиӊ тууралуу айта кетсеӊ...
– Келинчегим кара-балталык, аты Айгерим, 21 жашта. Кесиби актриса, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуйт. Бою менден бир аз узунураак. Бир жолу атамдын иниси «бир аз «здоровыйраак» кыздарга үйлөнгүлөчү, Эсеналиевдер жоголуп баратабыз» деп айткан эле, ошол айтканын эске алдым.
Экөөбүз Инстаграмда бири-бирибиздин сүрөттөрүбүзгө «лайк» басып жатып эле таанышып калганбыз. Жолугууга барганда Самат жанымда эле, кийин ал «Эмил, абдан уялдыӊ го, сүрдөгөнүӊдү биринчи жолу көрүп жатам» дебеспи. Мен «койчу, сүрдөгөн жокмун» деп моюнума албай койгом.
Кубанын тоюна Айгеримди ээрчитип барарда абдан ойлондум, «алып барсамбы же эртерээкпи, эл көзүнө алып чыккандан кийин мамилебиз уланбай калса эмне болот?» деген ойлор менен алпурушуп жатып ээрчитип баргам. Планымда кийинки жылдын күзүндө үйлөнөм деп жүргөм. Сүйлөшкөн кызым жок болчу, бирок күзгө чейин табам дегем. Айгеримге жолуккандан кийин ал планым жазга жылып калды. Карасам баары эле күзүндө, жазында үйлөнүшөт экен, мына сага деп мен кышында үйлөнүп салдым.
– Кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүӊөргө бир жыл боло элек экен...
– Ооба, 6-7 ай эле болгон. Урмат Усеновдун мага айткан бир сонун сөзү бар. Ал «Эмил, кыз менен 8 ай, 8 саат же 8 секунд сүйлөшөсүӊбү, үйлөнгөндөн кийин ал баары бир башка адам» деген. Андыктан кыз-жигит болуп канча убакыт сүйлөшөсүӊ, айырмасы жок экен, үйлөнгөндөн кийин мен да, келинчегим да өзгөрдүк. Акылыӊ жайында болсо, кыска убакыттын ичинде эле адамдын кандай экенин биле аласыӊ.
– Үйлөнүү тууралуу сунушту кантип киргиздиӊ?
– Айгерим мени биринчи жолу көргөндө эле бул тууралуу ойлонгон экен. Менде да бул ой бар болчу. Эми суу астынан шакек берип колун суроо дегендерге жокмун, романтик эмесмин. Ачык эле «үйлөнгүм келип жатат» деп айттым, ал макул болду. Айгеримдин жакшы жери – такыр ашыкча сөз сүйлөбөйт. Ата-энесинен мыкты тарбия алганы көрүнүп турат. Үйлөнгөн аябай жакты, мурункудай түнкү саат 12-1де келип, түшкү 12ге чейин уктоо деген жок. Акырындан эрте турганга, эрте жатканга көнүп баратам. Чыгармачыл адамдар үйдө көп турбайт да. Бүгүн эртеӊ менен үйдөн чыгып келе жатсам келинчегим «үйгө эртерээк кел, ээ?» дейт, ичимден «апей, эмнеге эрте келишим керек?» деп алдым да, үйлөнгөнүмдү эстеп «ооба, эрте келиш керек да» деп башымды тырмаган бойдон унчукпай калдым.
– Берген маектериӊде «сүйүктүүмдү сөзсүз «Ак-Өргө city» командасындагы жигиттердин сынынан өткөрөм» деп айткан элеӊ. Жубайыӊ досторуӊдун
элегинен өттүбү?
– Мен үчүн Айгеримдин досторум менен тил табышып кетүүсү абдан маанилүү эле. Анткени командадагы балдар аяштары менен ынтымакта болсо, команда чачырабай, көпкө кармалат. Кудайга шүгүр, Айгерим Кубанын келинчеги Замира, Саматтын жубайы Чолпон менен сонун келишип, жакын курбулардан болуп жүрөт. Кечээ түлөө берип жатканда үчөө жоолук салынып кызмат кылып жүрүшсө, көзүмө башкача көрүнүп кетти. Чолпон менен Замира үйдө казан-аяк жууп, меникинде конок тосуп жүрүштү. Командадагы балдар Айгеримге «сиз», «жеӊе» деп кайрылышат. Айгерим досторума, туугандарыма баарына жакты.
– Кайын журт менен келишип алсаӊ керек?
– Кайнатам белгилүү актёр, «Дем» театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеев, кайненем да актриса. Айгерим менен таанышканда кайнатамдын белгилүү адам экенин билген эмесмин. Бир жолу Айгеримдин баракчасына кирсем атам, апам деп сүрөт жүктөптүр, карасам Марат Козукеев турат. Дароо эле Айгеримге чалып, «Эмне, Марат Козукеев атаӊ болобу?» десем, «ооба» дейт. Абдан корктум, кайнатам абдан сүрдүү көрүнөт экен. Чынын айтсам, ал кишинин алдында сүрдөгөндөй өмүрүмдө сүрдөгөн эмесмин. Кичинемден Аскат Сулайманов, Марат Козукеев, Азиз Мурадиллаев катышкан кинолор менен өстүм. Бул кишилер менин кумирим десем жаӊылышпайм. Минтип өзүӊөр көргөндөй, кумириме күйөө бала болуп отурам.
– Тоюӊар качан анан?
– Учурда 1-2 тасмага тартылып, убактымдын көбү ошол менен өтүп жатат. Заманбап тойду 14-февралда өткөрөлү деп жатабыз.
– Кармашкан колуӊар үзүлбөсүн, бактылуу болгула!

"Мени баарынан Айгеримдин досторум, аяштарым менен бат тил табышканы сүйүндүрдү".

"Үй-бүлөлүк жашоого бат көнүп жатам. Ушундай жашоону эле күтүп жүргөн окшойм".

Тамашоучу корккон, сүрдүү кайнатанын ролунда Марат Козукеев.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эмил: “Кийимим таза, тамагым даяр. Мурда эле үйлөнсөм болмок экен”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Erniet
2015-12-15 04:40:37
Мына сага деп кышта уйлонуп алганын жакты да Жубайын экоон жакшы тугой болупсунар Бактылуу болгула!
+1
besha
2015-12-15 14:33:59
Азамат,
Красавчик!!!
+1
Urmat-1989
2015-12-15 22:25:32
эркек
0
312kyrgyzstan
2015-12-15 22:46:53
Бактылуу болгула!!!
0
312kyrgyzstan
2015-12-15 22:47:44
Братан мени да киного тартпайсынбы? Талант бар тааныш жок.
0
admin_superstan
2015-12-16 09:44:53
Nurik_1112, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
iasmin
2015-12-16 14:22:35
Бактылуу болушсун
0
iasmin
2015-12-16 14:23:32
Бакыт каалайм
0
adik_kgz
2015-12-16 16:49:37
Бактылуу жубайлардан болгула. Кармашкан колунар узулбосун.
0
aizirek...
2015-12-16 16:58:47
бактылуу болгула
0
Kamchybekova.Ch
2015-12-16 20:34:40
Бактылуулук каалайм.
0
Deniza88
2015-12-18 09:26:24
Экоо окшош экен ээ))) бактылуу болгула
+1
Kara-kulzha
2015-12-19 16:11:59
Бактылуу болушсун!
0
anar-87
2015-12-20 20:22:25
мага жакты уйбулолук бакыт каалайм
0
akyl-um
2015-12-23 14:29:01
Куш бообек болсун. Негизи эл Эмил байке аябай кыйын жигит да. Суйлогону олутту, тапан, кыйын актер.Эми мыкты жолдош болунуз.Бактылуу болунуз. Интервью дегенди ушундай жасалмасы жок, мактанбай тын-тарс жоопбериш керек да.Азаматсыз!!!
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан