КЫРГЫЗ АТКАМИНЕРЛЕРИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ ЭКОЛОГИЯГА КАНДАЙ КАМ КӨРӨТ?

Карапайым жарандар Бостеридеги таштанды төгүүчү жайды жаптыра албай убара. Бир топ жыл мурун «Greenpeace» уюму дүйнө жүзү боюнча жаратылышты булгагандарга каршы ири жүрүштөрдү жаӊыдан уюштуруп, адамдар озон катмарынын жукарышы деген түшүнүктү жаӊы гана биле баштаган кезде дүйнөлүк экологиялык кыйроо анчалык деле айкын жана жакын көрүнгөн эмес. Ал эми азыр алыскы бир айылдагы мектеп окуучусу да глобалдык жылуулануунун баары адамзатка коркунуч жаратарын аӊдай алат.
Ал өз кезегинде ар кандай себептерден келип чыгат. Башкысы, албетте, адамдын өндүрүштөгү ишмердиги, төмөн технологиялык өндүрүштөрдө атмосферага, жерге абдан көп талкалоочу заттар ыргытылат, төгүлөт.
Табиятты талкалоочу глобалдык өзгөрүштөр Кыргызстанды кыйгап өтпөдү. Серепчи-экологдор качантан бери коӊгуроо кагып келаткандай глобалдык жылуулануунун
таасиринде республикабыздын бир байлыгы болгон мөӊгүлөр эрип барат. Бул кооптондурбай койбойт. Бирок кайра эле ошол адистердин айтымында, биз бул шартта эч нерсе өзгөртө албайбыз.
Глобалдык чаралар көрүлбөсө, бул кайтарылгыс процесс. Бирок республикабызда дагы башка бир көйгөй бар – таштанды. Бүт өлкө боюнча таштанды таштоочу жай маселеси – коомдун балээси. Мөӊгүлөр боюнча эч нерсе өзгөртө албасак да, таштанды көйгөйүн чечүү колдон келчү нерсе. Эгер ага ниет болсо...
Соӊку айларда басма сөз мейкиндигинде талкууланып келе жаткан окуя буга мүнөздүү мисал – Бостери айылындагы таштанды төгүүчү жай. Ысык-Көл жээгиндеги кырдаал тууралуу «Энтузиаст» бакча шериктигинин катышуучуларынын, Бостери айылынын фермер жана активисттеринин президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусунда айтылат. Баш мыйзамдын кепилинен 2003-жылы жергиликтүү бийлик курган 4 гектар таштанды төгүүчү жайды жабууну өтүнүшөт ал жерге жакын үйлөрдүн тургундары.
Көйгөйдүн маӊызын жеткирүү үчүн болушунча кыска баяндайлы. 1980-жылдардын башында жарандар дача жер тилкелерине ээ болуп, жайгаштырылган. Жакын жерде өз күчү жана каражаттары менен тосулган фермердик чарбалар бар. 2001-жылы жергиликтүү бийлик бул дачалардын жана фермердик чарбалардын дал түбүнө райондук маанидеги таштанды төгүүчү жай ачууну чечпесе, азыркы көйгөй жаралбайт эле. Башта акыр-чикир жайы 4 гектар деп белгиленген, бирок жыл өткөн сайын аянты жайылып барат. Ошентип азыр дачалардын жана фермердик чарбалардын коӊшулары – чымын-чиркей, сасык жыт, каргалардын тобу, дайыма өрттөлгөн пластиктердин миазмалары (аба аркылуу тароочу зыяндуу заттар), таштанды жайдан жан баккан жана жолунда бакчаларды да «тазалай» кеткен үй-жайсыз адамдардын тизмеги. Ал эми таштандыдан агындылар Ысык-Көлгө куюлчу суу булактарына да агып, жерге да сиӊип жатканын айтпай эле коёлу.
Жергиликтүү тургундар унчукпай коё алышкан жок. 12 жылдан бери таштанды таштоочу жайдын иши боюнча уккандардын баарына, бул процессти көзөмөлдөгөндөргө даттанып келишти. Баса, 2011-жылы таштанды таштоочу жайды жабууга убада да беришкен. Бирок алдашты. Буга чейин да бир нече ирет алдагандай. Бүгүнкү күндө коомчулуктун, басма сөздүн үӊүлө көз салуусунан улам жергиликтүү бийлик жок дегенде таштандыны тазалады, үй-жайсыздарды кубалады. Бирок таштанды ташталчу жай дагы деле ошол жерде. Айтмакчы, кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы таштанды төгүүчү жай мыйзамдагы экологиялык талаптар аткарылбай уюштурулганын тастыктаган. Демек, 12 жылдан ашуун жергиликтүү бийлик бул көйгөйгө көз жумуп гана келбестен, жергиликтүү тургундарды алдап, ал эми жогорку көзөмөлдөөчү органдар мындан өз пайдасын алып келишкен.
Келерки жылы Бостериде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Бүтүндөй Кыргызстан ал окуяга жетине албай кубанат. А биз ал иш-чарадан чыккан тонналаган акыр-чикирдин алдыбызга келип төгүлүшүн көрөбүз. «Урматтуу президент, бизди эмнеликтен мындай жазалашууда? Таштанды төгүлүүчү жай бизден 300 метр аралыкта, ал улам кеӊейип келет. Эки-үч жыл ичинде үйлөрүбүздү таштап кетүүгө аргасыз болобуз. Маӊдай тер менен тапкан жана жакшы көргөн жерибизди да!»- деп жазышат президент Атамбаевге айласы кеткен жергиликтүү тургундар.
Бостеридеги таштанды төгүүчү жайдын тегерегиндеги бул окуя жана жергиликтүү бийликтин реакциясынын фонунда өлкө бийлигинин ар түрдүү экологиялык нормаларды сактоодо «Кумтөргө» таккан талаптары күлкү келтирерлик. Ошону менен бирге эле мөӊгүлөр туурасында, биз жогоруда жазгандай, алардын эришине глобалдык жылуулануу таасир этет.
– Өлкөдө бир дагы таштанды төгүүчү жайдын долбоордук документациясы жок,- дейт серепчи-эколог Өмүрбек Элеманов, – Бир гана «Кумтөрдүн» бекитилген бардык зарыл документтери бар. Ал долбоорду иштеп чыгууда өзүм да катышканмын.
Анын айтымында, мамлекеттин мындай көз карашы туура эмес. Чет мамлекеттер гана эмес, коӊшу өлкөлөрдөн да үлгү алар бизде да «таштанды бизнесин» менчик колго өткөрүү зарыл. Кош стандарт саясатын: Бостеридеги ошол эле таштанды төгүүчү жайга бийликтегилер көз жумат да, ошолор эле «Кумтөргө» келгенде экологиялык нормаларды сактоо боюнча эмне деп жатышканын серепчи жөпжөнөкөй түшүндүрдү:
– «Кумтөр» мыйзамдагы бардык нормаларды сактоого умтулат. Бирок мыйзамдарыбыз да кынтыксыз эмес. Мамлекеттик таштанды төгүүчү жайларды ошол эле бийликтегилер көзөмөлдөйт. Ошол себептен ушундай мамиле жасалат,- дейт Өмүрбек Элеманов. – Алыска барбай эле Бишкекке бир көз салгылачы. Шаар таштандыга, акыр-чикирге толгон, бийлик бул көйгөйдү чечпейт.
Мына ушундан улам инвесторлордон мүмкүн болбогон нерселерди – маселен, глобалдык жылуулануунун таасирин токтотууну талап кылабыз. Ал эми өзүбүз болор-болбос ишти – көл жээгин, шаарды, айылды таштандыдан тазалап, өлкөбүздө тазалыкты камсыздай албайбыз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
marik10
2015-12-16 15:47:48
ушулар кумтор деп кыйкырышат жаткан ботолко баштыктарды жоготушса бир жон
0
seni.gana
2015-12-16 18:47:49
Туура маселе екен Чындап куйсо шаарды мусурларды тазаласын еки созунун бири еле кумтор болуп калды азыркы жасалма патриоттордун
0
jaazira13
2015-12-17 12:35:06
биринчиден Бишкек шаарыбыздан башташса корунот эле иштеп атышканын
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан