ДОСТУН ДА ДОСУ БОЛОТ

Достун достугу кыйынчылыкта билинет эмеспи. Биз конокко чакырган спортчу, ырчылар тамашага салып досторун сынап көрүштү. Анда кимдин досу кандай экени сиздердин назарыңыздарда.

«ЖИГИТ ТААП БЕРЕ АЛАСЫЗБЫ?»
Ырчы кыз Кундуз Гүл­зинатка телефон чалып, жигит таап берүүсүн өтүн­дү.
– Гүлзинат эже, кандайсыз?
– Жакшы, өзүң кандай, ден соолугуң жакшы болуп калдыбы?
– Жакшы, рахмат. Гүлзинат эже, мен сизге бир иш менен чалып жатам. Бир жакын досум менен мелдешип кеттим. Ага мен кашы-көзү кара, өзбектерге окшош жигитим бар дегем. “Сенин жигитиң жок, билем го” дегенинен болбой, ишенбесең 500 долларга мелдешели деп койгом. Эми ал досум чалып, «жигитиң менен конокко кел» деп чакырып жатат. Эмне кыларымды билбей, досторумдун баарына телефон чалдым. Анан сизди эстедим. Сиз сулуусуз го, балким, сулуу инилериңиз бардыр.
– Иним деле жок. Бирок азыр эстеп көрөйүнчү. Сага шашылыш керек болуп жатабы, ээ?
– Ооба, эже, бүгүн бармакпыз.
– Ай, сен менин күйөөм менен эле барып келбейсиңби?
– Сиздин күйөөңүз мененби? М-мм, тамаша эмеспи.
– Тамашасы жок, чын эле айтып жатам. “Как раз” күйөөмдүн көзү-кашы кара. Бирок мен азыр ага айтып көрөйүн, анан кайра чалам.
– Гүлзинат эже, сүйүнгө­нүм­дөн эмне дээримди билбей калдым. Рахмат, жардамыңызга. Бирок бул “Супер-Инфо” менен бирдикте уюштурган тамаша болчу.
– Ий десе, мен тим эле күйөөм­дү көндүрүүнүн жолун издей баштаса. Кундуз, сени жакын сиңди санаган үчүн күйөөмдү ишенип жөнөтөйүн дегем. Ойлоп жүрбөгүлө, баарына эле күйөөсүн кошуп берет экен деп ха-ха-ха!..

“МАШИНАҢЫЗДЫ БЕРИП ТУРАСЫЗБЫ?”
Балбан Руслан агасы Уландан машина сурап тамашага салды.
– Улан байке, кандайсыз, мен Руслан.
– Аа, тааныдым. Кандай? Иштер болуп жатабы? Ии, чалып калыптырсың.
– Мага машинаңызды бир күнгө берип турасызбы? Айылга бир нерселерди жеткизип келиш керек болуп жатат.
– Машина дейсиңби, макул.
– Сиздики кандай машина эле?
– Оң рулдуу.
– Мен оң рулду айдай албайм да. Башка эле машина таап бересизби?!
– Анда күтө тур, мен караштырайын. Сага 10 мүнөттөн кийин кайра чалам.
(Туура 10 мүнөттөн кийин кайра чалды).
– Руслан, башка машина табылган жок. Дагы бир аз күтпөйсүңбү, караштырайын.
– Улан байке, тим эле коюңуз. Мен “Супер-Инфо” менен бирге тамашалап чалдым эле. Сынап көрөйүн дедим да.
– Ай-ата! “Супер-Инфонун” таппаганы жок. Спортчуларды кыз да кылып салышыптыр. Эми бири-бирибизди тамашага салдырып... Мен болсо чындап эле машина сураштырып алыптырмын.

«ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫМ»
Ырчы Микаэль Айпериге чалып, жол кырсыгына кабылганын айтып жардам сурады.
– Алло, Айпери, бул мен Микаэль.
– Тааныдым, кандайсың?
– Иш чатак. Айпери, мен жаман окуяга туш болдум. Бир “крутойдун” машинасын сүзүп алдым. Жок дегенде 500 доллар алып келип куткарып кетчи. Досторума чалсам бири да албай жатышат.
– И-ий абайлабайт белең, өзүң жакшы элесиңби?
– Өзүм жаракат алган деле жокмун. Сүзгөн машинамдын ремонту 500-600 долларга чыгат дешти. Ал эми меники андан көп болуп кетет го.
– Менин акчаларымдын баары атамда да. Жанымда акча жок.
– Жардам берчи, мен сага ал акчаны бир-эки күндө кайтарып берем.
– Макул, азыр мен бир кишиге телефон чалайынчы. Анан сага кайра чалам.
– Тезирээк чалчы.
(Беш мүнөттөн кийин Айпери кайра чалды).
– Алло, Микаэль, кайсы жактасың?
– Фрунзе-Исанов кө­чө­лөрү­нүн кесилишиндеги “Супер-Инфо” РИИБинде отурам. Кечирип кой, биз сени тамашаладык.
– Ой, ушинтип да тама­шалайсыңбы?
– Ооба да, мени келип алып кетесиңби?
– Чуркап баратам.

«МЕНИН ОРДУМА ОРУСИЯГА БАРЫП КЕЛЧИ»
Айжан курбусу Аидадан өзүнүн ордуна Орусияга гастролго барып, бекер ырдап берүүсүн суранды.
– Аида, салам.
– Салам.
– Сага чоң өтүнүч менен чалып жатам. Орусияда бир жакшы тааныш эже бар. Ал жакында туулган күнүн өткөргөнү жатыптыр. Анан мени «келип ырдап кет» деп жатат. Бирок азыр мен клип тартуу менен алек болуп бошобой жатам. Ордума барып келбейсиңби. Барыш-келишин эле төлөп берет. Бирок бекер ырдайсың.
– Бекерби? Айжан, мен азыр эч жакка бара албайм го. Бирок азыр ата-энемден сурап көрөйүнчү. Же сурабай эле коёюнчу. Айжан, таарынбачы, бара албайт окшойм.
– Анда сен баламды багып турбайсыңбы. Азыр бала бакчага да барбай калган.
– Мейли, качан, кайдан алып кетейин. Жанымда алып жүрө берем.
– “Супер-Инфодон”. Аида, бул тамаша болчу.
– Ий, Айжан, сен жөн жүр­бөй­сүң да.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Joldoshbek
2010-02-03 15:53:11
"Супер-Инфо" кудай аманчылык берсе дагы эмнени ойлоп табаар экенсинер? Дайыма эле ушинтип калкыбызга кулку тартуулап журо бергиле...
-1
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан