ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-декабрдан 20-декабрга чейин)

КОЙ  (21.03-20.04)
Бул жумада кой жылдызындагылар олжолуу болушат. Башкача айтканда, алдына коюлган максаттарын жүзөгө ашыра алышат. Кандай кадамдарга барышпасын жеӊишке жетишишет. Жаӊы идеялар пайда болот, алар менен алпурушуп бош убактыӊыз да аз болот. Ошого карабай жашооӊузга жаӊы өзгөрүүлөрдү алып келчү романтикалуу таанышууларга кез келесиз. Бул таанышуулардын жыйынтыгы бойдокторду чогуу түтүн булатууга жеткирбесе да, пайдалуу жакка чечилет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта кыйынчылыктар менен башталат. Бир убакта бир нече ишти бүтүрүп салып, тынч эс алып отургуӊуз келет. Бирок канчалык катуу аракет кылбаӊыз мурдатан бүтпөй келе жаткан иштер артка тартат. Капаланбаӊыз, жуманын экинчи жарымынан тарта өзүӊүздүн сүйүктүү ишиӊиз менен алектенесиз. Аптанын акыркы күндөрү чөнтөгүӊүз калыӊдайт жана ашып-ташкан энергияӊыз өз ордун табат. Үйүӊүзгө жаӊы буюм да аласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сиздин жашооӊузда жаӊылык болот. Балким, жаӊы бир нерсе менен алектенесиз же жаӊы сезимдерге жуурулушасыз. Бул сиздин маанайыӊызды шаӊга бөлөп, көӊүлүӊүздү көккө көтөрөт. Жан дүйнөӊүздө гармония жаралып, өзүӊүздү жеӊил сезесиз. Туугандар, досторуӊуз менен мамилеӊиз жакшырып, акчага байланыштуу чечилбей келе жаткан маселеӊиздин баарын чечип аласыз. Андыктан түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаӊыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жолуӊузду торогондор четтен чыгат. Сиз аларга баш ийип, алаканыӊызды жайып отуруп калбаӊыз. Жашоо үчүн күрөшүү керектигин эсиӊизден чыгарбаӊыз. Бул жумада өзүӊүздүн бактыӊызга жолугушуӊуз күтүлөт. Жылдыздар көӊүлүӊүзгө жаккан адамыӊыз сизге сүйүүсүн арнаарын эскертишет. Толук бактылуу болууга эмне жетпейт? Акча, байлык, бийлик деп ойлонушуӊуз мүмкүн, бирок материалдык дүйнөнүн кулу болуп калуудан качыӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз азыр айлана-чөйрөнү жаӊы көз караш менен караӊыз. Талыкпай эмгектенгениӊиз жакшы жактарга чечилиши мүмкүн, бирок сиз ойлогондой жыйынтык бербейт. Анткени өзүӊүздүн турмуштагы образыӊыздын жана эски көз карашыӊыздын барымтасында калгансыз. Жашоодогу аракеттериӊизди бир аз азайтып, эс алып, анан изденүүгө, жаӊыча ойлонууга кадам таштаӊыз. Апта ортосунда жаӊы буюм сатып алып көӊүлүӊүз көтөрүлөт.

БИЙКЕЧ  (24.08-23.09)
Башкалардын жардамына муктаж болосуз. Жардам сурагандан тартынуунун кереги жок. Аларга кийин сиз деле жардам беришиӊиз мүмкүн. Сүйүктүүӊүзгө көӊүл бурууну унутуп баратканыӊызды моюнуӊузга алууга туура келет, анткени ортодогу таарынышуулар ага себеп болот. Ошондуктан жумуш өз орду менен экен, үй-бүлөнү биринчи орунга коюу керек турбайбы деген ойго келесиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сизде акчага байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Мындай учурда эч кимге ишенбөөгө туура келет, бул маселени чечүүчү өзүӊүз гана экенине ишениӊиз. Бирок өзүӊүзгө болгон ишенбөөчүлүк артка тартат. Бул жумада жашооӊуздун жаӊы өӊүтү ачылат. Башкача айтканда, келечекке эшик ачылат. Сиз каалабасаӊыз деле сырттан жардам аласыз. Дос-туугандын жардамынан, кеӊешинен баш тартпаӊыз, ал сизге пайда гана алып келет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ойлонбой туруп чечим чыгарып аракет көрүүдөн алыс болуӊуз. Бул кадамыӊыз түз жерден өзүӊүзгө душман таап берет. Ишиӊизде болгон анча-мынча түшүнбөстүктөрдө сабырдуу болуӊуз, бул тез эле өтүп кетчү көрүнүш. Ден соолугуӊузда маселелер жаралат, ошондон улам өзүӊүзгө кам көрүүчү мезгил келгенин сезесиз. Андыктан ден соолукту чыӊдоочу курорт, санаторийлерди пландаганыӊыз туура.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада жан дүйнөӊүздө бороон-чапкындын болушу күтүлүүдө. Эмоцияга алдырып ачууланганыӊыз өзүӊүзгө эле зыян. Ден соолугуӊуз начарлашы мүмкүн. Ошон үчүн баарын жети өлчөп бир кесип, адамдарга да кылдат мамиле кылыӊыз. Шаан-шөкөттөн алыстап, жалгыз калып ойлонуп баарын чечип алыӊыз. Жеке турмушуӊуздагы көйгөйлөр апта соӊунда бир жолго салынып, санааӊыз тынып жеӊилденип аласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ишиӊизде жетекчиӊиздин буйрук бергендери кыжырыӊызга тиет. Бирок чыдаӊыз, арты жаман болбойт. Тажрыйба топтоп алып өзүӊүздүн ишиӊизди ачышыӊызга жардам берет. Болгону өзүӊүздү көзөмөлгө алыӊыз. Акча жаатындагы маселелер убактылуу деп билиӊиз. Анткени бул маселе апта аягында жакшы жагына чечилет. Акча булагын табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сиздин сүйүнүчүӊүз бул гана эмес, сүйүктүүӊүзгө да жолугасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта башында сүйүү жаатында жолдуу болосуз. Бойдоктор болочок түгөйлөрүн табышса, үй-бүлөлүүлөр романтикалык кеч өткөрүшөт. Ден соолук жаатында маанай чөгөрүүчү көрүнүштөргө туш болосуз. Эртерээк алдын албасаӊыз, запкысын тартып каласыз. Апта соӊунда шаӊдуу достор айланасында көӊүлдүү кеч өткөрөсүз. Кечеде талаш-тартыштар жаралышы мүмкүн, бирок баарын өз орду менен жайгарасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жан дүйнөӊүздүн чарчаганын сезесиз. Жүрөк түпкүрүндө тынчтыкты, өзүӊүзгө болгон ишенимдүүлүктү эӊсейсиз. Акыры ошол тынчтыкты таап, жашооӊуз туруктуу улана баштайт. Апта соӊунда алыстан туугандарыӊыз келип сүйүнөсүз. Алар менен болгон маектешүү сизди мурункудан да жеӊилдетет. Ошондой эле сүйүктүүӊүздүн сизди гана жактыраарын түшүнүп, маанайыӊыз андан да жакшырат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан