БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир нерсе айта албады же сурай албады, айтор, бир нерсе болгонун сездим. Мени башкача карап жатты, карап калсам көзүн ала качат. 7 килограмм деп жөн эле айтып койду окшойт, себеби «кантип жөнөтөсүӊ?» деп майда-чүйдөсүнө чейин сурамак. Бир нерсе болгонун сездим, башталды дедим өзүмчө. Жөн жүрө берсем, мен үчүн аягы жаман бүтүшү толук мүмкүн эле. Кантип болсо да эмне болгонун билишим керек болчу. Сураган менен мага эч ким айтпайт эле.
Аны билиштин бир жолу бар. Бекболоттун машинасына тыӊшоочу жабдык койсом, ал баары бир машинада жүрүп сүйлөшмөк, ошол сүйлөшкөндөрүнөн билишим мүмкүн эле.
Товарды 2 күндөн кийин жөнөтмөкпүз, ошого чейин тыӊшоочу жабдык таап коюш керек. Оштун болгон дүкөндөрүнөн, базарларынан издеп таба албай койдум. Акыры өзүм жасамак болдум. Базардан жөнөкөй, кнопкалуу арзан телефон, КТ-315 деген транзистор, Кытайдын кассеталуу аудиоплеерин алып келдим. Телефонду ачып чалуу келгенде күйө турган бардык лампочкаларын, клавиатураны жарык кылган 4 лампочкасын паяльник менен күйгүзүп, экранына келген шлейфин үзүп койдум. Бирөө чалса кадимкидей сүйлөшсө болот, экран күйбөйт, кара болуп тура берет. Вибрациясын жок кылыш үчүн телефондун арт жагында кичине мотору болот, мотордун учунда валы бар, жарымы тоголок, ошол айланганда вибрация башталат. Ошол моторун алып салдым, кычкач менен эле тартып жулуп алдым. Телефонго чалуу келгенде шыӊгырабашы, үн чыкпашы үчүн динамигин да алдым. Анан телефондун чалуу келгенде алыш үчүн басыла турган «ок» баскычын ачтым да, конденсатордон 3 зым чыгып турат, бир зымын оӊ (плюс), бир зымын терс (минус), үчүнчү бир зымын микрофондун оӊ зарядына уладым. Аудиоплеердин микрофонунун күчөткүчүн чыгарып алдым да, телефондун микрофонуна уладым. Күчөткүч телефондун айланасындагы 7 метрге чейинки үндөрдү күчөтүп угузуп берүүгө керек. Ошентип тыӊшоочу каражат даяр болду.
Эми ал кантип иштээрин түшүндүрө кетейин. Эгер бирөөнү угам десеӊ, телефонду ошол адамдын үйүнөбү, ишинеби бекитип коюш керек, ага кадимкидей SIM-карта салынат. Анан ошол телефонго чалса ал автоматтык түрдө алынат да, ошол жердеги 7 метрге чейинки айланадагы сөздөрдү, добуштарды уга бересиӊ. Каалаган маалда чалып угуп, каалаган маалда өчүрүп койсо болот. Батарейканын кымбатын сатып алсаӊ, жөнөкөй телефондо бир жумага жетет. Бирөө таап алган күндө да эч нерсе түшүнбөйт. Себеби экран өчүк, бир да жарык жок, лампочкаларынын баары паяльник менен күйгүзүлгөн, эч кандай үн угулбайт, динамик алынган, вибрация деги эле жок. Тапкан киши телефондун баскычтарын басып көрөт, алар иштебейт, баары үзүлгөн, кыскасы, бузук, арзан телефон жатат деп ойлойт, болду. Таап алган адам телефондун ар жак-бер жагын баскылап чукулап жатканда да уга бересиӊ. Кааласаӊ телефонду өчүрүп кайра чалсаӊ да эч нерсе сезбейт, кыскасы, ушундай.
Товар жөнөтөр күнү кафенин дааратканасына кирип жашикти ачсам, баягыдай эле 3 килограмм экен, алып аэропортко кирип кеттим. Түндөсү самолёт келди, жөнөттүм, баары тынч эле болду.
Өзүмчө ойлондум, өткөндө Бекболот мага бир нерсе айтканы келген, бирок айта албай кеткен.
Бекболот келерге жакын күндө бир жерге токточу жолдун боюнда чоӊ арык бар, ошол арыкка бекинип турдум. Ал келип мага телефон чалайын деп убара болуп жатканда машинанын артынан чыгып, глушителине картошканы түтүн чыкпагыдай кылып салдым да, ары жактан келген адам болуп машинага отурдум, ар дайым машинанын арткы орундугуна отурчу элем, бул жолу да ошол жакка отурдум. Унчукпастан акчаны берди, мурун деле көп сүйлөшчү эмеспиз. Акчаны алып коштошуп түшүп кетип жатсам, машинасын жүргүздү эле, жүрбөй койду. Кайрылып жанына келдим, кайра-кайра жүргүзүп көрдү, капотун ачып бир нерселерин кармаламыш болду, дагы жүргүзүп көрдү:
– Бүгүн эртеӊ менен текшерткем, баары жакшы деген, минтип бузулган эмес эле,- дейт.
Багажынан ачкыч салынган сумкасын алып чыгып свечаларын бошотуп текшере баштады. Мага ачкычын берип, «жүргүз дегенде жүргүзүп турчу» дейт. Ошол эле керек болуп жаткан, машинага отуруп телефонду отургучтун түбүнө түшүп калбагыдай кылып бекиттим. Машинадан түшүп бир аз Бекболоттун жанында карап турдум да, машинанын артына өтүп картошканы алып ыргытып жибердим. Машинасын дагы бир аз чукулап жүргүздү эле, жүрүп кетти. Кетери менен бекиткен телефонго чалдым. Ал бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр:
– Азыр барып калам, машина жүрбөй кыйнады, эми жүргүздүм, эмне болгонун билбейм.
Сүйлөшүп жатканы урушту окшойт:
– Бүгүн караткам, өзүӊ деле көрдүӊ го, ушул убакка чейин бир бузулганын көрдүӊ беле?
Мен жөнүндө сурады окшойт:
– Жок, күндөгүдөй эле, акчаны алып эле кетти. Кой мейли, барганда сүйлөшөбүз, шаарга келип калдым,- деп телефонду коюп койду.
Мен телефонду өчүрбөй, сүйлөшүлгөн сөздөрдү жазып ала турган баскычын басып коюп койдум. Бекболот машинасында ким менен сүйлөшсө да баары жазылып калмак.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
asdef
2015-12-14 09:40:30
Эн кызыгына жетти окшойт...
+3
Begimkyz.
2015-12-14 12:39:56
Кыйын бала экен.
0
aytkulova
2015-12-14 13:43:43
Кыйын экен, ойго келбеген нерселерди жасап. Мен да попробовать этип корсомбу)). Уландысын кутобуз.
+1
anya
2015-12-14 17:26:02
Аааиии гений го .
+2
aizada15
2015-12-14 18:43:54
кыйын бала го ойлоп тапканын карагыла башка нерсе ойлоп акча тапса деле байымак экен бангизат сатпай.
+4
aku
2015-12-14 18:48:27
Кылганын жасап корсон иштебей калса да
0
Neizvestno777
2015-12-15 01:38:52
Мен бир нерсе жасай албайм да только бузам
+5
Lyubimka
2015-12-15 11:09:38
Кобуроок жазгылачы...абдан кызык экен
+1
gul91
2015-12-15 22:32:08
менин жаным да ушул баладай,ойдо жокту жасап коет. тандап тийгениме эч окунбойм
0
edelveis0088
2015-12-16 12:51:34
аа иий мээси 21 кылымдын мээсиго.. ото кучтуу адам экен
+3
Markita
2015-12-16 23:38:30
Оа укмуш. Мага да да кызык ушундай нерселерди жасаган экран сынган тел бар ошону жасап корсомбу . Хм.
0
gul91
2015-12-17 11:05:36
Markita,айфон 4 тун экраны сынганда ондогон,колдон келет жонокой адамдын да. же менин Жаным башкачабыыы...
+1
liitle_princess95
2015-12-31 12:00:45
Ушундай адамдар Кыргызстан онугуш учун ушундай нерселерди жасаса жакшы болмок
+1
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан