Жашоодо түрдүү тагдырлар кездешет. Бул ирет Талас өрөөнүнө барып, 2 жарым жаштагы Рахманберди Шырдакбековдун жана анын атасы Алмазбек Рысбаевдин аянычтуу тагдырлары менен таанышып кайттык.
«ВРАЧТАР МЕНИ ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫП САЛЫШКАН»
– Өзүм 1973-жылы Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөм. 9-классты бүткөн соӊ райондогу кесиптик окуу жайга тапшырдым. 1988-89-жылдары окуумдан практикага чыгып, малчы болуп иштедим. Ошол жакта иштеп жүргөндө сол бутумду үшүк алып кетти. Алгач бутумдун манжаларына жара чыкты. 1990-жылы райондук ооруканага келсем, башкы дарыгер Ташкентке кеткен экен. Анын 3 жардамчысы «бутуӊду биз дарылайбыз» дешип, тырмагымды жулуп салышкан. Ошондон тарта манжаларым карарып кетти. Башкы дарыгер Ташкенттен келген соӊ бутумду текшерип, «муну бул жактан дарылай албайбыз» деп борборго жиберди. Ал жак зорго кабыл алышып, бутумдун бармагын, андан кийин бардык манжаларымды, акыры таманымдын жарымын кесишти. Аягында «биздин колубуздан келбейт экен, кыргызчылык менен дарылан» деп ооруканадан чыгарып салышты. Токмок шаарында Жуманалы деген аксакал бар деп угуп, ошого барып дарыланып, ал бутумду айыктырды. Ошентип сол бутумдун жарымы жок 3-топтогу майып болуп калдым. Башында сол бутум күн суукта ооручу. Былтыртан бери оӊ бутума да өтүп, оӊ бутум да жайы-кышы какшайт. Эшикке чыга албайм. Чыксам 2 саатка чейин эле жүрүп, кайра келип жылуу мешке буттарымды кактап отурушум керек.
«ДАРЫГЕРЛЕР БАЛАӉАР АДАМ БОЛБОЙТ ДЕШТИ»
– 2006-жылы үйлөнүп, балалуу болдук. Улуусу кыз. Азыр 2-класста окуп жатат. Андан кийин 2008-жылы жубайым уул төрөп, 1 күндөн соӊ ал чарчап калды. Дарыгерлер «организми, жүрөгү начар» деп түшүндүрүштү. Андан кийин дагы эки жолу эркек балалуу болгонбуз, алар да көпкө жашашкан жок.
2013-жылы бул уулубуз төрөлдү. Атын Рахманберди деп койдук. Мунун да «каны аз, организми алсыз» дешип дарыгерлер кан куюшту. Үйгө чыгып келген соӊ 3 айдан кийин уулумдун башы чоӊоюп баштады. Таластагы балдар дарыгерлерине көрсөтсөк, «муну биз дарылай албайбыз, балаӊар адам болбойт, жөн эле убара болуп жатасыӊар» деп коюшканынан Бишкекке нейрохирургия бөлүмүнө алып бардык. Ал жактагылар гидроцефалия (суюктук көп топтолгондуктан баш мээсинин кадыресе өөрчүүсүнүн бузулушу) деген диагноз коюшуп, «баланын башына сары суу толуп кетиптир» деп тазалап беришкен. Кийин дагы бир жолу барып тазалаттырдык. 3-жолу алып барсак, «мунуӊар болбойт» дешип кабыл албай коюшту. Дарыгерлер мага «Мээнин эки капталында эт болот, ошону алып таштамайынча ал эттерден сары суу чыгып, баланын башы чоӊоё берет. Баш сөөгү ажырап, териси эле кармап турат. Муну биз дарылай албайбыз, чет өлкөгө алып бар» дешти.
«УУЛУМДУ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ДАРЫЛАТСА БОЛОТ ЭКЕН»
– Сураштырсам бир киши мурда ушул оору менен ооруган баласын Түркиядан операция жасатып, айыктырып келиптир. Анын айтымында, операция жасатууга 30-50 миӊ доллар каражат сарпталат экен. Менде андай каражат жок.
Баламды азыр үйдө эле карап жатабыз. Кыймылдабайт, сүйлөбөйт. Башы чоӊойгон сайын көзүнүн териси тартылып, көрбөй да калды. Кыймылсыз жата бергендиктен аркасынын, башынын терилери да оюлуп, ириӊдеп баштаганынан ар кайсы дарыны сүйкөп жатабыз. Көп ыйлайт, кайсы жери ооруп жатканын да билбейбиз.
30 сотых үлүш жерим бар, ошону эптеп иштетип жан багабыз. Уулум экөөбүз майып катары 3 миӊ сомдон 6 миӊ сом пенсия алабыз. Балама жөлөк пул да алайын десем, «кирешеӊер ашып кетет» деп коюшкан. Уулумду Бишкекке ооруканага алып барууга акчам жок болгондуктан банктан 40 миӊ сом насыя алгам. Аны төлөй албай калып, банк кызматкерлери улам-улам келип жатышат. Алган пенсиябызды ошол жакка беребиз. Үйүм, чарбагым жок. Инимдин үйүндө убактылуу жашайм.
Былтыр Рахманбердиге бир кайрымдуулук фонду «бала сүт ичсин» деп бир уй берген, аны саап ичип жатабыз. Кайрымдуу мекендештеримден уулумду айыктырып алууга жардам сурайм.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg