2016-жылдын январынан тарта мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине батир үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө сом менен ИПОТЕКАЛЫК насыя берүүнү баштайт. Насыяга берилчү батирдин 1 чарчы метринин баасы 37 500 сомдон ашпашы керек.
2015-жылдын 11 айында 46 537 түгөй баш кошуп, нике күбөлүгүн алышса, жыл башынан бери 7881 түгөй АЖЫРАШКАНЫ белгилүү болду.
Бычакталып ооруканага түшкөн дин аалымы КАДЫР МАЛИКОВДУН дарылануусуна президент Алмазбек Атамбаев 50 миӊ сом бөлдү.
Москва шаарынын Даниловск районундагы Люсиновская жана Большая Серпуховская көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан гүлбакка улуу жазуучу ЧЫӊГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымы ыйгарылды.
Акыркы 11 айдын ичинде 31 628 кыргыз жараны АТЫ-ЖӨНҮН ар кандай себептер менен өзгөрткөн. Алардын теӊ жарымы Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундары.
2016-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 260 КҮНӨСКАНА ачыларын премьер Темир Сариев айтты.
Алай районунун акими болуп иштеп келген ТААЛАЙБЕК САРЫБАШЕВ 10-декабрда Ош облусунун башчысы болуп дайындалды. Бул кызматты мурда аркалап келген спикер Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков кызматынан бошотулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.