ЧЕК АРА: КӨК-ТАШТА КАЙРА ТАШ БАРАӉ

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылында 7-декабрда тажик жана кыргыз жарандарынын ортосунда жаӊжал тутанып басылды. Бул акыркысы эмес экени айдан ачык.

ЧЫР ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн билдиришкенине караганда, тажик жаранынын унаасына таш ыргытылган. Мындан улам тажик жарандары чогулуп, Көк-Таш айылындагы мектептин терезелерин таш менен талкалап салышкан. Жаӊжал күч органдарынын жардамы менен басылды. Учурда айылда абал туруктуу. Жаӊжалда эки тараптан теӊ эч ким жабыркаган жок.
Буга чейин, тактап айтканда, 3-августта ушул эле Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандары бири-бирин таш бараӊга алышкан. Уруштун келип чыгышына тажик жарандарынын мүрзөгө барчу жолду бууп салышканы себеп болгон эле. Андан соӊ кыргыздар Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп салышкан. 4-август күнү дагы эки тараптан эл чогулуп, бири-бирин дагы таш бараӊга алышкан. Окуядан улам кыргыз тараптан жалпы 7 адам жабыркаган болчу.

ТУРГУНДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Биз Көк-Таш айылынын тургуну Разия Өсөрова менен байланыштык. Ал: «Кыргыздар тажик жаранынын унаасына таш ыргытты деген чындыкка туура келбейт. Так далил жок. Унаанын кичине эле «подфарниги» сыныптыр. Жеке менин оюмда, тажик тарап атайлап провокация жасап ушундай иштерге барып жатат. Бул биринчиси эмес. Кылдан кыйкым издешүүдө. Балким, алар ушундай жол менен көк-таштыктарды көчүрүп жибергилери келип жатат. Себеби суунун башы бизбиз. Ош-Лейлек жолунун боюндагы айылбыз»,- деп билдирди.
Дегеле чек ара маселеси Көк-Таш айылынын тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийип бүткөнү бышык. Биз менен баарлашкан Разия Өсөрова: «Августтагы чырда тажиктер мага автомат такашкан, ошондон катуу стресс алган экенмин. Дарыланып жатам»,- дейт. Белгилүү болгондой, чек арадагы Көк-Таш айылы тажик айылына абдан жакын. Жарандардын үйлөрү көчөнүн эки бетинде шахмат түрүндө жайгашып, кээ бир жерде тажик жарандары Кыргызстанга, кыргыздар тажик тараптын аймагына кирип калган учурлар бар. Андыктан маселени үйлөрдү, жер тилкелерин башма-баш алмаштыруу менен чечсе болору айтылып, бирок олуттуу жылыш боло элек.

ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУКТУ КҮЧӨТҮҮ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ
9-декабрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен жолугушуу өткөрүп, анда өлкөдөгү коопсуздук боюнча азыркы кырдаал тууралуу сүйлөштү. Абдил Сегизбаев улуттук коопсуздукту, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын маалымдады.
Ажо менен УКМК башчысы өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында террористтик жана экстремисттик, ошондой эле алар менен байланышта болгон уюмдардын ишмердигин аныктоо жана тыюу салуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
bazarkyl
2015-12-14 10:52:24
Баткенде жашаган биздин туугандарга жаман, элдер өз үйүндө жатып коркушат экен. Не деген шумдук Кыргыздар Кыргызстанда өз үйүндө жашап коркуу деген. Менин оюмча Баткенге Военный базаларды мүмкүнчүлүктүн болушун көп куруп, военный городок кылыш керек болушу керек.
+30
amanatym
2015-12-14 11:44:06
Ушул маселе коптон бери чыгып келе жатат,тажиктер бишкеке чейин жеткенде анан кыймылдашабы окмот?!
+27
senchi
2015-12-14 13:42:51
Коптон бери ушул маселени чече албадынарго бийликтегилер, же Баткен Кыргызстанга карабайбы?
+16
miki87-06
2015-12-14 17:27:44
бийликтегилердин уй-булосу ошол жерде болгондо билишет эле качан озунун уйун ошентишип ташбаранга алганда гана ойлонушат.
+14
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-14 21:08:36
Ошол айылдан элдери чогулуп депутаттыкка талапкер азамат жигиттин чыгарыш керек да. Кыргызстан да колдоп бермек.. Себеби мобул эски жепутарлар ал жөнүндө ойлоп да койбойт..Бийлик талашып жатышат. Баткендик туугандарга кыйын болду.. Эмнеси болсо да ал жерден көчүрбөгөнгө аракет кылыш керек мамлекет
+16
edu.kg.
2015-12-17 10:52:45
Кыргызстандын таасири баркы тажикстонга озбекистонго жок болгондуктан алар оз билгенин кылып жатышат да,даже баткендик туугандар турмуш шартынан кыйналып борборго же чет жакка иштегени кетип жатып,сатылган уй жер короо сарайларынан бери ошол тажиктер сатып алып отурукташып жатышыптыр. Чечиле турган масалени биздин окмот 20жылдан бери чече албай суйроп келе жатышат,бул да болсо окмоттун озунун калкына конулсуздугу же коншу мамлекеттерге баркы жоктугунан келип жатат.
+2
amanatym
2015-12-17 14:06:05
С.И. ушул маселе боюнча жайына барып кененирээк чагылдырсанар жакшы болмок, мумкун ошондо тиги окмот деген кыймылдайбы жаны жылдык"чудо" болуп кетип.
0
admin_superstan
2015-12-17 14:12:06
amanatym, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
Bekish-kg
2015-12-17 14:20:55
канча айттым тажиктерди алдап салдап жерлерди тактап алып анан зым менен тосуп салыш керек!Казакстан чек араны жаап бизди кыйнагандай,аларды да кыйнаш керек ошондо баары чечилет,шалпайып эле суйлошуш керек.анан ийри отуруп туз чечебиз десек дагы 100 журобуз!
+3
Nuranna_93_kg
2015-12-17 18:09:55
Жыйырма жылдан бери чече албай келишет чек ара маселелерин.Окмот ушунчалык эле алсызбы?Биринчи очередде чек араларды бекемдеп,кучотулгон тартипте кайтарышпайбы?!Кудай сактасын,эртен тажиктер очошуп бастырып кирип элди аткылап кетсе эмне болот?!Оо Аллахым кыргыз элим,кыргыз жерим учун куйгон эр азаматтарыбыз бийлике келсе экен...
+1
egemberdievagulbara
2015-12-18 14:55:12
чечилбеди чечилбедида ушу маселе.
+1
kazemir
2015-12-19 09:23:04
Азыркы президент да премьер да татыктуу адамдар эмес.Тажиктердики да.Россиянын козун караап отурушат.кудай таала бир жердин бетин электен откоргондо жакшы болоор эле???
+1
nura.177
2015-12-21 02:53:43
Шайлоого келгенде ким жакшы концерт койуп,1000сом берсе шайлап койсок,эми кимден умут кылабыз
0
teletz-1987
2015-12-21 06:55:46
Таджикистан менен Озбекистан чек арага элин кобурок жайгаштырат колдон келишинче, инфракстура тузуп берет. Эли жер талашат. Ал эми бизде андай программа жок. Элибиздин патриоттору биздин жер деп чек арада жашап келет, калгандары кочуп кетишкен участогун уйун таджикке озбекке сатып
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан