Нурлан Акматбеков, актёр: «ООБА, САЙКАЛ АРКЫЛУУ ЭЛГЕ ТААНЫЛДЫМ»

Биз бул жигитти Сайкал Садыбакасованын экс-жигити катары тааныйбыз. «Нурландын үй-бүлөлүү экенин билбептирмин» деп ортодогу мамилеге чекит койгон Сайкалды актёр жигит азыркыга чейин жакшы көрөрүн айтат. Калыӊ элге Сайкалды алдаган жигит катары таанылып калган Нурлан менен болгон маекке көз чаптырыӊыз.

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 23-июнь
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Эмгекчил айылы
Билими – Москвадагы Космостук укук боюнча эл аралык институтунун юриспруденция факультетинде 3-курста окуйт
Бою – 1 метр 80 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Учурда бойдок, 1 кызы бар
Үй-бүлөдө 2 бир тууган, эжеси бар
Тартылган тасмасы – Сүйүн Откеевдин «Көпөлөк» тасмасы
Тартылган клиптери – Данияр Эрматов «Адам бойдон калгын өзгөрбөй», «Кечир мени», «Кыз-Бурак» тобу «Сизге», Жоодарбешим «Сенсиз мага» жана башкалар.

– Салам, Нурлан! Учурда Москвада экенсиӊ...
– Салам! 2008-жылдан бери Орусияга барып-келип иштейм. Москвадагы ресторандардын биринде бармен болуп эмгектенем. Киного, клипке тартылуу сунушу түшүп калса, Кыргызстанга барып турам.
– «Көпөлөк» тасмасында баш каармандын ролун жараттыӊ. Бул сенин тасма талаасына шилтеген биринчи кадамыӊ да. Кимдин сунушу менен
тартылдыӊ?
– Кыргызстанга барарда сөзсүз бир клипке тартылып кайтууну көздөп жолго чыгам. Аталган кинонун режиссёру Сүйүн байкеге чалып, «тасмага же клипке тартуу иштери болсо айтып коюӊуз» дегем. Ал кинонун кастингине чакырды. Кастинг 2 айдан ашык созулуп, 3-4 жолу сыналып көрдүм. Акыры чыдамым кетип Сүйүн байкеге «болсо болорун же жоктугун ачык айтыӊыз, убара болбоюн» десем, «бир аз убакыттан кийин тартуу иштери башталат, сени тандадык» деди. Образымды жеткиликтүү аткарууга болгон аракетимди жумшадым. Тасмага тартылуу бала кезимден бери көксөгөн тилектеримдин бири болчу.
– Сени көпчүлүк Сайкал Садыбакасованын мурунку жигити катары тааныйт. Анын колун сурап, үйлөнүүгө макулдугун алып шакек да тактыӊ эле. Сайкал «Нурлан аялы, кызы бар экенин айткан эмес. Башында эле ушундай калп айтып жатса, кийин кандай болот? Анын бул жоругун кечире алган жокмун» деген. Чындыгында эле билчү эмес беле?
– Бул мен үчүн оор суроо. Сайкалдын ошол интервьюсу чыкканына 1 жыл болду. Бул убакыт аралыгында бир да жолу маек берген жокмун. Себеби эркектин аял кишиге теӊелип, анын сөзүнө жооп кайтарганы пастык. Сайкалды канча адам таанып жакшы көрсө, ошончо адамдан жаман сөз уктум. Жадакалса Москвада да көчөдө бара жатканымда колу менен көрсөтүшүп, «Сайкалды таштап кеткен жигит го» деп жек көрүп карагандар болду. Чындыгында, элдин жаман сөзү катуу тиет экен. Ошолордун баарына чыдадым.
Ал берген маегинде «Аялы менен жашайт экен. Аны апам билип калыптыр» дептир. Сайкал менен 2014-жылы сүйлөшсөм, аялым менен 2011-жылы ажырашкам. Ошол убакта 3 айга Москвага окуума каражат табуу үчүн кеткем. Сайкал бирөөлөрдөн «аялыӊ менен жашап жатыптырсыӊ» деп айттырды. Аялым менен жашаган эмесмин. Сайкал менден көӊүлү калып, башканы жакшы көрүп калганынан ушундай шылтоолорду айттыбы же ушакка ишендиби билбейм. Жалган жалааны моюнума илип салды.
– Мамилеӊер чындыгында калптан башталдыбы? Аялыӊ менен кызыӊ бар экенин айткан эмес белеӊ?
– Бул суроону ушул бойдон эле ачык калтырууну туура көрүп жатам. Сайкалды кыргыз элинин алдында калпычы кылып жамандагым келбейт. Жакшы көрсөӊ ошол экен да. Ушунча оор сыноодон өтүп, кыйынчылыкты жеӊдим. Билбесе билбегендир деген сөздөн башка эч нерсе айта албайм. Балким, ошол кезде ага 2011-жылы аялым менен ажырашып кеткенимди айтканды унутуп калгандырмын (күлүп). Айтылбаган күндө деле ал жаш бала эмес да, туурабы? Алдаса эле ээрчип кете тургандай жеӊил ойлуу эмес. Сайкал менин артымдан жаман сөз айтса да, азыркыга чейин аны жакшы көрөм, сыйлайм. Бактылуу болсун.
– Сени «шоу чөйрөгө аралашыш үчүн ырчы кызды колдонду» дегендер да бар...
«Бул бала Сайкалдын артынан чыгып кетти» деп айткандар бар. Негизинен Жараткан бардыгына бир нерсени себеп кылат. Аны моюнума алам. Бирок мен өзүмдүн талантым менен клипке тартылып жатканда Сайкал жол көрсөтүп, «мындай кыл, тигиндей кыл» деп жардам берип карап турган жок да. Бул буйруктан болуш керек. Мени Сайкал менен сүйлөшкөнгө чейин эле баары таанычу деп да айта албайм. Андай жүзү кара адам эмесмин. Ооба, бир кездеги сүйлөшкөн кызым аркылуу элге башында романтик жигит катары таанылып, акыры жаман көрүндүм. Андан бери 1 жыл өтсө да, жеке жашоомдо эч ким жок. Элдин баары «Сайкалды алдап кетсе, мени да алдап кетет экен» деп ойлойт окшойт. Ошондуктан азыркыга чейин кыздар менен олуттуу мамиле кура албай келем.
– Сайкал эле эмес, «бул жигит альфонс» деген кептерди башкалар да айтып жүрүштү...
– Азыркы заманда кыздар альфонско алданбай калган. Өзүӊдү алдап кетиши мүмкүн. Адамга өзүнүн ырыскысы берилет. Ошону менен жашаш керек. Кудайга шүгүр, алты саным аман. Өзүмдүн иштеп тапкан акчам Кыргызстанга ай сайын барып-келгенге жетет. Андыктан чын жүрөгүмдөн андай жоруктан алысмын деп жооп бере алам. Ар бир адамдын башына сыноо келет. Мага болсо кыргыз элинин баары билген сыноо келди. Депрессияга кабылдым.
– Ушулардын баарын кантип жеӊдиӊ?
– Сиз бир нерсени билип туруп эле сурап жатасыз да. 10 күн ооруканага жатып чыктым.
– Муну билген эмесмин. Мынчалык кыйналганыӊа караганда ортодо чоӊ сүйүү болгон го...
– Менде чыныгы сезим болгон. 1 жыл өтсө да унута элекмин дебедимби. Бирок элдешейин деген оюм жок. Сайкалга «эмне үчүн минтип жамандадыӊ?» десем, «жакшы болсоӊ далилде» деди. Бирок ага көрүнүш үчүн шоу чөйрөдө жүргөн жокмун. Өзүмдүн көӊүлүмө жаккан жумушту аткарып жатам.
– Биринчи үй-бүлөӊдү кандай себептерден улам сактап кала албадыӊ?
– Мен 2 нерсени күнөөлөйм. 18 жашымда үйлөнгөндүктөн жаштыкты жана жеӊил ойлуулукту. Жаштык кылдык, көз караштарыбыз туура келбей калды. Күнөө экөөбүздө теӊ бар. Азыр саламыбыз түз. Ортобуздагы кызыбыз биринчи класста окуйт. Аны менен дайыма катташып турам деп айта албайм, кээде жолугуп турабыз.
– Маегиӊе рахмат!

Данияр Эрматовдун "Кечир мени" клибинен кадр.

"Көпөлөк" тасмасын тартуу аянтчасында. Фильмде баш каармандын ролун жараткан Малика Абдыразакова менен.

Нурлан Сайкалдын кучагын гүлгө толтуруп, шакек тагып колун сураган эле.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (71)
ASELENOK
2015-12-16 07:11:29
Актердук чеберчилиги чынында мыкты экен )))
+3
aizirek...
2015-12-16 16:35:55
жакшы эле бала корунот жакты мага. мурда мен да укмуш дон жуан элестетчумун
0
Aselina_kg
2015-12-16 21:59:06
Ото жонокойлугуно баа бергенмин.
Бир жумадай кошуна жашаганбыз
Анда эки ажырым жолго тушконун укпадым эле.Тойго акча иштегени келген гоо дегем
Сайкал эмне дешин билбей каралап койгондой
Бактылуу болгула экоон тен,ошого татыктуусунар
+1
Mervi
2015-12-17 00:40:35
Эркек!!! Баарын Сайкалдын апасы чечип койду эле го. Нурлан молодец Гулшайыр Садыбакасовага бир соз, даже намек м.н соз тийгизип койбоптур. Башка биро болсо отурмак былжырап "апасы антип, апасы мынтип..." деп.
0
aizulya
2015-12-17 13:29:54
Жакшы маек бериптир, орду менен суйлогон жигит экен, жакшы эле баладай го
0
Lilia11
2015-12-17 15:54:06
Кечир мени дегендеги ролу аябай жагат....
0
Bella1
2015-12-17 20:51:15
Караап көрсөң жашоо кызык э,адамдар андан өтүп шумдуктуу)).Кэчее эле Сайкалды алдаптыр деген интервьюдан соң байкуш баланы эмнелер гана деп кеп кылышпады.Эми болсо бүгүн Нурландын өз оозунан чыккан сөздөрдү окуп,кечээки күнкү жаман сөздөр эмес кайрадан мактоолор.))) Адам бойдон калгын сакталып-дегендей бирөөнүн адамдык сапатын,жашоосунда кандай турмушта жашап өткөнүн билип билбей жаман жакшы сөздөрдү айтуудан алыс болсок жакшы болмок.Тагдыр бир болсо кызы эмес башкасы болсо да турмуш курушмак.Демек бул кудайымдын буйругу,сыноосу болуш керек..
+3
Jika_fisabillah
2015-12-17 22:12:50
Сайкал келип ыйласа ага ишенип,эми бул келип ыйласа буга да ишене бересинерби?ишенчеек экенсинер экей!
0
jaina.jaina
2015-12-18 11:19:28
сонун маек
+2
jypar.i
2015-12-18 16:57:55
Чынында бул өмүрдө ким жаңылбайт, "жаңылбас жаак,мүдүрүлбөс туяк болбойт" дегендей.Иий ажырашып кеткен неме экен дей беришет, өзүлөрү эртең эмне болорун билбей.Эгер Сайкалдын апасы кийлигишип,экөөнү бөлсө, кийин өкүнөт болуш керек, "тандаган тазга жолугат" дейт эмеспи,начар немеге туш болуп калса кокус. Же,"бул аркалыгыңды кой" деди бекен. Болбосо,мурун үйлөнүп ажырашканы шылтоо деле эмес го
+2
jast.one
2015-12-18 17:01:52
я думаю пойзже Сайкал пожалеет
+2
aziatka0225
2015-12-19 13:26:33
Орундуу суйлогон жигит корунот, бирок, чындыкты айтып коюш керек эле да Сайкалга. А Сайкал деле эми окунуп жаткандыр балким. Аллахым насип кылган ыймандуу кыргыз кызына жолугу, бактылуу болунуз!
+1
akuna.matata
2015-12-20 12:40:45
Болсо болор иш болду откон ишке салават тенин чыгат кыжпалат болбо
0
aiperi240692
2015-12-20 22:05:53
Буну тагдыр ойуну дейт. Мен ечкимисин куноолобойм. бешенеге жазганы болот АЛЛАНЫ БУЙРУГУ.
+1
Lapushka15
2015-12-20 23:31:31
Нарындын Эмгекчил айылынан десе ким деп тааныбай атпаймбы.Жердешим турбайбы.Аябай озгоруптур.Бизден бир класс ылдый окуучу.Жакшынакай кулуп эле журо берген Нурланды эстеп атам.Школдо эле активист тын бала болчу.Жашоодо жанылуу боло берет,ага чокпо.Мен бул баланы жаман дегенден алысмын, тарбиялуу жакшы уй булоонун баласы.
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан