ВАЛЮТА РЫНОГУНДАГЫ ЧАЙКООЧУЛУКТУ АЗАЙТУУ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Жакында эле Кыргызстанда ишкерликтин жаӊы ыкмасы пайда болду. Айрымдар АКШ долларын банктан сатып алып, акча алмаштыруу жайларына барып кымбатыраак сатып пайда көрүп жатты. Анын негизинде АКШ доллары асман чапчып, жарандардын чөнтөгүнө залакасын тийгизди. Айрыкча насыяны чет элдик валютада алгандар четтен чыгып, алар нааразычылыктарын али күнчө айтып бүтө албай жаткан чак. Алып сатарлар же акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Инспекциялоо башкармалыгынын банк эмес финансы-кредит мекемелерин инспекциялоо бөлүмүнүн башчысы Абдраимов Эрлан Чоробекович менен маектештик.

– Саламатсызбы, Эрлан Чоробекович? Алгач өлкөбүздүн аймагындагы акча алмаштыруучу жайлар тууралуу маалымат берсеӊиз.
– Саламатчылык! Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын аймагында нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын коммерциялык банктар, микрокредиттик уюмдар жана жеке алмаштыруучу жайлар жүргүзөт. 2015-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасында 24 банк, 2 микрокредиттик уюм жана 324 жеке акча алмаштыруучу жайлар иштейт. Ошону менен бирге акыркы жылдардын ичинде мамлекетте 700-800дөй лицензиясыз акча алмаштыруу ишин жүргүзүп жаткан субъекттер бар.
– Айрым акча алмаштыруучу жайлар мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт. Буга Улуттук Банк кандай чара көрүп жатат?
– Мындай мыйзам бузууга жол бербөө максатында Улуттук Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодексине ылайык, администрациялык айыптык төлөм салуу түрүндө чаралар көрүлүп келет. Анын негизинде 2015-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин Улуттук Банк валюта алмаштыруучу бюролордун ишине 465 ирет текшерүү жүргүзгөн. Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, акча алмаштыруучу бюролорго карата төмөнкү чаралар колдонулган:

    • эскертүүлөр – 10;
    • жазма буйруктар – 85;
    • лицензиялардын аракетин токтотуулар – 21;
    • лицензияларды кайтарып алуулар – 5.

Мындан тышкары Улуттук Банк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, ИИМ, Мамлекеттик салык кызматы жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте лицензиясыз алмашуу операцияларды жүргүзүү фактылары боюнча рейддик текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 169 факты менен укук бузгандардын аты-жөнү аныкталып, алардын иши кароого алынган жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу менен республикалык бюджеттин пайдасына аларга жалпы суммасы 253 500 сом айып пул салынган. Ошондой эле мыйзамсыз акча алмаштыруу ишмердигин жүргүзүп жаткан субъекттер менен күрөшүп, Улуттук Банк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен биргеликте укук бузуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иш алып барууда.
– Айып салуу менен акча алмаштыруу жаатындагы мыйзам бузуулардын саны азайдыбы?
– Жок. Тилекке каршы, администрациялык айыптын өлчөмү эффективдүү эмес болгондуктан (Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодексине ылайык, лицензиясыз иш алып баруу боюнча айыптын максималдуу өлчөмү 1500 сом) бул мыйзам бузуучулар өзүнүн мыйзамсыз ишин алып барууда. Бул кырдаал жеке акча алмаштыруучу жайлардын ишин жөнгө салуучу чаралардын натыйжасыздыгына, валюталык спекуляциянын тобокелдигин жогорулатууга, өлкө бюджетине түшчү салымдардын өлчөмүн кыскартууга жана мамлекеттин экономикасында көмүскө жүргүзүлүп жаткан акча каражаттарынын санынын өсүшүнө алып келет (улуттук жана чет өлкө валютасында).
– Мыйзамдуу иш алып барбаган акча алмаштыруучу жайлар көбүнчө кайсы жакта кездешет? Сиздер аларга карата кандайдыр бир чара колдонуп жатасыздарбы?
– Лицензиясыз иш алып барып жаткан субъекттердин көбүнчөсү «Дордой», «Аламүдүн», «Кара-Суу» жана башка ири базарларда жайгашкан. Ушул маселелерди чечүү максатында Улуттук Банк төмөнкү чараларды көргөн:
Улуттук Банктын тиешелүү лицензиясыз нак чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын ишке ашырып мыйзамсыз иштеп жаткан субъекттердин санын кыскартуу аркылуу республиканын экономикасында көмүскө жүргүзүлүп жаткан иш чөйрөсүнө чек коюу максатында, ошондой эле жеке сектордун кызыкчылыгын эске алуу менен Улуттук Банк 2015-жылдын 31-мартында ачылуу маалында милдеттүү түрдө 1 000 000 сом жүгүртмө каражаттар болушу керектиги боюнча талапка белгилүү мөөнөткө (3 айга) мораторий киргизип, аны 500 000ге чейин түшүрүү боюнча чечим кабыл алган.
Бирок бул чечим күтүлгөн натыйжага алып келген жок. Анткени Улуттук Банктын реестри боюнча, 2015-жылдын 1-апрелине карата өлкөнүн аймагында 290 жеке валюта алмаштыруучу жайлар иштеген, 2015-жылдын 1-июнуна карата болсо алардын саны азайып, 287ни түзгөн.
Бул кырдаал укук бузуучулардын мыйзамдуу жол менен иш алып баруудан баш тартып жаткандыгын көрсөтүп жатат. Андан тышкары лицензиясыз акча алмаштыруу ишин алып бара жаткан субъекттер аркылуу көмүскө экономиканын жүгүртмө акчаларын өткөрүп жатышат. Ошого Улуттук Банктын айып өлчөмүн көтөрүү боюнча 2011 жана 2014-жылдарындагы сунуштаган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеӊеш бекитип бергенде учурдагы лицензиясыз акча алмаштыруу ишин алып бараткан субъекттер жок болмок да, көмүскө экономика азаймак.
– Улуттук Банк акча алмаштыруучу жайларды жабуу же алардын ишмердүүлүгүн өзгөртүү демилгесин киргизип жатты эле, азыр ошол маселе эмне
болуп чечилип жатат?
– Администрациялык айыптын өлчөмү натыйжалуу эмес болгондуктан 2014-жылы «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодекске Улуттук Банктын лицензиясыз нак чет өлкө валютасын алмашуу боюнча ишти жүргүзгөндүгү үчүн айып пулду көбөйтүүнү караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мында лицензиясыз банк операцияларын жүргүзгөндүгү, анын ичинде чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн колдонулуп жаткан айып өлчөмдөрүн төмөнкүчө кайрадан карап чыгуу сунушталууда:

    • Жарандардан: 1500 сомдон 50 000 сомго чейин;
    • Кызмат адамдарынан: 3 000 сомдон 100 000 сомго чейин;
    • Юридикалык жактардан: 200 000 сомго чейин.

Бул мыйзам долбоору 2015-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен макулдашылып, Жогорку Кеӊештин кароосуна сунушталган.
2015-жылдын 10-мартында бул мыйзам долбоору 3 окууда теӊ каралып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин профилдик комитетинен жана андан кийин бүт фракциялардын макулдашуусунан өткөн. Бирок 2015-жылдын 9-апрелинде Жогорку Кеӊештин токтому менен бул мыйзам кайтарылган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук Банк бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин кароосуна кайрадан сунуштамакчы.
– Ушул мыйзам долбоору тууралуу маалымат бере кетсеӊиз.
– 2014-жылы Улуттук Банк «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул долбоор жеке акча алмаштыруучу жайларды Улуттук Банктын лицензия берүүчү субъекттеринин тизмесинен чыгаруу жана ал укукту финансы-кредиттик мекемелерге (банктар, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси, микрокредиттик жана микрофинансылык компаниялар) калтырууну талап кылат.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу процессинде кайтарылган. Азыркы убакта Улуттук Банк министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу процессин жүргүзүүдө. Ал макулдашуулар бүткөндөн кийин бул мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин кароосуна сунушталат. Улуттук Банк сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, акча алмаштыруучу жайларды жоюп, алардын ордуна кредиттик союздарды, микрокредиттик уюмдарды ачууга мүмкүнчүлүк сакталат. Бул биринчиден, валюта рыногундагы баш аламандыкты тартипке салууга түрткү болот. Экинчиден, акча алмаштыруу операцияларынан тышкары насыя берүү, акча которуу операцияларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү болот жана элге финансылык тейлөөлөр көбөйөт.
Улуттук Банк мамлекеттин экономикасында көмүскө жүргүзүлүп жаткан акча каражаттарынын санын кыскартууга, валюталык чайкоочулугунун тобокелдигин азайтууга,
ошондой эле мыйзамсыз иш алып барып жаткан субъекттердин мыйзам бузуусуна жол бербөөгө көрүлгөн чараларын мындан ары да уланта бермекчи.
– Маек соӊунда жөнөкөй жарандар акча алмаштырууда эмнеге көӊүл бөлүшү керектиги тууралуу да айта кетсеӊиз.
– Улуттук Банк жарандарга нак чет өлкө валютасын банктардан, лицензиясы бар микрокредиттик уюмдардан же акча алмаштыруучу жайлардан алмаштырууну сунуштайт. Эгерде акча алмаштыруучу жайдын кассасынын айнегинде лицензиянын жана Улуттук Банктын катынын түп нускасы эмес, көчүрмөсү эле болсо, кардар лицензиянын түп нускасын көрсөтүүсүн сураганга укуктуу. Эгер алар жок болсо ал жайдан акчаны алмаштыруудан баш тартуу сунушталат. Дагы бир айтып кетүүчү нерсе, жарандар акча алмашкан соӊ акча алмаштыруучу жайдын алдында алган акчаны санап, сапатын текшерүүсү зарыл. Себеби Улуттук Банкка лицензиясыз иш алып барып жаткан алмаштыруучу жайлардан алданып калгандыгы тууралуу арыздар менен көп жарандар кайрылышат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан