ЗАМАНБАП АРЫКТАТУУЧУ КАРАЖАТТАР: ӨЗҮӉДҮ АРЫКТАТАБЫ ЖЕ КАПЧЫКТЫБЫ?

«Диета жана спортсуз арыктаӊыз!», «Дивандан турбай салмак ташта!», «1 айда 15 килограммга арыкта!..» Мындай «ягоды годжи», «жидкий каштан» сыяктуу тармактык маркетингде кеӊири тараган суперфуддардын чакырыктарын социалдык тармактардан, маалымат каражаттарынан окуп-көрүп эле жүрөбүз. Мүмкүн мындай жарнамалар өзүбүздү эмес, капчыгыбызды «арыктатып» жаткандыр. Адистер булар тууралуу эмне дешет?

АЛДАНБАЙЫН ДЕСЕӉИЗ!

Сизге тааныш эмес товар сатып аларыӊызда сөзсүз ал жөнүндө маалымат топтоӊуз.
Сатуучулардын «бат, оӊой, таасирдүү, көз ачып-жумганча, бир жумада, бир айда, диетасыз, спортсуз» деген бал сөздөрүн эске алыӊыз.
Кардарлардын каражаттар тууралуу оӊ пикирлери. Булар тармактык маркетингде иштегендердики болушу мүмкүн.
 Дарыгерлердин «сунуштары». Ак халат кийгендердин баарын дарыгер деп айтуу мүмкүн эмес.
Арыктаганга чейинки жана кийинки сүрөттөр. Фотошоп дегендин бар экенин унутпаӊыз.

ШИЛБИ (ЯГОДЫ ГОДЖИ)
Эмнени убада кылат?
Ашыкча салмактан арылууну, организмде зат алмашууну ылдамдатууну, теринин сапатын жакшыртуу, потенцияны жогорулатуу, гормондорду нормалдаштыруу, рак клеткаларынын пайда болушун алдын алууну.
Чындыгы:
Годжи мөмөсүнүн мекени – Кытай. Кытайлыктар бул мөмөнү «нинся гоуци» деп аташат. Англис тилине которгондо goji (гожи) деп которулат. Аталышы мына ушул сөздөн алынган. Бул кадимки эле бизде өсүүчү шилбинин (волчья ягода) бир түрү.
21-кылымдын башталышында Түндүк Америкада «бейиштин мөмөсү», «узак жашоонун мөмөсү», «кызыл алмаз» деп жарнамаланып сатыла баштаган. Мындай укмуш жарнамалардан кийин асаи мөмөсүн (пальма түрү) сатып жүргөн компаниянын иши солгундап, арыз менен кайрылган. Ушундан кийин 2007-жылы АКШнын дарыгерлери колдонуучулардын укугун коргоо максатында атайын изилдөө жүргүзүшүп, жыйынтыгында сатуучулардын «годжи 75 пайыз сүт бездеринин шишигинин пайда болушунун алдын алат» деген убадасы суу кечпей калган. 13 порция годжи ширесиндеги С витамини 100 грамм кызыл алмада эле бар экендигин далилдешкен.

ЧИА УРУГУ
Эмнени убада кылат?
Денедеги майлардын эришин, арыктоону, ач болгонду сезбөө, холестеринди азайтууну, кандагы кантты нормада кармоону, артериалдык кан басымды түшүрүүнү.
Чындыгы:
Чиа уругу же испан шалфейинин мекени болуп Мексика, Гватемала саналат. Ал деӊиз деӊгээлинен 1800-2600 метр бийиктикте өсөт. Бүгүнкү күндө Түштүк Америкада жана Австралияда өстүрүлүп, ашканада кеӊири пайдаланылып келет.
Изилдөөчүлөр чиа уругу А, С, Е жана В тобундагы витаминдерге, кальций, темир, магний, марганец, фосфор, калий, цинкке, омега кислотасына жана белокко бай экендигин айтышат. 2005-жылы Европа союзу аны перспективдүү азыктардын катарына кошкон. Курамы боюнча зыгыр уругуна жана күнжүткө барабар. Зыгыр уругу менен чиа уругу сууда жакшы көбөт, ошондуктан ач болгонуӊду билдирбейт. Дарыгерлер аллергиясы барларга бул азыкты жегенден абайлоо керектигин эскертип келишет.

КУУРУЛБАГАН КОФЕ (ЗЕЛЁНЫЙ КОФЕ)
Эмнени убада кылат?
Эч кандай диета кармабай эле ашыкча салмактан жана майлардан арылууну, организмде зат алмашууну ылдамдатууну.
Чындыгы:
Куурулбаган кофе бул кадимки эле баарыбыз ичип жүргөн кофе, болгону даны куурулбайт. Чөп даамданып турат.
2012-жылдан бери дүйнөнү «кезип» жүргөн бул каражатты америкалык дарыгер Мехмет Өз өз телешоусуна алып чыгып, аялдарга эксперимент жасап, алардын арыктаганын көрсөткөн. Бирок бул көрсөтүүдөн кийин айрымдар «Аялдар чын эле куурулбаган кофе ичип арыкташтыбы? Өз көзүӊ менен көрбөгөндөн кийин ишенүү кыйын экен» деген пикирлерин айтышкан.
Дарыгерлер «арыктоо максатында кофени күнүгө көп өлчөмдө ичүүгө болбойт, оорусу жоктор оору тапса, өнөкөт оорусу барлардын оорусу курчушу мүмкүн» дешет.

ЖИДКИЙ КАШТАН
Эмнени убада кылат?
Май клеткаларын жок кылууну, иммунитетти көтөрүүнү, табитти басаӊдатууну, организмди тазалоону.
Чындыгы
Буга «Жидкий каштан» деген аталышты маркетологдор коюшкан. Кургак суусундук катары сатылган бул каражаттын курамын амазонка гуаранасынын (чырмалышып өскөн бак) уругу түзөт. Гуарана Бразилия, Парагвайда көп өсөт. Курамында кофенин уругуна караганда эки эсе көп кофеин бар. Европада, АКШда жана Австралияда шоколад, кофе, энергетикалык суусундуктарды жасоодо кошулма катары колдонулат. АКШда гуарана ден соолукка зыяндуу эмес деген статуска ээ. Американын азык-түлүктөрдүн жана дарылардын сапатын текшерүүчү башкармалыгы дарылык касиети жок экенин аныкташкан. 2001-жылы жүргүзүлгөн экспериментте гуарана, мате жана дамиана деген өсүмдүктөрдүн кошулмасын ичкендер 45 күндө 5,1 килограммга арыкташкан. Бирок бул бир нече өсүмдүктөрдүн кошулмасы болгондуктан гуарана арыктатты деп айтууга мүмкүн эмес болгон. Кийин гуарананы линолин кычкылы менен аралаштырып, чычкандарга такай беришкен. Жыйынтыгында алардын май катмарларынын азайганы байкалган. Ошентсе да дарыгерлер гуарана кошулган азыктар айрымдарда эпилепсияны чакырарын эскертишип, көп колдонбоого чакырышат.

«СУПЕРФУДДАРДЫ» ӨЗ БАКЧАӉЫЗДАН ИЗДЕӉИЗ!

  1. Менюӊузду өзгөртүӊүз! Күн сайын жашылчаларды көбүрөөк жеӊиз. Жашылча, мөмө-жемиштерди, айрыкча капуста, ашкабак, петрушка, алманы өз рационубузга кошкондо алар калориялуу же майлуу тамактардын ордун ээлеп, күнүмдүк калориянын жалпы көлөмү төмөндөп, семирүүнүн алдын алат. Жумасына жок дегенде бир жолу балык күнүн уюштуруӊуз. Малдын же канаттуунун этине караганда балыкта жана деӊиз азыктарында калория аз болот.
  2. Суюктукту көп ичиӊиз! Суу ачкалыкты сездирбейт жана зат алмашууну 3 пайызга жакшыртат. Андыктан тамактанар алдында бир стакан жылуу суу ичип алууну адатка айлантыӊыз. Мындан тамакка болгон табитиӊиз басаӊдап, азыраак жегенге шарт түзүлөт.
  3. Кардиомашыгууну унутпаӊыз! Кардиомашыгуу – бул велосипед тебүү, чуркоо, лыжа тебүү, тепкичке чыгуу, сууда сүзүү жана башкалар. Булар жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын иштешин жакшыртып, калорияларды азайтат.
  4. Бир убакта жатып, бир убакта турууга аракет кылыӊыз! Мындай режимди кармоо уйкуну тереӊ жана сапаттуу кылат. Сапаттуу уйку кортизолдун, стресс гормонунун деӊгээлин төмөндөтүп, лептин жана грелин гормонун (адамдын табитин көзөмөлдөөчү гормон) бөлүп чыгарууга таасирин тийгизет. Мунун баары диета жана спорт машыгуулары сыяктуу эле форманы кармоодо мааниси зор. Уйкунун өлчөмү жөнүндө да унутпагыла. Эгер ашыкча салмактан арылууну кааласаӊыз, эӊ керектүү өлчөм – 8 сааттык уйку.
  5. Тереӊ дем алыӊыз! Стресс курсактын тегерегиндеги майдын чогулуусуна себепкер экенин эске алып, күнүнө жок дегенде 3 мүнөт тереӊ дем алууну адат кылыӊыз. Тереӊ дем алуу стресстин деӊгээлин төмөндөтүп, ашыкча килограммдардын пайда болуусун 90 пайызга азайтат.
  6. Күн менен достошуӊуз! Күнүгө күнгө (ачуу тийгенде эмес!) 15 мүнөткө какталуу керек. Ал биздин ички саатыбызды ойготуп, уйкубуздун тынч болушуна оӊ таасирин тийгизет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
men14
2015-12-15 09:25:15
Саламатсызбы Админ! Ушул сыяктуу эле семируу тууралу кенештер сиздердин сайтыныздарда барбы? Бар болсо шилтеме берип коёсузбу?
0
admin_superstan
2015-12-15 09:54:53
men14, саламатсызбы!
Салмак кошуу тууралуу:
http://www.super.kg/article/show/30947
0
deva
2015-12-15 09:31:52
Жаңгактын майын кайдан алсак болот, арыктабасак бука болуп кеттик го. жолдошум ала-бука, көчкү деп жатат)))
+3
nazira1989
2015-12-15 16:20:29
deva,хи ха ха хаааа,кочку деген кличка бизде да бааар...))))))))
0
Asyl.jazi
2015-12-19 11:57:53
deva, интернеттен издеп корун, бит сайта 410 сом деп турат 0,25 л
0
belayalan
2015-12-15 22:13:14
Кимдин ден соолугу жакшы болсо арыктайм деп да семирем деп да кыйнабагыла өзүңөрдү.
+1
Guzi88
2015-12-16 08:14:25
Менда арыкташым керек кана Эми 45 кг болуп калсам.Жолдошум арык байкуш арыкта деп да айтпайт
0
luna.kg
2015-12-16 21:02:59
Жангактын майын кайдан алсак болот айтып коюнуздар сураныч?Менин куйоом мени медведь кызымды Маша деп алган))
+2
Bekish-kg
2015-12-17 14:18:27
спорт,жана кара жумуш.булардан башка даары жок!
+1
jast.one
2015-12-18 16:34:07
а кантиб толсо болот?
0
admin_superstan
2015-12-18 16:35:14
jast.one, саламатсызбы!
Салмак кошуу тууралуу:
http://www.super.kg/article/show/30947
0
aizirek...
2015-12-19 01:44:35
кадимки эле аш содасы мн арыктаса болот деп уктум. бирок кнтип пайдаланышты билбей жатам. маалымат кутом
0
dinar-87
2015-12-19 10:36:03
Арыкташ бизге да насип этеер бекен а :(
+1
Azada93
2015-12-19 12:50:24
соода жонундо мен дагы уккам бирок кантип пайдаланышты билбей жатам. Билгендер болсо айтып койсо жакшы болмок.
0
Pandora
2016-03-16 14:16:25
Azada93,Соода бул ото кооптуу,аны ач карын ичилет деп коргозгон,ач карын ичсе аш казандандын былжыр чел кабыгын сыйрып салбайбы деп ойлоп калдым.Аш казан эмес мындай эле элестеткиле СООДА канчалаган кирлерди тазалап салат темирдеги а ашказагды айтпай эле койсок болот.
0
toni.94
2015-12-19 16:13:53
мен жидкий каштан ичип атам азырынча озгоруш жок 1жума болду
0
89Kanatbek
2015-12-20 13:34:08
Уч айда он эки кг арыктагам. Жеш жагынан бир порция эмес эки порция жеп жургом. Каалаган нерсемди. Спорт менен алектенчуумун.
+1
Mayramkan
2015-12-28 19:57:28
Мен да булардын бирин клодонсомбу деп ойлонуп жаткам, рахмат маалыматынарга
Мага пайдалуу келди
0
jazgul.kg.ru
2016-01-02 13:03:48
Админ акыркы учурда менин буту-колдорумда ал тургай денемдин башка мучолорундо да кечинде уктап жатканда бат-бат тарамыш туйулуп жатат, ал эмне себептен болушу мункун?
0
muke.1971
2016-02-12 21:40:00
Ак тоонун карды жарылып каалаганынды жеп ичип турсан Адам арыктайбы . Эч кандай даары ичпей эле арыктаса болот ко дейм . Тамакты кичине тартса эле арыктайт .
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан