ЖАҢЫ ЖЫЛ КАЙРЫП БЕРГЕН БАКЫТ

Адамдар бактыга кабылган убагын сезе беришпейт дешет. Ушул Жаңы Жылда өз бактысын аз жерден жоготуп коё жаздаганын Касым да сезе бербеген. Жаркыраган Жаңы Жыл күнү кайрадан өз бактысын таап, куттуу конушуна конгондо гана жаңылыштыгын түшүндү...
Анда сөз башынан болсун.

КҮТҮҮ
Жаңы Жыл... Көчөдө, алтургай, ар бир үйдө майрам. Бирок, бул Жаңы Жыл Жанара үчүн майрам эмес, жалгыздыктын, кусалыктын күнү болчу. Күнү кечке атасын кү­түп кубанып турушкан балдарын аяп карап отурду. Ансайын алар энесинин талуу жерине тийип жатканын байкабай атасын улам сөз кылышат:
– Айгерим, мен апам берген шоколаддардын жарымын атама калтырып койдум...
– Ики, атам шоколад жебейт. Мен алмамды катып койдум.
Ушинтип биринен-бири өтүп атасына белек камдашкан балдарын көрүп, Жанара ичинен тына үшкүрүп алды. «Атаңар бүгүн келбейт» деп айтып демин суутканга энелик жүрөгү жол бербей же балдарынын көзүн­дө­гү үмүткө кайдыгер карай албай бушайман боло берди. Кантип мындай абалга жетип калдык? Балдары дегенде, мен дегенде жанын берчү эле го?.. Эми минтип...» Көкүрөгүндөгү ыза ачуу жашка айланып буулугуп турду.
Ооба, мындан бир аз айлар му­рун көптөрдү таңкалтырган, көптөрдү суктандырган бактылуу үйбүлөлөрдөн эмес беле...
Касым менен Жанара сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн. Алгач кыздуу, анан уулдуу болуп, Касымдан өткөн бактылуу адам жок болчу. Анан... Ушул учурда Жанаранын оюн телефондун чырылдаганы бузду.
– Апа-а, эшик шыңгырап жатат...- деди элеңдеп тура калган уулу Азиз.
– Жок, берекем, ал эшик эмес.
Жанара көз жашын жутуп телефонду көздөй басты.
– Алло...
– ...
– Алло, сизге ким керек эле?
Телефондогу адам сынагандай бир азга тыңшап турду да, трубканы коюп койду. Жанара шалдая түштү.
– Атам... атам бекен?
– Ким экен, апа?
Жарыша суроо узаткан балдарын маңдайынан сылаган Жанара жооп бере албай ашкананы көздөй басты.

ЖАШОО АЙЛАМПАСЫ...
«Хм, демек үйүндө жок көрүнөт. Кайда болду экен? Ушул күнү да кечке чейин иштебесе эмне болот эле...» Өз ичинен ушуларды күбүрө­гөн жаш бийкеч кайсы бир кайрыкты созолоно кетти. Анан күзгүнүн жанына барып, өзүнүн тамылжыган жүзүн бир топко карап турду да, кыткылыктап күлүп жиберди. Жаштыгы денесине батпай, далайларды суусаткан сулуулугу менен сыймыктанып турган жаш селкинин оюнда күнүмдүк жыргалчылык турган эле.
Азыр да Касымды күтүп жатканы менен кареги менен тегеренген баш­­ка жигиттер көз алдынан сыдырылып жатты. «Кызык ай, эгерде мен Уландын сунушун кабыл алганымда кандай болмок? Жок, жок, туура эле кылдым. Машинасы жок же туруктуу үйү жок байкуш студентти мен эмне кылат элем? Бирок, сымбаттуу. Биздин курстун кыздарынын теңи эле ашык деп айтты го өткөндө курбум Жамиля... А Акбарчы?»
Ушинтип ойлору менен алышып жаткан Диана узун кирпиктерин ирмегилеп, өзүнө-өзү маашыр. Ананчы, Касым менен таанышканы жашоосу ойдогудай. Кымбат баалуу кийимдер, кымбат жасалгалар, жүр­гө­нү машина, мындан башка сулуу бийкечке эмне керек?
Өзүнөн башка эч кимди ойлогусу келбеген өзүмчүл жаны Касымдын үйбүлөсү бар экенин да, анын балдары, келинчеги зарыгып күтүп жатканын да капарына алгысы жок. Качандыр бир кезде ал дагы атасын зарыгып күткөн. Анын атасы да жаш бий­кечтин артынан ээрчип кеткен эле. Диана бул жөнүндө таптакыр эстегиси келчү эмес. Мына, жашоо айлампасы деген ушул тура. Дал өзүн­дөй эле дагы бир кичине кыз атасын күтүп отурганы капарына да келген жок.

ОЙ ТОЛКУНУ
Кабинетинде отурган Касым ойлуу. Эки оттун ортосунда калган жаны эмне кылаарын, кандай чечим чыгараарын билбей бушайман. Өз күнөөсүнүн оордугунан үйүнө да баргысы келбей үйбүлөсүнөн четтей түшкөн эле. Дианага жолукканы кандайдыр өзүнө тааныш эмес, бейтынч жашоого баш ургандай алапайын таппай калганын өзү да сезет. Ошол күнү машинасын айдап кетип бара жаткан эле. Караңгыда жолдон кол көтөрө калган кызды көрүп токтоп кал­ды.
– Байке, ала кетиңизчи...
Кыздын үнү жалооругандай аяныч­туу чыкты. Макул дегендей башын ийкеген Касым бир аздан кийин тамашага сала сүйлөп калды:
– Караңгыда жалгыз баскан коркунучтуу эмеспи, сулуу?
Кыз негедир унчуккан жок. Күзгү­сү­нөн кыздын жүзүн аңдып келе жаткан Касымдын жүрөгү түрсүлдөп согуп чыкты. Кыз чынында эле чырайлуу экен. Ошол күнү эле кафеге алып барып сыйлап, экөө жакындан таанышып калышты. Ошондон соң Касым торго түшкөндөй тыбырчылады да калды. Өзүнө да билинбеген жалын каптап, жандүйнөсү тынч ала албай сулуу селкисинин жүзүнө арбалып калды. Үйүндөгү балдары, аялы да эсинен чыкты. Күнүгө шапар тээп, үйбүлө дегенди унутуп калды.
Антип-минткиче жыл айланып кетти. Экөөнүн мамилеси тереңдеп ба­ра жатканын сезген менен Касым Дианадан баш тарта албайт эле. Эми эмне кылаарын билбей башы маң. Үйбүлөсү дейин десе, сулуу бий­кечине биротоло арбалып калган. Ал дейин десе, балдарын кыя ал­байт. Эки ортодо жанчылып, кийинки кездери жүдөп да кетти. Кулагында жаңырган үндөр...
– Айтчы, эмнеге мынча өзгөрүп кеттиң? Үйгө жолобой калдың? Азиз күндө ыйлап уктоочу болду. Айгерим кечээ «Эмнеге атам менин чогулушума барбайт?» деп сурады. Эмне деп жооп берээримди билбейм.
– Жумуш менен жүрөм мен,- деп күнөөлүү күңк эткен өзү.
– Жок, сен мени алдаганың менен жүрөгүмдү алдай албайсың. Сен азыр мансабыңа көөп жатасың. Көзүңдү ачканда кеч болуп калат. Эсиңе кел, Касым... Мен мындан ары чыдай албайм. Көзүмдү жумуп, эми эсине келээр деген сайын...
– Болбодубу эми.
– Мен чыдай албай баратам, Касым,- деди аялы бышактап.
– ...
Өз күнөөсүнүн оордугун билип, ошол боюнча үйүнө барбай качып жүрөт.
Оор үшкүргөн Касым ордунан туруп, эшикке көз жиберди. Элдин бардыгы шаңдуу күлүп, кайдадыр шашылып бара жатышканын байкады. Тигине, кичине бала шарды көтөрүп алыптыр. Жүрөгү «тыз» дей түштү. Кө­зүн бакыраңдаткан сүйкүмдүү уулу Азиз көз алдына тартыла калды. «Эмне кылып жатты экен?» деди ичи туйлап...
Ушул учурда чөнтөк телефону шыңгырады. Алса бийкечи экен. Жа­ңы жылдык кечеге бараарын айтып, машина менен жеткирип коюшун суранды. Көңүлү жай таппай турган жаны сүйүнүп ордунан атып турду. Азыр эле көңүлү бук болуп турган жаны машинасын алып учуруп кө­ңүл­дүү кетип бара жатты.

КҮТҮЛБӨГӨН СЫНОО
Негедир эшикти ачык таштап койгон экен. Чоң букет гүл көтөрүп шашып кирип барган Касым босогодо ту­руп калды. Бийкечи куурчактай жа­санып алып, тамекини тиштеп кимдир бирөө менен берилип сүйлө­шүүдө...
– Ой, койчу, Аскат ошентип айткан бекен? Ой, боорум ай, мен аны колунан эч нерсе келбеген «пацан» экен деп жүрбөймүнбү... Көрсө... Ооба, ал дагы менин поклонниктеримдин би­рөө­сү эмеспи. Ал мени бүгүн кафеге чакырган. Хаа-ха-ха... Касымды айтасыңбы, кызыксың, кантип мен ошол карыган немени сүйүп калмак элем? Аны жөн гана утурумдук көңүл ачуу деп коёт.
Касымдын бүткөн боюна муздак суу куюлгандай калчылдап чыкты. Жүрөгү кысылып бийкечинен көзүн албай тура берди. Эмне деп жатат? Кантип ушуга чейин көздүүнүн сокуру болуп жүрдү? Кантип эле?
Көргөн көзүнө ишене албай көпкө турду.
– Диана...- деди бир кезде калтыраган үн менен.
Артына кылчая караган Диана Касымды көрүп чочуп кетти.
– Сен качан келип калдың?
– Азыр эле.
– ...
Касым Диананын көзүнө үн катпай тигиле берди. Эч нерсе деген жок. Диана селт дейт түштү.
– Эмне болду?
– Эч нерсе...
Касымдын колундагы зор букет колунан өзүнөн-өзү жылмышып түш­тү. Ага экөө тең көңүл бурган жок. Аны менен кошо үмүтү жылт эте жоголуп бара жатканын байкады.
– Курбуларым менен кафеге барат элек... Жеткирип коёрсуң.
– Макул.
Жол ката үн катышкан жок. Кафеге жеткенде машинадан түшкөн Диана Касымга «кирбейсиңби» дегендей ишарат берди.
– Жок, мен... башка жолу...
– Макул анда, көрүшкөнчө...
Шайдоот жылмайган кыз Касымдын бетинен чоп эттире өптү да, узай берди. Артынан армандуу карап турган Касым буулуга үн катты:
– Диана...
– Ов.
Алыстан үн салган Диана Касымдын көңүлүндө эмне болуп жатканын байкаган жок.
– Жаңы Жылың менен!
– Рахмат!
Караан алыстай берди. Машинасын көздөй баскан Касым балбалактап жаап жаткан карды карап армандуу жылмайды... Бүттү! Баары бүттү. Эми эч качан кайрылбасын түшүнүп турду. Көрсө, бул кызга жөн гана оюнчук экен да. Бул болсо ал үчүн баарынан кечип...
Шуу үшкүрүп алды. Кайда барат эми? Саатын караса жыл жаңыраарына бир гана саат калган экен.

ЭСКЕРҮҮ ТАСМАСЫ
Көкүрөгүндө бороон улуган Касым кайда бараарын, эмне кылаарын билбей көпкө турду. Шалдая түшүп машинасына отурду да, шаарды аралап жүрө берди. Бир кезде эсине келип жан жагын караса өзүнө тааныш бульварда турган экен. Көп­төн берки жоготкон жогун тапкансып сүйүнүп кетти. Бул жерде биринчи жолу аялы Жанара менен таанышкан эле. Анан балдары менен да ушул жерге келип эс алышчу. Кө­кү­рө­гү сайгылаша түшүп көздөрүн жумуп жиберди. Акыркы жолу бульварга балдарын алып келгендегиси эсине түштү. ”Деги колго тийбес болдуң. Бир жолу балдар менен чыгып эс алып келсек кантет?!” деп кейий берген аялынын сөзүнөн улам төртөө эс алганы чыгышкан. Кандай гана бактылуу кез эле. Жүзүнөн күлкүсү тө­гүлүп, жадыраган жары экөөнүн кантип таанышкандарын эскеришкен эле ошондо...
– Мен сени дал ушул бульвардан тапканымды билесиңби? Ар дайым ушул жолдон өтчүмүн. Бир күнү кетип бара жатып эле ушул жерде өсүп турган гүлдү көрө койдум да, ушул гүл менин тереземде өссө деп ойлодум. Эсиңдеби, жаныңа жетип барып таанышып алууну өтүнгө­нүм?
– Билесиңби, ошондо сен мага мурдун көтөргөн бир кекирейген адам сезилгенсиң.
– Сен болсо сулуусунуп, теңиңе албай, ээ?! Андан кийин мен сен үчүн канча жолу мурдум канжалады. Эптеп окууңду бүтүрбөй ала качып эле сенин жигиттериңден кутулбадымбы...
– Ооба десең...
– Ошондо сен чын эле гүлгө окшош болчусуң?
– Азырчы?
Касым сөз таппай кайпактай тү­шүп:
– Азыр деле...- деди.
Жанара муңая жылмайып койду. Аңгыча нары жакта ойноп жүргөн балдары келип чурулдашып калышты.
– Атама мен биринчи жетем.
– Жок, мен биринчи...
– Атаке!
– Ата!
Касым онтоп жиберди. Дал ушул учурда балдары биринен-бири жол талашып аталап чуркап келе жаткансып кетти. “Каралдыларым... мен ба­рам силерге, азыр барам. Экинчи эч качан силерден ажырабайм.” Касым жаш аралаш ушуларды күбүрөп турду. Бир чечимге келгендей рулду катуу буруп жиберди.
– Эй, кантет бу?!.
Жанаша кетип бара жаткан машинаны аз жерден уруп ала жаздаган экен. Бирок, токтогон жок. Анткени, аны күткөн адамдар бар экенин, ошол адамдар үчүн жашашы керек экенин түшүнө койгон эле. Бир нерседен кечигип калчудай болуп шашып бара жатты. Чындыгында эле аны эң жакын адамдары чыдамсыздык менен күтүп жатышкан эле.

КАЙРЫЛЫП КЕЛГЕН БАКЫТ
– Апа, атам келеби?
– Жок, атам Жаңы Жыл менен чогуу келет...
– Атам келгенде шампан ичебиз, ээ?!
Ээн үйдө кужурашкан балдары чыдамсыздык менен атасын күтүп жатышты. Сааттын жебеси он экиге жа­кындаган сайын чый-пыйы чыгып баратат. Апасы оор үшкүрүп алды. Атасы мындан ары өздөрү менен Жаңы Жыл тоспосун, мындан ары Касымсыз жашаарын кантип айтат?! Көз жашын жутуп калп күлгөн болуп балдарын алаксыта берди.
Ушул учурда эшик шарт ачылып кимдир бирөө кирип келгендей болду.
– Ура-а! Атам келди...
– Ата!
Эки баласы бирдей атылып сырттан кирип келген атасын кучактап калышты.
– Айланайындарым, силерден айланайын...
Ушинтип күбүрөгөн Касым өзүнөн көзүн албай селейип турган келинчегин жалынычтуу карады. «Кечир мени, Жанарам. Мен келесоо силердин баркыңарды билбей... кечир ме­ни!» деп жатты көздөрү. Азыр эле кунары кетип турган үйдүн шаңы чыгып бактылуу күлкүлөр угула баштады. Алардын бактысын куттуктагандай саат жебеси он экини көрсө­түп турду.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан