ЕАЭС өлкөлөрү боюнча Кыргызстанга шериктеш Армения Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, референдум өткөрдү. 7-декабрда өлкөдө президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүү демилгеси көпчүлүктүн колдоосун топтоду. Референдумдун өтүшүнө, Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө армян оппозициясы каршы чыкты. Алар мындай жол менен президент Серж Саргсян 2018-жылы мөөнөтү бүтө турган президенттик бийлигин премьер катарында уланткысы келип жатат деп сындоодо. Эске салсак, Ереванда 1-декабрдан тарта президенттин кызматтан кетүүсүн, жаӊы шайлоолордун уюштурулушун талап кылган митинг уланып жатат.
Армениянын жаӊы Баш мыйзамына ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, анын башкаруу мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга узарат. Бийликте негизги укуктарга премьер-министр жана парламент ээ болот. Ошондой эле президентти парламент шайлайт.
Кыргызстан 2010-жылы парламенттик-президенттик башкарууга өткөн. Быйыл парламенттин 6-чакырылышы ишин баштаарда депутаттарга кайрылган Алмазбек Атамбаев да президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, өкмөт башчынын бийлигин күчөтүүнү сунуштаган. Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы бүтөт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg