Ырчы Анжелика 7-декабрь күнү 3-кызы Айлинге бешик той берди. Спортчу, саясатчы, ырчы-чоорчулардын башын бириктирген бул тойдо атактуулар болушунча чардап, социалдык тармактарды сүрөттөрү менен толтурушту. Кыргыз каадасы менен той өткөргөн Анжелика: «Негизи бешик тойду эмдиги жылы берели деп жатканбыз, бирок анда тушоо той өткөрүш керек болуп калат экен. Жолдошум Урматтын жоро-жолдоштору, менин дос-тааныштарым көп болгондуктан баарын чогултуп эле чоӊ той берүүнү туура көрдүк. Тойду уюштурууга он күн убакыт кетти. Чакырууларды ар бирине барып бергенге жетишпегендиктен сүрөткө тартып интернеттен жөнөтүп жаттым»,- дейт кызына бешик той берип сүйүнгөн ырчы.