«Аппак сүйүү» деген ыры менен көп кыздарды турмушка узатып жүргөн ырчы Юлия Руцкая чыгармачылыктагы эмес, жашоосунда да аппак сүйүүсүн тапкан өӊдүү. Дегенибиз, ырчы кызды көптөн бери концерт, той-кечелерде кашы-көзү кара, шыӊга бойлуу жигит жандап жүрөт. Жан сакчысыбы дейин десек, экөөнүн бири-бирине жасаган жылуу мамилеси башкача. Бул сырдуу жигиттин ким экенине кызыгып ырчы айымга кайрылсак, «Азыр баары жеке жашоомо кызыгып, көп кайрылып жатышат. Менин жеке жашоом талкууланбайт» деген жообун берди. Мындай кыска жооптон кийин сырдуу жигит чынында жөн эле жандап жүрбөгөн окшойт деп калдык.