7-декабрь күнү Түркиянын Анкара шаарында элдик акын, жазуучу Омор Султановдун 80 жылдыгына карата адабий-музыкалык кечеси уюштурулду. Кечеде акынды Түркиянын Евразия жазуучулар союзунун өкүлү Якуб Омароглу, «Түрксой» уюмунун башкы катчысы Дуйсен Касеинов, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов куттукташты. Кеченин алкагында акындын көркөм жана обондуу ырлары окулуп, аткарылды. Ошондой эле жазуучуга Евразия жазуучулар союзу «Түрк дүйнөсүндө жылдын жазуучусу» деген наам ыйгарышты. Наамга марып, 80 жаш курагын белгилеп жүргөн агайга биз да бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!