Ырчы Омар «Жашоом менин – менин сүйүүм» аттуу кореялык тасмада үн коштоду. Көмүскөдө катылган талантын ачып көрүүнү чечкен Омар дебюту тууралуу: «Тасмада үн коштоо сунушун Марат деген тааныш балам киргизген. Чынын айтсам, алгач каарманымдын корейче сүйлөгөнүн укканда аябай күлкүм келди. Буга чейин үн коштоп көрбөгөнгө бир топ эле түйшүктүү жумуш экенин түшүндүм.Тасмада экинчи пландагы актёрдун үнүн коштойм. Коштогон үнүмө өзүм «4» деген баа берет элем. Эгер профессионалдар баа берсе, анда былчыйта эле «2» коюшса керек»,- дейт күлүп. Омардан сырткары аталган тасмада ырчылар Гүлзинат Суранчиева менен Гүлжигит Калыков да үн коштошууда.