ИЗДЕЙМ СЕНИ

«МАРШРУТТУК ТАКСИ АЙДАГАН КАЛЫБЕК, КАЙДАСЫӉ?»
– Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 1987-жылы туулган Калыбек аттуу жигитти издейм. Ал экөөбүз Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунан таанышканбыз. Калыбек шаарда 0952 мамлекеттик номерлүү 212-маршруттук таксинин айдоочусу болуп иштечү. Калыбек, эгер сени издеп жатканымды окусаӊ, мени дароо тааныйсыӊ. Сени дагы эле сагынган бойдон жүрөм. Мен Москвадамын.

Айзада, тел.: +7968 356 60 56, +7925 265 76 36

«БЕШИК КУРБУМ НУРПЕРИНИ ИЗДЕЙМ»
– Курбум Нурперини издейм. Экөөбүздүн ата-энелерибиз мурун катташып турушчу. Ал экөөбүз бир күндө, 1993-жылдын 16-декабрында төрөлгөндүктөн аталарыбыз бизди бешик дос болушсун деп ниет кылышкан экен. Бир жолу атам аны менен тааныштырам деп Токтогулдагы үйүнө алып барган. Тилекке каршы, таппай келгенбиз. Анын ата-энесин билген атам каза болуп калгандыктан Нурперинин фамилиясын да билбейм.

Замира Турдалиева,
тел.: 89679 118 693 zamiraturdalieva@gmail.com

«АЗАМАТТЫ КӨРГӨНДӨР БАРБЫ?»
– Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну Азамат Байбек уулун издейм. Ал 1987-жылы 21-январда туулган. 2015-жылдын 27-октябрында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуӊуздарды өтүнөм.

Кошалы Шекербеков,
тел.: 0777 06 20 11

«ЧОЛПОНДУ ЖОГОТУП ЖИБЕРДИМ»
– 2013-2014-жылдары Бишкек шаарынын Туӊгуч кичи районундагы «Чолпон» деген павильондо соода кылган Чолпонду издейм. Мен анын туруктуу кардары болчумун. Ортобузда мамиле деле болгон эмес, жөн гана тааныштардан болчубуз. Жыл башында мага операция жасалып, ооруканага жатып калдым. Андан кийин айылга кетип, жарым жылча жүрүп келсем ал дүкөнүн жаап, Токмокко көчүп кетиптир. Ал жакка барып да издеп келдим. Бирок таппадым. Мен аны карындашымдан артык жакшы көрүп калгам. Чолпон, эгерде окуп калсаӊ байланыш, суранам.

Мурат Абдылдаев,
тел.: 0559 29 10 56.

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
dubai
2015-12-16 01:34:51
бул сандагы чыккан издоолордун "сюжеттери" бир башкача экен...
0
ulan.zhoroev
2015-12-21 19:35:45
Адамдар кыздарды озунун бир тууган карындашынан да артык коруп калганбы э суйуп калдым деп жазганга уялганго
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан