ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Токто, сен эмнеге ыйлап жатасыӊ?
– Күлүп жатам го...
– А бул эмне?- жигит кыздын жашын аарчыды. Арууке үнсүз жылмайды. “Муну бакыттын көз жашына окшоштурушум керек. Жамгыр киши, сен эч нерсе билбей эле койчу” деди ал ичинен. Жанар “ал чынында эле кубанганынан ыйлады” деп ойлоду.

ххх

Экөөнө күндөр тез-тез өтүп кеткендей туюлду. Сабакка чогуу барышат. Үйгө чогуу келишет, сейилдешет. Адаттагыдай жылуу пледди оронуп кино көрүшөт. Бир күнү эшикке чыгып кар киши жасашты. Саат түнкү он эки. Кар жаап жаткан. Жасап бүтүшкөн соӊ Арууке кар кишини кыйлага чейин карап турду да:
– Өтө эле боорукер кылып жасап коюптурбуз,- деди муӊайым үн менен.
– Кар кишилердин баары ушундай көрүнө берет.
– Бул байкуш эми эрип жок болот.
– Эмнеге эле аны байкуш деп жатасыӊ? Кел, сага байкуш көрүнбөшү үчүн мунун “сүйгөнүн” да жасайбыз. Жанар кар тоголоктой баштады.
– “Балдарын” дагы,- деди Арууке олуттуу түрдө. Экөө чын эле кар кишинин жанына анын “сүйгөнүн”, “балдарын” жасап чыгышты.
– Эми,- деди Арууке кар кишилерге жакын келип, – баарыӊар чогуу эригиле, ээ? Сен мындан мурун же сен мындан эрте эрип кетпе! Чогуу эригиле! Силер дагы, макулбу?- кар кишинин “балдарына” карады.
Жанар ал күнү Аруукесинин башкача бир муӊайым көз карашын байкады. Кийинки күндөрү кыз үйгө келери менен кар кишилердин кимиси көбүрөөк эрисе, ошонусуна кар чаптап, алардын чогуу эришин көзөмөлдөп жатты. Ушул ишке кадимкидей олуттуу көӊүл бөлөт. Жанар Аруукенин боорукерлигине таӊ калып бүтпөйт. Мунусу үчүн жакшы көрөт, аяп кетет.

ххх

Арууке өз үйүнө барган күнү түш көрдү. Күзгүгө каранып жатыптыр. Капысынан анын күзгүдөн чагылышкан элесинин жанына дагы бир Арууке пайда болду. Күзгүдөгү элестердин биринин көздөрүнүн айланасы карарып калган. Көз карашы да башкача, нурсуз, муӊайым. Бир убакта күзгүдөгү экинчи Арууке жагымсыз жылмайып койду. Кыз чочуп ойгонду. Ашканада атасы менен апасынын сүйлөшүп жатканы угулду.
– Үйдү сатышыбыз керек го...- апасы акырын сүйлөдү.
– Ооба, бирок дароо өтүп кетпейт да.
– Арзан эле берип жиберели. Кызыбыздан кымбат эмнебиз бар? Эптеп жакшы кылып алсак, калганын табаттырбыз.
– Кайда алып барыш керек дедиӊ?
– Израилге.
– Ал жакка көп акча керек,- атасы үшкүрүндү.
“Байкуштарым, дагы деле үмүтүӊөрдү үзө элек экенсиӊер. Бирок баары бүттү. Мен кетишим керек. Силерди азапка салбай кетишим керек. Жамгыр кишини да кыйнагым келбейт. Бирок кантип? Силерден кантип ажырайм?” Арууке үнсүз ыйлап жатып ушуларды ойлонду.
Кыйладан кийин туруп күндөлүгүн алып чыкты. Сырын төкпөсө болбойт. “Биздин үйдө дайыма күлкү жаӊырып турчу. Атам да, апам да күлкүчү эле. Азыр мага көрсөтпөй көп ыйлашчу болду. Эптеп даба тапсак деп тытынып жүрүшөт. Бирок аз убакыттан кийин бул дүйнө менен кош айтышарыма көзүм жетип турат. Бүттү. Жанарга эч нерсе айткан жокмун. Жанар азыр менин күнөстүү жашыл аралым. Анын жанында баарын унутам. Оорумду да. Бакытка бөлөнөм. Акыры бир күн келет. Анан мен жок болом. Ата-энем боздойт. Жанар... Жок, мен кетишим керек. Куурап өлүп бара жатканымды силерге көрсөткүм келбейт. Силерди азапка салгым келбейт. Бирок силерден кантип ажырайм? Өмүрүмө кол саламбы? Анда силер мени кечирбейсиӊер. Жараткан кечирбейт...” Кызды түрдүү ойлор курчай берди. “Балким, бул дүйнөдөгү эӊ акыркы күндөрүмдү силер менен өткөрсөм туура болмок. Бирок мен кетишим керек. Чет жерге кетем. Ата-апа, ал жактан силерге ооруп жатканымды көрсөтпөйм. Бактылуу экенимди билдирип турам. Интернеттеги баракчама жалаӊ жылмайган, күлүп түшкөн сүрөттөр жүктөлөт. Ушундай кылсам аз да болсо силердин да, менин да азабымды жеӊилдетер. Ошентип үмүт кылып жатам. Мени кечиргиле! Менимче, бул эӊ туура жол. Жанар менсиз эле бактылуу болушу керек. Ал ошого татыктуу”.
Арууке ушул күндөн тарта чет жерде жүргөн тааныштары менен байланыша баштады. Интернет аркылуу өзү менен бир класста окуган Айгеримди таап алды. Ал Москвада экен. Арууке келем десе жумуш таап бере турганын билдирди. Москва ыӊгайлуу болгону турат. Ал жакка жол кире да азыраак талап кылынчудай. Анын үстүнө кыргыздар көп, жолдо калбаса керек. Кыз ушундай жыйынтыкка келди.

ххх

Жанар Аруукени сейил бакта күтүп жаткан. Кыз эмнегедир окуу жайга келбей, сейил бакка барарын айткан эле. Күн бүркөө тартып, дагы кар жаачудай болуп турат. Жигит суукту сезбегендей. Кыялданып бүтө албай жүргөн чагы. “Быйыл жайда Аруукеге айылды көрсөтүп келем. Апам менен тааныштырам. Тойго даярданабыз. Бактылуу экенмин. Кудайга шүгүрчүлүк кылам. Ушунчалык жакшы адам. Берекем. Аруукем. Эркем. Сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын”. Жанардын көӊүлү ток.
– Суук экен го. Эмне жеӊил кийинип алгансыӊ?- автобустан жаӊы эле түшкөн Арууке Жанарды көздөй басып келе жатып сүйлөндү.
– Сизге жагайын деген аракет да,- жигит жылмайды.
– Сагынып кеттим,- кыз жигиттин моюнуна асылды. Көпкө кучакташып турушту.
Бир убакта Арууке издегенин таап алган кишидей көзүн бакырайта:
Кел, бүгүн тату жасатабыз,- деди кубанган түр менен.
– Тату? Ал эмне?
– Денебиздин бир жерине сүрөт чектиребиз.
– Койчу! Антип жаман кишилер жасашат. Аруукенин бул ою Жанарга жаккан жок окшойт.
– Жамгыр киши, биз жаман адамдар эмеспиз. Биз бири-бирин жакшы көргөн адамдарбыз. Кел, сен мендик, а мен сендик экендигибизди далилдейбиз. Сен денеӊе “А” деген тамганы жаздырасыӊ, а мен J (джей) деген тамганы жаздырам.
– Эмнеге J (джей)?
Арууке кар бетине латын тамгалары менен “Janar” деп жазды.
– Акылдуум, бул сенин ысымыӊдын биринчи тамгасы эмеспи,- кыз кыткылыктап күлүп койду.
– Жок, жөн эле коёлучу.
– Демек, сен мени жакшы көрбөйт экенсиӊ да,- кыз таарынымыш этти.
– Сени канчалык жакшы көрөрүмдү элестете да албайсыӊ...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Nariste...12
2015-12-21 09:16:16
Ии байкуш кыз. Олуп калат окшойт....
0
aytkulova
2015-12-21 09:36:06
Байкуш Арууке((
+1
Baichik17
2015-12-21 10:30:30
Арууке олбойт, аягы жакшы бутот, Арууке башканы суйуп калып башкага турмушка чыгат.
0
mirana9395
2015-12-21 11:04:10
Baichik17,анда сиз эле жазып койбойсбу ее, бизди бир жума куттурой:)
+5
dina_08_80
2015-12-21 12:08:30
Байкуш,эх тагдыр мынча татаалсын....
0
Zarger59
2015-12-21 13:00:52
Бечара кыз жакшы болуп кетсе экен.
+1
Sm.nargiz00
2015-12-21 13:57:01
Арууке оорубаганда эн бактылуу уй було болушмак..
+1
korul.alai001
2015-12-21 15:46:50
Москвага барып ал жактан Аруукеге жардам берген бирого жолугуп анын алдында карыздар болуп калатко менин оюмча...
0
Gulya21
2015-12-21 17:24:28
Арууке олбой эле койсун Жанар экоо бактылуу болушсун
0
Shokoladka94
2015-12-21 19:15:51
Башында Жанар Москвадан метродон корбоду беле Аруукени, демек олбойт кандайдыр бир себептен аман калат!
+4
Musulmanka.
2015-12-21 21:07:49
Кызыктуу жерине келди...
0
Nkvd_1993
2015-12-21 23:26:37
Даааа
0
Markita
2015-12-23 01:44:58
Даа озунун олоорунду билсен ар бир минута таттуу болуп маанилуу нерсеге гана коротсо керек .окуу деле кызыксыз болоор
0
Ailo
2015-12-24 13:34:42
Аллах сактасын мындайдан.
+1
Kubanychbek1994
2015-12-25 01:48:54
Кызыктуу тема екен,джи сериалды окуугандан бери суйуго чындап кызыгып калдым
+1
Kadyrbek09.10.2015
2016-09-29 16:51:53
Эх сүйүү сүйүү
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан