АЛТЫНДЫ КИМ САТУУДА?

Алтын уюган жана көзгө көрүнгүс майда түрдө кездешет. Көп адамдар алтын кени табылган жерлердин баарын казса эле уюган алтын чыга берчүдөй элестетишет. Ооба, айрым кендерде алтын уюган түрдө кездешет. Мисалы, Нарындагы алтын чыккан аймактардан жергиликтүү эл рудага бай бош текти электен өткөрүп, алтынын колго эле ылгап алышат. Бирок мындай ыкма аркылуу 1-2 граммдын тегерегиндеги алтын тапсаӊ таптыӊ, таппасаӊ жок.
Ири алтын кендеринде алтын эки түргө бөлүнөт. Мисалы, Макмалдагы алтын кесек келип, аны тоо тегинен бөлүп алуу жеӊил. Ал эми дүйнөдөгү эӊ ири ондукка кирген «Кумтөрдө» болсо жалпак тил менен айтканда алтын күлдөй майда болот. Ошондуктан аны ылгап алуу өтө татаал. Алсак, мындагы алтындын өлчөмү болгону 10-20 микронду түзөт. Ал эми адамдын бир тал чачынын калыӊдыгы 80 микрон.
Куралсыз көзгө көрүнбөгөн баалуу металлды толук ылгап алуу технологиясы азырынча жок болгондуктан «Кумтөрдүн» фабрикасынан чыккан калдык менен кошо 10-20% алтын ылганбай калат. Алар калдык сактоочу жайга топтолууда жана бүгүнкү күндө анын көлөмү болжол менен 70 тоннага жетерин адистер белгилешүүдө. Эгер келечекте баалуу металлды 100 пайыз ылгап алуу технологиясы иштелип чыкса, топтолуп жаткан алтынды бөлүп алууга болот.

ДОРЕ КУЙМАСЫ ЖЕ АРАЛАШМАСЫ БАР АЛТЫН
Ылгоочу фабрикадан тоо теги иштетилген соӊ анын курамындагы алтын зергерлер жасаган шакек, сөйкө же банктардагы куймалардай жаркырап чыга келбейт. Алтын кениндеги фабрикадан ылганып алынган баалуу металл Доре куймасы деп аталып, анын курамынын 70-75%ы алтындан, 20%ы күмүштөн жана калганы башка металлдардан турат.
«Кумтөрдө» өндүрүлгөн Доре куймаларын компания мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасы сатат. Кенде өндүрүлгөн куйманын андан аркы тагдыры толугу менен кыргыз ишканасынын колуна өтөт. «Кыргызалтын» аларды Кара-Балта шаарындагы аффинаждоочу заводдо эритип, алтын менен күмүштү жана башка металлдарды өз-өзүнчө ажыратып, таза алтын куймаларын даярдап сатыкка чыгарат. (!) Ушул жерден баса белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагындагы кендерде өндүрүлгөн алтынды сатып алууга, аны ички рынокко чыгарууга жана чет өлкөгө сатууга жалгыз гана «Кыргызалтын» укуктуу.
Бирок биздин кээ бир саясатчыларыбыз коомчулуктан упай топтоо максатында «патриот» тонун жамынып, чет элдик ишканаларга бут тосууну адатка айлантышканы жашыруун эмес. Ар бир инвестор бөтөн жерде иштеп жаткан соӊ ал өлкөнүн мыйзамдарын сактоо менен таза иштеп, киреше табууга кызыкдар. Андыктан «патриот» боло калган саясатчылардын кен ишканасы баланча тонна алтынды чет өлкөгө ташып кетти деген билдирүүлөрү акылга сыйбай турган кеп. Алар мындай билдирүүлөрү менен Кыргызстандын бажы жана чек ара кызматтарына да шек келтирип жатканын баса белгилегим келет.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
marik10
2015-12-21 12:50:26
туура макала, негизи элге бут нерсени ачык айтышса популисттер жаныбарлардын кызыл китебине киргизилип, кийин жоголуп кетишмек
0
shailoo2015
2015-12-27 09:51:43
Рахмат чоң
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан