Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын Россия-1 телеканалындагы «Главная сцена» сынагынын жарым финалына озуп чыкты. Чейрек финалда Кайрат «Я любил одну милую» чыгармасын жаӊыртты. Орусиянын дасыккан ырчыларынан куралган калыстар тобу мекендешибиздин өнөрүн жогорку деӊгээлде баалашып, талантын аздектеп жүрүүсүн өтүнүштү.
Елена Ваенга:
– Мен ушунча катышуучулардын арасынан сиздин үнүӊүздү дагы бир жолу уккум келип жатат. Сизге эч нерсе деп айта албайм. Болгону рахмат дейм. Мындан ары сынак кандай жүрбөсүн сизге чалганга уруксат бересизби? Менде сизге сунушум бар.
Диана Арбенина:
– Мен сизди биринчи жолу көргөндө эле тубаса талант экениӊизди айткам. Сизде эч кандай жасалмалуулук жок. Сахнада жөн эле ырдап турдуӊуз. Мага ошол турпатыӊыз менен жактыӊыз. Кандай сонун деп ырахат алдым.
Владимир Пресняков:
– Кайрат бул сынак башталгандан бери менин сүймөнчүгүм. Талант сизге ченебей берилген. Андыктан аны сактап, аздектеп жүрүӊүз. Сиз өзүӊүзгө эмес, талантка тийиштүүсүз.
Валерий Леонтьев:
– Сизде көркөм тембр бар. Үнүӊүздө жасалмалуулук жок. Бирок биз үн жаздыруучу студияда турган жокпуз да. Артыӊызды карасаӊыз башкы сахна деп жазылып турат. Ошондуктан тандоого келгенде ушул нерсе эсепке алынат. Мен сахналык көркөмдүүлүк тууралуу айтып жатам.
– Кайрат, калыстар тобундагы Елена Ваенганын сенден телефон номериӊди сураганы күтүүсүз болсо керек. Ырчы айым сага кандай сунуштарды айтты?
– Сахнанын артында Елена Ваенганын администратору келип номеримди жазып алган. Мен Инстаграмдан ырчы айымдын ар бир кадамын байкап отурам. Ал гастролдоп концерт берип жүрөт, мүмкүн ошол үчүн же сынакты бүтүрүп алышсын деп күтүп жатабы, андан бери чала элек. Албетте, кызыктуу сунуш айтса макул болом.
– Орустар өзүнө тартып коёбу деп кооптонгон жоксуӊбу?
– Жок. Себеби финалда жеӊүүчүнү калыстар тобу эмес, эл аныктайт. 19-декабрда акыркы жарым финал көрсөтүлөт. Андан соӊ 2 күн СМС добуш берүүгө коюлат. Мен учурдан пайдаланып жалпы элибизге кайрылар элем, СМС добуш берүүгө активдүү катышып, жеӊишти сууруп алалы! Добуш берүү ВКонтакте сайты аркылуу да жүргүзүлөт. Кудай буюруп, мен жеӊсем жеӊиш жалпы Кыргызстандыкы болот.
– Жеӊүүчүнү кандай сыйлык күтүп турат?
– Финалда 1-орунду алган катышуучуга бүтүндөй Орусияны кыдыртып концерт уюштуруп беришет. Авторадиодо ырын жаӊыртат. Бул деген Орусиянын жылдызы болосуӊ деген сөз.
– Эгер сен жеӊүүчү болбой калсаӊ, ким утат деген ойдосуӊ?
– Албетте, мен болушум керек (күлүп). Татыктуулар көп. Бирок Орусия элинин көбү катышуучу Пётр Елфимовго добуш береби деп ойлоп турам. Бирок чейрек финалда «Я любил одну милую» ырын аткарганымдан кийин менин да күйөрмандарым пайда болду. Айрыкча 40-45 жаштагы орус аялдар (күлүп).
– Маегиӊе рахмат, ийгилик!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg