(Башталышы өткөн сандарда)
Түшүмдө Жумалы байке пакетке салынган аракты Бекболотко берип:
– Эрмекке бер, баарын ичсин, жанында карап тур,- деп жатыптыр.
Бекболот аракты стаканга куюп, мени көздөй басты. Мен аракты алайын дегенде ортобузда чоӊ суу пайда болуп, Бекболот сууга түшүп кетти. Суу баткак экен, чыга албай жатат, ошону менен ойгонуп кеттим. Саат жетиден өтүп калыптыр, телефонду текшерип көрдүм, Бекболот эч ким менен сүйлөшпөптүр.
Өчүрбөй эле үнүн катуу чыгарып жаныма коюп койдум. Саат 10до Бекболот машинасын жүргүзүп бир жакка жөнөдү. Бирөөгө чалып:
– Мен келдим, каякта турасыӊ? Аа, көрдүм, бол тез,- деп телефонун өчүрдү.
Бирөө келип машинага отурду:
– Тынччылыкпы, эмне мынча шашып, телефондон эле айтсаӊ болбойт беле?
– Болбойт болчу! «Утечка» кетиптир, токойго түшкөн товарды «местный» бир орус алып чыгып берип жүрчү экен, ошол менттерге айтып салыптыр.
– Эмне алкаш беле?
– Жок, шефти билесиӊ го, андайларды жакын жолотпойт. Жанагы көк мээ кымбат машина сатып алыптыр. Жашаган айылы кичинекей эле экен, ким эмне тирилик кылып жатканы баарына дайын го, сөз болгон окшойт. Айылдын участковыйы бирөөлөр аркылуу алдап арак ичирип мас кылып, айттырып алыптыр.
– Анан биздин артыбыздан аӊдып калышыптырбы?
– Жок, бизге чыга элек окшойт, шеф айтат эле, жакында эле билиниптир.
– Аны шеф каяктан билип калыптыр?
– Ментурада адамдары бар, шеф аларга кадимкидей айлык төлөп берет.
– Милициялар андан айлык алышабы?
– Ооба, ай сайын айлык алып турушат экен. Мен түндө аны менен сүйлөштүм, экөөбүзгө иш тапшырды.
– Кандай иш?
– Экөөбүз Эрмекти тынчытышыбыз керек.
– Кандайча?
– Ушундайча эле тынчытышыбыз керек, дайынсыз жок кылабыз. Болбосо бизди тынчытышат. Менттер жакында чукулап башташат, анан оӊой эле Эрмекке чыгышат. Эгер аны жок кылсак, жип үзүлөт, бизге чыга алышпайт.
– Дагы мокрухабы? Башка жолу жок бекен?
– Эми шеф айткандан кийин кылбай коё албайбыз да, кыскасы, үчүнчү күнгө ишти бүтүрүшүбүз керек, төртүнчү күнү шеф келет. «Уюктагы» акчаны, товарды Баш-Булакка алып барабыз. Бул ишти мен, сен, шеф үчөөбүз эле билишибиз зарыл. Ал бирөөӊөрдүн да оозуӊардан чыкпасын деп эскертти. Ишти жакшы бүтүрсөк экөөбүзгө бир лимон берет.
– Ойлондуӊбу кантип жок кылышты?
– Жок, шаршемби күнү кечинде жолугабыз, ал жак ээн талаа, эч ким деле болбойт, ошол жактан бир нерсе кылабыз. Кой, азыр дагы бир-эки жерге барышым керек. Сен
даяр болуп тур, мага чалба, мен өзүм чалам.
Өз жанын сакташ үчүн адамдын өмүрүн кыюу булар үчүн көнүмүш иш экен да.
Бүгүн да ишке барышым керек, анан эки күн дем алыш, үчүнчү күнгө чейин үч күн убактым бар экен. Саат төрткө чейин эмне кылууну ойлонуп жаттым. Акыры алыс жакка качып кетүүдөн башка жол таппадым.
Бирок Элизачы, ага баӊгизат менен иш кылам десем кандай түшүнөт? Азырынча эч нерсе айтпай эле турайын деп чечтим, бир жакка барып жайланышып алсам, анан деле алып кетем. Бир жагынан мени менен жүрүү ага да коркунучтуу эле.
Жумушка барып күндөгүдөй эле иштеп жүрдүм. 8дерде Элизага бардым, кафеде эч ким жок экен. Түнкү бирге чейин эч кандай рейс жок эле, рейс болгондо гана клиенттер келбесе, башка маалда эч ким деле болбойт. «Кафеден эле тамактанып алайын, мага шерик бол» деп экөөбүз бирге тамактанып отурдук. Бир-эки жолу айтып жиберейин дедим, бирок коркутуп албайын, мени жаман көрүп калбасын деп айтпадым. Ойлоп көрсөм өппөгөн да экем, жанында отуруп эле куса болуп, сагынып кеттим. Эч нерседен бейкапар күлүп-жайнап ар нерселерди айтып берип отурду. Ичимден «Көп болсо бир айда алып кетем, жаӊы жашоо баштайбыз. Мен иштейм, эч нерседен кем кылбай багып алам» дедим. Дегеле жанынан чыккым келбейт, саат 12лерге чейин отурдук окшойт, менин бактыма бир да клиент келген жок, акыры жумуштан издеп чала баштаганда аргасыздан жөнөдүм.
Эртеси үйгө барып жуунуп-таранып алып, керектүү деген документтерди, акчанын карточкаларын, үйдөгү болгон акчаны алдым, башка ашыкча эч нерсе албадым. Мүмкүн мени аӊдып калгандар болсо, колума сумка көтөрүп алсам дароо эле кармашмак. Азырынча мени эч ким издебейт, ишке эки суткадан кийин барам. Батирдин ээси дагы 20 күндөн кийин келмек, Бекболот бүрсүгүнү чалмак. Убактым бар эле, түз эле Бишкекке жөнөдүм, SIM-картамды ыргытып, жаӊысын сатып алдым. Телефондогу болгон номерлердин баарын өчүрүп салдым, Элизаныкы эле калды. Авиационный колледжде Саня аттуу бирге окуган досум бар, Сокулук районунун айылдарынын биринде жашачу, айылдын атын жазбай эле коёюн. Кышкы сессиядан кийин каникулда баары үйлөрүнө кетишкенде мен колледждин жатаканасында калчумун. Ошол маалдарда, деги эле дем алыш күндөрүн башкалар сүйүнүп күтүшсө, мага жакчу эмес. Баары кетип жалгыз калчумун. Ошондо Саня үйүнө чакырып, каникулду анын үйүндө өткөрчүмүн. Атасы Орусияда иштечү, үйүндө апасы, иниси үчөө жашашчу. Малы көп болгондуктан каралашып, жардамдашып, кечинде «дискотекага» барып дегендей.
(Уландысы кийинки санда)