Бул ырчы жаштыгына карабай тынымсыз аракеттин артынан шоу-бизнестен өз ордун тапты. Айтылган ар кандай сөздөргө кылт этип кыйшайып койбой, ийгилик жаратып келе жатат. Улуу муун менен жаштарга бирдей жаккан ырчы Самара Каримова Бишкекке келип биз менен баарлашып кетти.
– Самара, жаӊы жылга карата Ошто 9 күн концерт берет экенсиӊ. 19 күн концерт бергениӊде сындагандар көп болду эле. Көӊүлүӊ калган жокпу?
– Элдин баарына жагыш абдан кыйын. Талкуу кылгандар менен кошо мени колдоп, ыраазычылыгын айткандар чыкты. Андыктан ошол күйөрмандарыма жаӊы жылдык ыр белек тартуулоо максатында концерт берем деп чуркап жүрөм. Майып балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер билет таркатам. Буюрса, ошолордун батасы менен концертим жакшы өтөт деп турам. 28-декабрдан 5-январга чейин өтүүчү концертимде өзүм тарбиялаган «Самара» тобунун жаштары өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
– «Самара» деген топту ачканыӊа эмне түрткү болду?
– Көп таланттуу жаштар жардам сурап кайрылышат. Башка ырчылар жаш ырчыларга бут тосот, а мен колдоо көрсөтүү максатында бул топту ачтым. Амандык болсо, бутуна туруп кетет деп ишенем.
– Куудул Тынар Курбаналиев «Сагынганда атамды» деген ырыӊа пародия жазган экен. Кандай кабыл алдыӊ?
– Тынар аке Ошко концерт койгондо белек алып барсам, мага гүл берди. Анан ошол интермедиясын аткарып жатпайбы. Алып баруучу «Тынар, Самара капа болуп калбайбы?» десе, «жок, капа болбойт, мен ага гүл берип койгом» деп коёт. Пародиясын ырдаганда боорум эзилгенче күлдүм. Балдарым жарнамалык роликтерди көрүп жаттап алышыптыр. Кечинде үйгө келсек, «Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп, мен алыстан сагынганда Асанды, анан Самашты» деп тосуп алышат.
– Күйөөӊ сени кызганганынан эмес, колдогонунан ар дайым коштоп жүрөбү?
– Анча-мынча жигиттер жолдошумдан коркуп мага тийише алышпайт. Аскем менин чыгармачылыгымда орду чоӊ адам. Күйөөсү кызганып ырдатпай койгон ырчы эжелерди, тескерисинче, сахна үчүн турмушунан ажырагандарды көрүп эле жүрөбүз. Башкага турмушка чыкканымда ырчы болушум мүмкүн эле, бирок азыркыдай аялдык бакытка жетет белем, ким билет. Нарынга Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына барганыбызда актрисанын агасы Нуркан агай көзүнө жаш алып, «эгер Таттыбүбүмдү жолдошу ушинтип колдоп жүргөндө азыр жашайт беле?» деп өкүндү. Анан бизге «ар дайым ушинтип жанашып жүргүлө» деп батасын берди.
– Тойго 100 миӊ сомго барганыӊды угуп таӊ калдык, карапайым эл үчүн бул өтө эле кымбат эмеспи?
– Тажикстан, Өзбекстанга кымбатыраакка барам. Оштун өзүнө арзан эле ырдайм. Ар кимдин шартына жараша болот. Дос, жоро-жолдош, тууган, кесиптеш, тааныштарга бекер эле ырдап берем. Азыр ырчылар тойдон эле жан багып калбадыкпы.
– Чачыӊды кесип, заманбап кийинип стилиӊди өзгөрткүӊ келеби?
– Чачымды кыркып, кыска юбка кийип чыксам эл чочуп кетпейби. Айрымдар «Асан аялына узун кийгизип, чачын кырктырбайт» дейт экен. Чындыгында, ал «жарашкан кийимди кие бер» дейт. Кайненем ажыга барып келген, ырдатканына шүгүр кылып чектен чыкпай, ыйбаа кылып жабык кийингенге аракет кылам. Ал эми чачыма турмушка чыккандан бери кайчы тийгизе элекмин. Узундугу тиземе бир карыштай эле калды.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg