Каза болгон 7 жашар Даниелдин апасы: «БАЛАӉДЫ ТИРҮҮ КӨРӨМ ДЕСЕӉ 150 МИӉ БЕР ДЕДИ»

10-декабрь күнү Астра Макелеева күндөгүдөй эле жумушуна кеткен. 1-класста окуган уулу Даниелди улуу кызына «мектепке жөнөтүп кой» деп дайындап жатып уулунун мыкаачы тарабынан өлтүрүлөрүн билген эмес. 7 жаштагы Даниел апасы менен чогуу иштеген аялдын колунан каза таап, энеси сыздап кала берди.

«САГА ЖАКШЫ ЖАӉЫЛЫГЫМ БАР ДЕП ЧАЛГАН»
Бишкек шаарынын Ак-Босого жаӊы конушунун тургуну Астра Макелееванын үйүндө 10-декабрь каргашалуу күн болду. «Эртеӊ менен мен турсам кошо туруп алды. Экөөбүз чогуу чай ичтик, жылмайып мени карап, маӊдайымда отурганы менин көз алдымдагы акыркы мүнөттөрү тура»,- деп уулун жоготуп боздогон эне буларды айтып берди:
«Кызым, бүгүн табыӊ жок болуп турат, мектепке барбай эле койчу, мен жумушка кете берейин. Даниелдин курсагын тойгузуп, мектепке жөнөтүп кой»,- деп шашып жумушка кеткем. Түшкө жакын биз менен чогуу иштеген Майрам деген аял мага чалып, «кайдасыӊ?» деди. «Жумуштамын, жумуш көп болуп жатат, келесизби?» десем, «менин Сокулукта иштерим бар, бир аз кечирээк барам го» деп койгон. Көрсө, менин кайда экенимди текшерип жаткан тура. Андан кийин кайра чалып, «жумушка бир аздан кийин барып калам, сага жакшы жаӊылыгым бар» деди.
Саат 3төн өтүп калганда уюлдук телефонума «Жинди, сенин ханзаадаӊ менде. Балаӊды тирүү көрөм десеӊ 150 миӊ даярдап кой. Эч кимге айтпа, айтсаӊ кызыӊды да жоготосуӊ. Бүрсүгүнү акча даяр болсун, мен дагы чалам» деген орус тилинде СМС келди. Алгач окуганда жүрөгүм шуу дей түшүп, катты чогуу иштеген курбума окуттум. Ал мени жооткотуп, «мындай каттарга ишенбе, түрмөдө отургандар ушинтип жаза беришет» деди. Чыдабай кийинип алып эшикке чыктым. Алдымдан Майрам чыга калды. Оюмда эч нерсе жок ага болгон окуяны айтып ыйлай бериптирмин. Көрсө, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, баламды жайлап коюп анан келген тура (Астра айым көз жашын тыя албай жатты).
Бир туугандарыма, милицияга же мектепке чалайын десем, телефонумда бирдик жок экен. Майрамга келип телефон чалып алайын деп сурансам, «заряды түгөнүп телефонум өчүп калды» деп койгон. Аӊгыча акча таап бирдик салып, мектепке чалсам, баламдын сабакка келбегенин айтышты. Андан ары эмне кыларымды, баламды кайдан издешти да билбей калдым. Милиция кызматкерлери келип баарыбызды суракка ала баштады. Майрамдан укук коргоо кызматкерлери шекшип жатканынан оюмда эч нерсе жок «мен андан көрбөйм, анын мындайга барышы мүмкүн эмес» деп аяп койгонумчу? Аны курбум экөөбүздөн бөлүп өзүнчө алып кетишти. Кийин гана баламды өлтүргөн ошол мыкаачы экенин билдим.

«БАЛАМДЫ КӨМҮП ЖҮРГӨН ТУРА»
Астра Макелееванын айтымында, уулун өлтүргөн Майрамды үйүнө бир нече ирет киргизген. Ал тургай бир жолу себепсиз эле үйгө кирип келгенин айтат:
– Бир ирет курбум, балдарым болуп үйдө отурганбыз. Ал жумуштагы бир кызды ээрчитип эле кирип келди. Отуруп чай ичип алып кайра кеткен. Андан кийин түшкү тамакты ичип келейин деп үйгө баратсам ал дагы үйүнө жөнөп калды. Жолдо келе жатсак «үйгө алып келген азык-түлүгүмдү жеп коюшат» деп эле арманын айтып кирди. Жаман оюм жок аны «бүгүн биздин үйдөн чай ичиӊиз» деп ээрчитип алдым. Сүттөп чай берейин деп жолдон дүкөнгө кайрылсам, ал дагы кошо кирип, балаӊа деп кириешки алды. Ошентип үйгө келип менин балдарымдын көзүнө көрүнүп, алар Майрамды таанып да калышкан. Каргаша болгон күнү ал «Сокулукка барып келгиче бут кийимим суу болуп калды» деп жаткан. Көрсө, менин баламды өлтүрүп, анан көмүп жүргөн тура. Ошол күнү аябай кар жааган болчу.

«АСТРАНЫН БЕРГЕНГЕ АКЧАСЫ ДЕЛЕ ЖОК БОЛЧУ»
Астра Макелееванын телефонуна келип түшкөн СМС катты чогуу бир жерде иштеген курбусу Миргүл Имашова да окуган. Ал «СМСке ишенген эмеспиз» дейт:
– Катты окуган соӊ Астраны жооткотуп «жөн эле алдамчылык, ишене бербе» деп койгом. Эненин жүрөгү сезет да, тынчтана албай койду. 150 миӊ сураптыр, бирок ал жерде акчанын валютасы көрсөтүлгөн эмес. Сом же доллар менен сураганы белгисиз. Баарыбыз ызы-чуу түшүп эле баланы издеп калдык. Кылмышка шектелип кармалган Майрам деген аял биздин цехте иштеп жатканына аз эле болгон. Бир нече ирет Астранын үйүнө барып колунан чай ичип, үйүндө болгонун көргөм. Бир жолу биз чогуу отурганда да келген. Астра жолдошу менен чогуу жашабайт, ажырашышкан. Улуу кызы Нарында апасынын колунда, ал эми ортончу кызы менен каза болуп калган уулу экөөнү жалгыз өзү бакчу.
Майрам биздин эле конушта жашайт. Ал Астранын кайсы байлыгына кызыкты билбейм. Бир жолу менден «балдарын өзү жалгыз кантип багат?» дегенинен, «Орусияда агалары бир аз жардам кылып тыйын жөнөтүп турушат» дегем. Астранын ага бергенге акчасы деле жок болчу.

«БАЛАГА 8 АМПУЛА ДИМЕДРОЛ ИЧИРГЕН»
Окуя боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Мырзабек Токтосунов буларды билдирди:
– Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган Астра Макелеева 7 жаштагы Даниел Эрматов аттуу баласы мектепке кеткен боюнча жоголуп кеткенин кабарлаган. Милиция кызматкерлери алгач жабырлануучуга СМС билдирүү жазган номердин абонентин аныкташканда, ал ошол эле Ак-Босого конушунан жиберилгени белгилүү болду. Дарек боюнча барганда ал үйдө Майрам Ахунова аттуу 1976-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаӊгак шаарында туулган аял турары аныкталды. Шектүү суракта кылмышты жасагандыгын моюнуна алып, Даниелди өлтүргөн жерин көрсөтүп берди.
Айтымында, ал 10 күндөн бери жабырлануучунун үй-бүлөсү тууралуу маалымат топтоп, кылмышты мурдатан пландап жүргөн. 10-декабрда ал «Сокулуктагы жатак мектепте окуган кызыма барып келем» деп жумушунан суранып чыккан. Баланын кайсы маршруттук таксиге отурганын байкап кошо түшүп алат. «Ош базарынан» аны алдап түшүрүп, базардан димедрол дарысынын 8 даана ампуласын алган. Андан соӊ аны Сокулук районунун Күн-Туу айылы тарапка алдап алып барып, шире алып берип, димедролду ага кошуп ичирген. Дарынын кошулмасы көп болуп кеткендиктен бала каза болгон. Анын сөөгүн ошол эле Күн-Туу айылына жакын жерде казылган чуӊкурга таштап салган.
Окуучунун денесине кароо жүргүзгөндө көк ала тактар, моюнунда кызыл из болгон. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бала ур-токмоктон каза тапканбы же дарыданбы, экспертизанын жыйынтыгы менен дайын болот. Кылмышка шектүү Майрам Ахунованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо, жашы жете элек экендиги белгилүү болгон баланы жана ушул аракеттин акыры өлүмгө алып келгенде) боюнча кылмыш иши козголуп, ал СИЗОго киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Майрам Ахунова буга чейин алдамчылык жана уурдоо беренелери боюнча бир нече ирет соттолгон. Ал күйөөсү менен ажырашып кеткен. Жалгыз кызы бар, ал Сокулуктагы жатак мектепте окуйт.
Бул окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлиги «№81-мектептин мугалимдери Даниел Эрматовдун сабакка келбей калгандыгын апасына билдирген» деген маалымат таратты. Бирок аны жабырлануучу төгүнгө чыгарып, мектеп менен өзү байланышканын айтат. Учурда Бишкек шаарындагы мектептердин баарында ата-энелердин чукул жыйындары өткөрүлүп, мугалимдер ата-энелерге башталгыч класста окуган балдарын өзүӊөр алып келип, кайра алып кетип турасыӊар деп милдеттендирүүдө.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Баламды өлтүргөн аял "сизге жакшы жаңылыгым бар" деп телефон чалды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Aitgul
2015-12-21 09:43:02
кудай сактасын акыркы кундору адамдардан ыйман кетти.Эгер кудайдан корксо мындай иштерге барбайт болчу.Апасына эле кыйын болдууу.Кудай сизге сабыр берсин.
+4
alhamdulillah
2015-12-21 10:12:06
Sabyr bersin,birok aituu onoi jurogunun bolugu uzuldu,ene olso bala syzdait kech otkonchi,bala olso ene suzdait koz otkoncho
+3
Shokoladka94
2015-12-21 12:18:54
Жазанды Аллах берсин мыкаачы!
+4
tea23
2015-12-21 13:03:08
Олуп эле калбайбы ушундай мыкаачыларды жер кантип которуп журот.
+5
Akylai_aktan
2015-12-21 15:51:15
Олум жазасына тартуу керек кылмышкерди!Кудайым эки дуйно жакшы кун корсотпосун,зоокур!
+3
admin_media
2015-12-21 18:19:12
kurguz...,
Эскертүү! Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
0
tavanova.sarah
2015-12-21 21:08:08
Туура, балдарды чондор(ата-энеси, Эжеси) оздору алып келип, оздору алып кетишсе жакшы болмок. Р.Фте чон эле 5-6класстагы балдарын да оздору алып барып, кайра тосуп алышат.
+1
tokitok
2015-12-21 23:46:53
адамдарга озун жонундо бир нерсе айтыштан коркосун. маалымат топтоп жургонун
0
zhayna
2015-12-22 09:44:50
Японияда 4 жашар бала жалгыз журо алат экен. Жакшыга карап тузол.
0
gerodot
2015-12-22 17:44:47
Орттоп жиберсем гана...((((
0
amanatym
2015-12-23 09:59:25
Жоготуу бул эн жаман, Кудайым баарыбызга ыйман бере кор.
0
AykaMer
2015-12-24 03:06:59
Кудай сактай кор... Даниелди олтуруп алып,анан 150 мин сураганы кызык болду го... Бул Майрам дегени жиндираак эмес бекен?! Вообще ку-ку го!...ужас,Кудай мындай акмактардын жазасын берсин...
0
pomposh
2015-12-25 09:58:11
эже сабыр берсин сизге.мындай зөөкүрлөрдөн кудай сактасын өкмөт буларга тыюуу сала албай койду. ХХХ ХХХ керек.
0
admin_superstan
2015-12-25 10:11:53
pomposh, tursunbaev2004, этика нормаларын сактаңыз!
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан