Стилист Замира Молдошева: “СУЛУУЛУК ӨЛКӨСҮН ТҮЗӨМ”

Ийгилик сыры

Бул айым ата-энесинин каршылыгына карабай чачтарачтын окуусуна тапшырган. Сыягы, ошондо эле ал болочоктогу ийгиликтерин көрө алгандай. “Люкс” сулуулук салонунун жетекчиси, “Замира Молдошева” моделдик агенттигинин башчысы, стилист Замира Молдошева өзүнүн ийгилик сыры менен бөлүшөт.

– Замира эже, сизди стилист жана ишкер айым катары таанып келебиз. Айтыңызчы, алдыга койгон максатка жетүү үчүн баарын эмнеден баштоо керек?
– Эгерде адамдын алдыга койгон максаты болсо, анда ага жетүү үчүн, биринчиден, таң эрте турушу керек. Бекеринен элибизде “Кудайым ырыскыны эртең менен чачат. Ошого жетишүү үчүн эрте туруш керек” деп коюшпайт да. Андан соң талыкпас эмгек керек. Кээ бир адамдар жакшы эле ишин баштап, анан бир кыйынчылык болсо эле орто жолдон таштап коюшат. Баштаган ишти аягына чыгарыш керек. Ошондой эле дайыма иштешкен адамдарың менен мамилеге так болушуң өтө маанилүү. Мисалы, салык төлөөгө келгенде кээ бирлер ар кандай амалдарды жасашып, пара бергенге чейин барышат. Мен эч нерсени жашырбай, салыкты толук төлөйм.
Бала чагыңыздан эле эмгекчилсизби?
– Биз 12 бир тууганбыз. Алардын үчөө каза болуп калган. Негизинен, ата-энебиз бизди жумушка чыйрак кылып тарбиялаптыр. Биз, болгону, кышкы каникулда гана эс алчубуз. Жазында бакчага жер-жемишти отургузуу менен кеч кирсе, күзүндө түшүм жыйноо иштери дегендей. Эмгектен тажабаганыма балалыгымда алган тарбия пайдубал болду деп эсептейм.
– Болочок моделдерди тарбиялоочу агенттигиңиз тууралуу айта кетпейсизби?
– Чачтарач болом дегенимде “ушундан жыргамак белең?” деп ата-энем каршы болушкан. Бирок мен ошондо эле мага эмне керек экенин баамдай билгем. Алгач сулуулук салонун ачуу үчүн насыя алгам. Салонду ачкандан кийин мыкты мастерлер керек болду. Бул үчүн сулуулуктун сырларын үйрөтүүчү мектеп ачуу зарыл болду. Көп өтпөй эле сулуулуктун бир канаты болгон кийим-кече тигүү зарылчылыгы келип чыкты. Анан ал кийимдерди элге көрсөтүү үчүн моделдер талап кылынды. Мына ошондон улам моделдик агенттигин ачып отурам. Чынын айтсам, мен бири-бирине байланышып, зарылчылык жараткан нерселерди ачып келе жатам. Ал эми жакында биздин мамлекеттин ичинде сулуулук өлкөсүн түзөм деген максатты алдыма койдум.
– Кийим-кечектердин жаңы моделин кантип ойлоп табасыз?
– Кичинемден сүрөттү жакшы тартам. Эсимде, бир жолу апам сатып келген кездемени алып, көз болжол менен эле бычып жакшынакай юбка тигип алгам. Кээде ар кандай оймо-чиймелердин элеси түшүмө кирет. Эртең менен тура калып эсимден чыга электе кагазга түшүрөм. Бир адам менен маектешип жатып, аны кандай кийимдер менен жасантсам болот деп кийим үлгүсүн ойлоп коём. Ошентип эле түрдүү моделдер жарала берет.
– Чет өлкөдөн да чогуу иш алып барууга сунуштар түшүп жатса керек?
– Жакында эле кореялык “Artcos” жана “Vini Style” фирмалары менен иштеше баштадым. Бул фирмалар косметикалык каражаттар менен алек болушат. Ушул жерден мен биздин айымдарга бир кеңеш бере кетет элем. Азыр косметикалык каражат чыгарган фирмалардан баш адашат. Жарнамаларын карап отуруп таң каласың. Колдонуп, кээде нааразы да болуп калабыз. Эми мен мыктысын таптым. “Artcos” жана “Vini Style” фимасынын косметикаларын биринчи өзүмө колдонуп көрдүм. Эффективдүү экенин көрүп, башкаларга да кеңеш берип жатам. Айта кетсем, биздин аба өтө кургак эмеспи. Ал эми жогорудагы косметикалык каражаттардын курамы биздин климатка ылайыкташкан экен.
– Замира эже, сизге чексиз идея келип турсун. Ишиңиз илгерилей берсин. Рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Flowergirl
2010-02-02 21:52:34
Туура айтас Замира эже Кореядагы косметикалар ото сапаттуу
0
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан