Тынар Курбаналиев, куудул: «МУГАЛИМДЕР ТЫНАР МЕКТЕПТИ БҮТҮП КЕТСЕ ТҮЛӨӨ ӨТКӨРӨБҮЗ ДЕШЧҮ»

Бакыраӊ көз, кара каштуу «өзбек чырай» Тынар Курбаналиев деген куудул бар. Ал азыркы куудулдардан сатираны ийине жеткире аткарганы менен өзгөчөлөнүп келет. Анын «Чабан» аттуу сатирасы коомчулукта кызуу талкууга алынды. Бул сатира көрүүчүлөргө жакканы менен, айрым саясатчылардын кокосуна сайылган тикен болуп, куудулду телефон аркылуу опузалаганга чейин барышыптыр. Эмесе, окурман, куудулдун атактуулукка карай аттанган жолун өзүнүн жана жакындарынын баяндоосунда бирге окуйлу.

«АТАМДЫН КӨЗҮ ӨТКӨНЧӨ ИШ КЫЛГАН ЖОКМУН»
– Кээ бирөөлөрдөй болуп «балалыгым мындай болгондо азыр башкача болмокмун» деп өкүнбөйм. Балалыгым эӊ бактылуу күндөр менен коштолду. Ыраматылык атам көзү өткөнчө мага бир да жолу жумуш кылдырган жок. Үйдө агаларым иш кылып жатышса, карап өтүп кетчүмүн. Бир нерсе дешсе, атам «Тынка балама тийишпегиле, ал өзү билет» деп койчу. Эркеликтин кесепети азыр тийип жатат. Анткени такыр кара жумуш кыла албайм. Атамдын көзү өткөндөн кийин 2-3 жыл айылда мал багып, чөп чаап жүрдүм. Элдер күнүнө 30-40 сотых жер чапса, мен алардын жарым ишин кылчумун.
Мектепте мугалимдерим бир нерсе десе, «бул сабакты окуп окумуштуу болбой эле койдум, мен артист, актёр болом» деп бетине эле айтчумун. Алардын көкөйүнө көк таштай тийсем керек, бир мугалимибиз «Тынар Курбаналиев мектепти бүтүп кеткен күнү түлөө өткөрөбүз» деп көп айтар эле. Кийин мен элге таанылып үйлөнгөнүмдө тоюма келип, «Тынар мектепте эӊ алдыӊкы окуучу болгон» деп айтканда өзүмө-өзүм ишенбей туруп калдым. Кийин бул окуяны концерттеримде сатирага айлантып айтып жүрдүм.

«ДИ-ДЖЕЙ БОЛУП ЖҮРҮП КОКУСУНАН КУУДУЛ БОЛГОМ»
– Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын жер төлөсүндө дискотека болчу. Ал жерде ди-джей болуп иштеп жүрдүм. 2001-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгын белгилегенге даярданып жатышкан. Режиссёр Акылбек Абдыкалыков театрдын жанынан мени көрүп карап өтүп кеткен. Сыртта балдар менен сүйлөшүп турсам, бирөө келип «сени Акылбек байке чакырып жатат» деди. Барсам «каякта иштейсиӊ, сахнага чыккансыӊбы?» деп сурап калды. «Ди-джей болуп иштейм» дедим. Сакчынын формасын кийгизип көрүп «буга гримдин да кереги жок экен» деп колума 20 баракты карматып «жаттай бер» деди. Өмүрүмдө 3 куплет ырды жаттабаган жаным аябай кыйналдым. Ошентип Курманбек баатырдын 500 жылдыгында сакчынын ролун жараттым.
Театрда иштеп жүргөн күндөрдүн биринде Кубаныч акем «Бешилик» тобуна жарык, музыка коюп берип тур» деди. Ошентип гастролубуз Баткенде башталды. Топтогу куудулдардын бири ичимдик ичип алган экен. Рахман аке аны «бизде ичкен балдар иштебейт» деп топтон чыгарып койду. Алардын койгон концертин көрө берип жаттап алгам, бул жерин минтип ойносо жакшы болмок деп ойлоп жүрчүмүн. Ал кетери менен «ордуна мен кошулайын» деп сурансам, Рахман аке «аткара алсаӊ кошула бер» деп койду. Эл алдына өзүмдүн стилим менен чыкканда көрөрмандардын купулуна толдум окшойт, топко кабыл алып, куудулдук тушоом кесилген. Жакында Жалал-Абаддан арак ичип топтон кеткен байкени көрүп калдым. «Мен сизге чай алып беришим керек, себеби сиз кеткенде ордуӊузга келгем» деп тамашаладым.

«САТИРАЛАРЫМ САЯСАТЧЫЛАРГА ЖАКПАЙ...»
– «Бешилик» тарагандан кийин 1 жылдай багытымды таба албай, чыгармачылык кризисте жүрдүм. Издендим, улуулардан кеӊеш сурадым. Бул деӊгээлге жетишиме Рахман Разыковдун салымы чоӊ. Анын биз аткарып жүргөн «Чабан» сатирасы карапайым элге жакканы менен, айрым саясатчыларга жакпаптыр. Өздөрү болбосо да, аларга кошомат кылгандар «мындай сатираны ойнобой эле койбойсуӊарбы. Жолукпайлыбы?» деп телефон чалып жүрүштү. Аларга «сенин шефиӊдин атын айтып жатамбы?» деген жооп узатып жаттым. Айрым саясатчылар «Азамат! Демократия деген ушундай болот» деп колумдан кармап куттуктап жатышты. Парламентте отуруп алып «сен эркек эмессиӊ, катынсыӊ!» деп бири-бирине сөөмөй көзөшсө туура, биз аны сатирага айлантсак туура эмеспи? Өткөн чакырылыштын депутаттарынын бирөөсү «Дооронбек Садырбаевди Эл артисти дешет, бир да жолу ырдаганын көрө элекмин» дегенин уккам. Бул коомдогу оору. Аны сатира аркылуу айтып туруш керек.

«АЛГАЧКЫ КОНЦЕРТИМДЕН ТҮШКӨН АКЧАГА МАШИНА АЛГАМ»
– Алгачкы концертимди 2006-жылы Ош шаарындагы Бабур театрында койгом. Афишаны илип жатып концертти уюштурган байкеге «эл келбей койбосун, 2 күн эле берели» десем болбой, 4 күн деп жазып койду. 4 күн теӊ залга эл батпай, концертим аншлаг менен өттү. Бардык чыгымдарын төлөгөндөн кийин 2,5 миӊ доллар киреше калган. Ошол эле жылы жеке концертимди Бишкек шаарында койдум. 2 күн катар эл агылып келип, 2 күн теӊ залдын отургучтары бош калган жок. Ошентип борбордогу концертимден 6 миӊ доллар акча түштү. Бабур театрынын директорунун Мерседес үлгүсүндөгү машинасын көрүп, ушундай унаам болсо деп жүрчүмүн. Концертим бүткөндөн кийин ошол Мерседес сатыларын угуп, 5,5 миӊ долларга сатып алгам.

«ЖУБАЙЫМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМДЫ КОЛДОЙТ»
– 27 жашымда үйлөндүм. Биринчи жубайым Лилия Абдубаитова менен уруш-талашы жок эле ажырашкам. Андан бир уулум бар. Азыркы жубайым чыгармачылыгымды колдойт. Телефонума түрдүү каттар келет. Башында аны окуп таарынып, ыйлап жүрчү. Азыр түшүнүп, маани деле бербей калды. Аялымдын көзүнчө күйөрмандарым телефон чалышса, кандай сүйлөсө ошондой жооп берип коём.
Бирөөнүн көӊүлүн калтырып катуу тийгим келбейт. Ала көөдөндүк жайым бар. Колумда бар болсо сураганга жардам берип, ажат ачканды жакшы көрөм. 30 жашка чыккандан тарта материалдык базамды түптөгөнгө жетиштим. Үстүмдө үйүм, алдымда айдап жүргөн машинам бар.

Эрнест Бөрүбаев, куудул: «ТЫНАРГА УЛУУ АЙЫМДАР КАТ ЖАЗЫШЧУ»
– Тынар «Бешилик» тобуна куудул Кубаныч Үмөталиевдин ордуна келип, алгач ойной албай кыйналып жүргөн. Аны «аткара албай калтырап-титирей бересиӊ» деп шылдыӊдай берет элек. Бирок аракети менен 1 айдын ичинде топто өз ордун таап кетти. Өжөрлүгү менен «Бешиликтен» суурулуп чыгып эӊ алдыӊкысы болуп калды. Топтогу балдар тамашалашып «чоӊойгондо мен Рахман, мен Манас болом» деп куудулдарды бөлүштүрүп алчубуз. Тынар «мен Рахман болом» дечү. Кайсы жерге барбасын бирөө менен дароо тааныша калып, бир заматта тууган боло калат эле. Алар менен достошо калып курсагын тойгузганга да үлгүрчү.
Бизге жалаӊ окуучу кыздар кат жазышчу. Ал эми Тынарга эмнегедир турмуштан ажырашкан улуу айымдардан кат келет эле.

«АЗЫР ДЕЛЕ АПАМДЫН ЖАНЫНА ЖАТАМ»
– Азыр деле апама эркелейм, анын көкүрөгүнө башымды коюп жатып алам. Бир жолу көкүрөгүнө башымды жөлөп жатсам, келинчегим «эже-агаларыбыз отурушат, уялбайсызбы» дейт. Мен «Эмнеге уялышым керек? 50 жашка чыксам да апам мен үчүн апа да» дедим. Айылга барарда нан палоосун даярдап турат. Анан экөөбүз бир бөлмөгө жатып алып таӊ атканча сүйлөшөбүз. Жакында эле Жалал-Абадда апамдын 80 жылдык юбилейин белгилеп бердим. Ресторанга 300 киши чакырып, неберелери менен кызыл килемден бастырдык. Апамдын килемден басып келе жатканын көргөндө коноктордун көпчүлүгү көздөрүнө жаш алышты. Тойдун аягында тамада мага сөз бергенде келген элге рахматымды айтып апамды куттуктайын десем, тамагыма бир нерсе тыгылгансып мукактанып туруп калдым. Рахман аке байкап калып микрофонду алып элди күлдүрүп, мени тамашалап кайра берди. «Апа, сизди жакшы көрөм» дегенден башка сөз айта албай койдум.

Гүлжан Курбаналиева, апасы: «ТИЛИНИН ЗАПКЫСЫН ТАРТПАСА ЭКЕН ДЕП КОРКОМ»
– Тынардын кылык-жоруктары азыр да көз алдымда турат. Энергиясы ашып турган аябай шок бала болчу. Биринчи класска киргенче кийим кийбей, энеден туума жылаңач болуп жүрдү. Мен совхоздо саанчы болуп иштечүмүн. Биз уй саап жатканда куйругун көтөрүп, чыбыкты артына салып мөӊкүтө берер эле. Саанчылар «Кадырбек аке, Тынарды кой деп койбойсузбу» деп арызданышса, атасы күлүп эле койчу. Сүт алып кеткен машинанын үнүн укканда чатырдын алдына келип «Гүлжан эже, шым барбы, Борис шым кий дейт» деп туруп алчу. Эч ким жок болсо атасынын шымын болсо да чубалтып кийип алар эле. Анткени Борис деген сүт ташыган киши «шым кийсеӊ эт берем» деп койчу. Жайы-кышы жылаӊач жүрчү. Сарай менен үйдүн аралыгы 200-300 метр эле. Үйдөн жылаӊач чыгып сарайдын алдындагы кранга барып муздак сууга жуунуп, денеси кыпкызыл болуп кайра үйгө чуркап келчү. Мектепке барарда гана майка-шорта кийип баштады. Колуна бир дептер алып мектепке жөнөөр эле. Келе жатканда да үйгө жөн келбей, жакындаганда «Гүлжан эже, Кадыр акенин үйүбү?» дечү. «Ооба, келе бер» десем, «итиӊиз каппайбы?» деп тамашалачу.
Кичине кезинде жумуш кылган жок. Азыр деле үйгө келсе, эшиктин алдында жыгач жатса алып койбой, аттап кирип кетет. Кийимдерин чечкен жеринде калтырат, артынан терип жүрөбүз. Акыркы учурда курч сатираларды аткарып жатат. «Балам, кызыл тилде сөөк жок, тилиӊдин запкысын тартып калба» десем, «мен болгонун гана айтам» деп коёт. Андай сатиралары чыкканда бир нерсе болбосо экен деп корком.

Рахман Разыков, куудул: «ТЫНАР ЖАЛГАНДЫ ЧЫНДАЙ КЫЛЫП АЙТАТ»
– 15 жыл мурун «Бешилик» театрын чогултуп баштаганда Тынар деген бала бар экенин билчү эмесмин. Концертке жарык койгон жакшы оператор керек болуп калды. Тынардын Кубаныч деген бир тууган агасын чакырсам, ал «үй-бүлөлүү болуп калдым. Гастролго чыга албайм. Иним бар, ошону жиберейин» деп инисин жөнөттү. Анан жарыктарын көтөрүп көзү тостойгон Тынар келди. Концерт бүткөндүн эртеси «мен ушул жерде калам, урсаӊыз да, өлтүрсөӊүз да кетпейм» деп үйгө келиптир. «Сага орун жок, мага 5 эле бала керек» десем, «эмне кылсаӊыз ошо кылыӊыз» деп туруп алды. Топтогу бир бала арак ичип мас болуп алыптыр. Ачуум келип, «канчалык таланттуу болсоӊ да ичкендер менен иштешпейм» деп кетирип жибердим. Ошентип Тынар каалоосу менен топко кошулуп калды. Жашоодо бурулуш жасоодо бирөө себепчи болот эмеспи. Тигил бала мас болуп айдалып кетпегенде Тынардын тагдыры азыр башкача болуп калат беле? Анын ушундай деӊгээлге чыгышына «Ар бир айдын алтысы» долбоору себеп. 5 жыл тынбай Борончу, Абдылда менен ойноду.
Силер сахнадагы Тынарды эле көрүп жатасыӊар да. Сахнанын сыртындагы Тынар тууралуу айтсам, анда жоопкерсиздик бар. Спорт Ордосунда «Бешиликтин» биринчи концертин берип жатсак Тынар жок. 1 саатка жакын концерт күткөн эл кыйкыра башташты. Бир маалда күйүгүп чуркап жетип келди. Көрсө, ЦУМга кирип, эскалатордун тепкичин көрбөгөн жаны ошого түшүп алып ойноп жүрө бериптир. Эӊ кызыгы, жалганды чындай кылып айтат. Буга да усталык керек да. Мен анысын билип турсам да ишенимиш болуп коём (күлүп).

"Кайсы жерде концерт бербейин бардык концерттерим аншлаг менен өтөт".

Султан Төрөбеков,
Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тынар Курбаналиев: "120 кой" деген сатира саясатчыларга жаккан жок"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
munara86
2015-12-21 22:22:11
талантыны таазим.бар болунуз.
0
munara86
2015-12-21 22:24:54
талантына таазим
0
pretty2014
2015-12-21 23:29:12
Азаматсыз,ийгилик!!!
0
insap
2015-12-22 08:40:21
Тынар Курбаналиев да мыкты куудул, мен аны "Бешилик" куудулдар тобунан улам таанып, талантына, өнөрүнө ынанып келем...
0
uikuchu7
2015-12-22 09:42:47
Рахман акенин айтуусуна караганда калпты чындай айтат дейт го. Деги бизге калп айтып койгон жокпу. Бирок азаматсыз, сатираларыңыз мыкты, сөз жок!
0
Nazi96
2015-12-22 16:12:46
хе хе
0
Nazi96
2015-12-22 16:13:43
ммм жакшы экен
0
sayana
2015-12-22 17:21:28
Койду кой дейт да, ийгилик!
0
mashirapova
2015-12-22 20:29:58
эртен буйруса киребиз концертник
0
yamaha_510
2015-12-23 12:07:43
Тынар тойдо да тамадалыкты жакш алпарат...азаматсын тынар ака...
0
uikuchu7
2015-12-23 14:31:27
Азыр Тынар байке 120 койдун ордуна, 120 бука байлаган. Бул тамашасы да зор чыккан.
0
Lumia-800
2015-12-23 16:56:59
Оз жумушун тапкан азамат жигит!
0
aiposharysbekova
2015-12-25 09:12:21
Ийгилик! Ар дайым курч суйлоп журо бер!
0
tabyshmak
2015-12-25 14:54:35
Сонун тамашаларды айтат. Ийгилик! Буларга тамашоучуларды салыштырууга болбойт. Акыркы кундору куудулдарга "Тамашоу жонундо оюнар кандай? Аларга жининер келбей элеби?" деген сыяктуу болбогон суроолор берилип келет. Куудул деген куудул да. Ырчылардын берген концерттерине караганда куудулдардын айткан тамашасынан кобуроок мээ эс алат.
0
mikana
2015-12-26 23:29:45
Тынар аке менен Абдылда акеге КРнын эмнек синирген артисти берилсе болмок до,эч нерсе эмес биз сиздерге ошондой наамды бердик.. Алдыныздарда Крнын Эмгек синирген атисттери Абдылда Иманкулов жана Тынар Курбаналиев
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан