«ГАЗПРОМ КЫРГЫЗСТАН» КОМПАНИЯСЫ КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРГӨ БИЛДИРЕТ:

Урматтуу газ керектөөчүлөр, «Газпром Кыргызстан» компаниясы «Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу» жана «Жаратылыш газын эсепке алуу» боюнча жаӊы эрежелери Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2015-жылдын 17-октябрындагы №152-буйругу менен бекитилип, 2015-жылдын 7-ноябрынан тартып күчүнө киргендигин билдирет.
Аталган эрежелерге ылайык, жаратылыш газын жеткирүүдө тиричилик керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдин формасы бекитилди.
Ошого байланыштуу 2015-жыл­дын 10-ноябрынан тарта «Газпром Кыргызстан» компаниясы тиричилик керектөөчүлөргө жаӊы эрежелер аркылуу бекитилген жарыя келишиминин шарттарынын негизинде жаратылыш газын жеткирет. Жарыя келишимин түзүү (жарандык мыйзамдарга ылайык) тараптардын келишимди жазуу түрүндө кол коюусун талап кылбайт. Жарыя келишимин түзүү боюнча сунуштар жана анын шарттары менен «Газпром Кыргызстандын» сайтынан
www.gazprom.kg жана компаниянын бардык аймактык кеӊселеринен таанышууга болот.
Мындан тышкары жарыя келишиминин тексти жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да жарыяланмакчы.
Керектөөчү газ колдонуудан баш тартпаса, анда Жарыя келишими түзүлдү деп эсептелинет. Толугураак маалымат алуу үчүн «Газпром Кыргызстан» компаниясынын филиалдарынын керектөөчүлөр менен иштөө бөлүмдөрүнө кайрылсаӊыздар болот:

«Бишкекгаз» филиалы – Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 45;
«Чүйгаз» филиалы – Сокулук айылы, Октябрьская көчөсү, 41;
«Ошгаз» филиалы – Ош шаары, Ленин көчөсү, 146;
«Жалалабатгаз» филиалы – Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 2;
«Баткенгаз» филиалы – Кадамжай шаары, Металлургдар көчөсү, 8а/2.
Же 0312 92 01 31 телефон номери аркылуу байланышып, толук маалымат ала аласыз.

ТИРИЧИЛИК КЕРЕКТӨӨЧҮГӨ ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА ЖАЛПЫ КЕЛИШИМ
Келишим предмети
1. Тараптар өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерине, жаратылыш газын эсептөө эрежелерине, керектөөчүлөргө жаратылыш газын жеткирүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга жана бул келишимге таянышат.
2. Жабдуучу тиричилик муктаждыктары үчүн (жылытуу, ысык суу менен камсыздоо жана тамак-аш жасоо) тиричилик керектөөчүнү (жеке жакты) Жабдуучунун тарифи боюнча жаратылыш газ – товары менен үзгүлтүксүз түрдө камсыз кылат. Ал эми Керектөөчү жеткирилген товар үчүн өз учурунда төлөм жүргүзөт.
3. Жабдуучу төмөндө көрсөтүлгөн газ эсептегичти Керектөөчүгө орнотот, ал эми Керектөөчү аны иш режиминде сакталышын, пломба жана башка коргоочу каражаттардын бүтүн сакталышын камсыз кылат, ошондой эле ишине кийлигишпөөгө милдеттеме алат.
4. Жабдуучу менен Керектөөчү ортосундагы менчиктин баланстык таандыгынын бөлүнүү чеги газ керектөөчү жабдуунун алдындагы өчүрүүчү түзүлүшкө (жеке турак жайлар үчүн кириштеги кран, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер үчүн газды ачуучу кран) орнотулат. Ошол эле учурда өчүрүүчү түзүлүш жана газ эсептөө прибору Жабдуучунун жеке менчиги болуп саналат.
5. Жабдуучунун эксплуатациялык жоопкерчилигинин чеги өзүнө газ эсептөө прибору менен менчиктин баланстык таандыгынын бөлүнүү чегине чейинки газ менен камсыздоо системасын камтыйт. Жабдуучу өз балансында турган газ эсептөө прибору жана газ менен камсыздоочу системаны техникалык жактан оӊ абалда кармап турат.
6. Жабдуучунун эксплуатациялык жоопкерчилигинин чеги өзүнө жеке турак жай үчүн короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системасын жана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери үчүн квартира ичиндеги газ менен камсыздоо системасын, ошондой эле газ керектөөчү жабдууларды (газ плиталары, суу ысыткычтар, казандар, күймөлөр) камтыйт. Керектөөчү кран, газ өткөрүүчү түтүк жана газ керектөөчү жабдууларды техникалык жактан оӊ абалда кармап турат. Ал эми аларга техникалык тейлөө жана оӊдоо иштери Керектөөчүнүн арызына жана Жабдуучунун прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде Жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт.

Тараптардын укуктары
7.
Керектөөчүнүн укугу:

а) Жаратылыш газын үзгүлтүксүз жана коопсуз түрдө алуу;
б) Жабдуучуга берилген арызга жана бекитилген прейскурантка ылайык техникалык тейлөө иштери менен газ керектөөчү жабдууга карата өткөрүлүүчү оӊдоо иштерди өз учурунда алып туруу;
в) Жабдуучудан газ, көрсөтүлүүчү кызмат жана колдонулган материалдардын баалары жана башка маселелер боюнча маалымат алуу;
г) Газ менен камсыздоо убактылуу токтоп турганда, төлөм документинде (эсепте) каталар менен так эместиктер табылганда эсептелген төлөм суммасын кайра эсептеп чыгуу боюнча Жабдуучуга арыз менен кайрылуу;
д) Жабдуучунун ишмердүүлүк чөйрөсүнө кирүүчү маселелерди чечүү үчүн жабдуучуга арыз менен кайрылуу;
е) Жабдуучу тарабынан Келишим шарттарынын тиешелүү деӊгээлде аткарылбай жаткандыгы тууралуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана сотко кайрылуу.

8. Жабдуучунун укугу:
а)
Керектөөчүгө эскертпей туруп газды жабуу жана төмөнкү шарттарда бул үчүн жоопкерчилик тартпоо:

  • Газ системасындагы аварияларда;
  • Керектөөчүнүн мурда кесилген газ өткөрүүчү түтүгүнө өз алдынча кошулуусу, кошумча газ керектөөчү жабдууну өз алдынча кошуу же газ менен камсыздоодогу аткарылган иштердин долбоордук документтерге жооп бербөөсү;
  • Керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газды пайдалануу фактысы аныкталган учурларда;
  • Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү токтотулганда же чектелгенде.

б) Керектөөчүнү алдын ала кабардар кылуу менен газ берүүнү азайтуу же таптакыр токтотуу жана бул үчүн төмөнкү учурларда Керектөөчү алдында жоопкерчилик тартпоо:

  • Керектөөчү тарабынан төлөм мөөнөтү сакталбай жана/же Келишим жана Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелериндеги тиешелүү пункттарда бекитилген шарттар бузулганда;
  • Газ тармактарына жана алардын курулмаларына карата пландуу оӊдоо жана/же реконструкциялоо иштеринде;
  • Жабдуучунун эскертүүлөрү Керектөөчү тарабынан аткарылбаганда;
  • Кыргыз Республикасынын иштиктүү мыйзамдарында жана Келишимде каралган учурларда Керектөөчүнүн газ эсептөө приборлору менен газ керектөөчү жабдууларына Жабдуучу ишкананын кызматкерин киргизбей койгондо;
  • Газ өткөрүүчү түтүк жана алардын курулмаларынын кайтарууга алынган аймактардын бузулуусунда;
  • Керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газдын пайдаланылгандыгы тууралуу факт аныкталган учурларда;
  • Кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен саат 8:00дөн тартып 21:00гө чейин төмөнкү учурларда Керектөөчүнүн территориясына кирүүгө:
  • Газ өткөрүүчү түтүк менен бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун, пломба жана башка газ эсептөө приборлорунун коргоочу каражаттарынын бүтүндүгүн текшерүүгө, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн квартираларында айына 1 жолудан көп эмес, ал эми жеке турак жайларда айына 2 жолудан көп эмес газ эсептөө приборунун көрсөткүчүн алууга;
  • Долбоордук документтердин газ өткөрүүчү түтүк жана газ керектөөчү жабдууларынын монтажынын бири-бирине дал келүүсүн текшерүү үчүн, текшерүүнүн натыйжасы боюнча газ эсептөөдөгү табылган бузулуулар туурасында эки тараптуу акт түзүү;
  • Өзгөчө кырдаалдардын (жарылуу, күйүү ж.б.) алдын алуу максатында күндүн кайсы мезгили болбосун кызматтык күбөлүк көрсөтүү менен Керектөөчүнүн территориясына кирүүгө:
  • Авариялык кырдаалдарда;
  • Авариялардын алдын алуу боюнча иштерди өткөрүү үчүн;
  • Жашыруун төшөлгөн газ өткөрүүчү түтүк бар экендигине шек жаралганда (дубалда, дубал ортолорундагы тосмо тамдарда, жер алдына төшөлгөн газ өткөрүүчү түтүк ж.б.), эреже бузууларды табуу максатында газ өткөрүүчү түтүктү жаап калган курулушту бузуу. Бул туурасында акт түзүү жана ага бузуу фактысын чагылдыруучу материалдарды (колго тартылган схема, видеосүрөт, фото ж.б.) жана пайдалануу менен газдын эсепке алынбаган керектөөсү жүзөгө ашырылып келген зат же жабдууларды (шланг, түтүк ж.б.) кошуу, ошондой эле бузуу фактысына далил катары укук коргоо органдарына көрсөтүү үчүн ар кандай аспаптарды алуу.
  • Жашыруун төшөлгөн газ өткөрүүчү түтүктүн бар экендиги такталбаган учурларда жана газ өткөрүүчү түтүккө өткөрүлгөн монтаждоо иштери долбоордук документтерге дал келгенде жабдуучу 30 күндүн ичинде керектөөчүгө келтирилген чыгымды калыбына келтирет же чыгымдын ордун толуктайт;

в) Газ эсептөө приборунун электрондук бөлүгүнүн ишинде жаӊылуу фактысы бар экендиги аныкталган учурларда, Жабдуунун техникалык корутундусуна ылайык, жеткирилген жаратылыш газы үчүн төлөм эсебин газ эсептөө приборунун механикалык интегратору боюнча жүргүзөт.

Тараптардын милдеттери
9.
Жабдуучу милдеттүү:
а) Жаратылыш газынын жеткирилишин, пайдаланылышын жана эсепке алынышын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларын сактоо;
б) Газдын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу;
в) Бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу жана токтотула турган мөөнөтүн, ошондой эле себебин көрсөтүү менен 3 күндүн ичинде газ берүү ишиндеги пландалып
жаткан чектөөлөр жана токтотуулар туурасында Керектөөчүгө маалымдоо;
г) Массалык маалымат каражаттарына жайгаштыруу жана/же газ үчүн төлөм кабыл алуу пункттарына маалымат баракчасын илүү менен, мындай иш-аракет башталгандан тартып 5 күн ичинде газга болгон баанын өзгөргөндүгү туурасында Керектөөчүнү кабардар кылуу;
д) Газ менен камсыздоо убактылуу токтоп турганда төлөм документинде көрсөтүлгөн эсепте каталардын бар экендиги аныкталганда Керектөөчүнүн арызы боюнча эсептелген төлөм суммасын кайрадан эсептеп чыгуу. Төмөнкү шарттарда газ эсептөө прибору жок Керектөөчүгө жеткирилген газ үчүн кайрадан эсептешүүлөрдү өткөрүү:

  • Жылытылуучу аянт, ошондой эле аталган дарек боюнча жашап жатышкан адамдардын саны өзгөргөндө керектөөчү ырастоочу документтерди көрсөтүү менен 1 айлык мөөнөттө бул туурасында Жабдуучуга кат жүзүндө билдирүүсү керек;
  • Эгер Керектөөчү жана ушул дарек боюнча аны менен бирге жашаган адамдар 1 айдан ашык мөөнөткө убактылуу чыгып кетип, кайра кайткандан кийин 1 айдын ичинде жабдып туруучуга ырастоочу документтерди (жол жүрүү документинин көчүрмөсү, жолдомо, иш сапар күбөлүгү) тиркөө менен бул туурасында арыз берсе, газга төлөм алынбайт. Бекитилген мөөнөтү өтүп кеткен документтер каралбайт жана кайра эсептешүүлөр жүргүзүлбөйт.

е) Иш жүзүндө берилген газ үчүн топтолгон карыздарынын кесепетинен улам газ берүү токтотулуп жаткандыгы тууралуу Керектөөчүнү 3 сутка мурда кат жүзүндө кабардар кылуу;
ж) Керектөөчү тарабынан жеткирилген газ үчүн карыздар, туумдар толук жабылып, кошуу кызматы үчүн акы төлөнгөн соӊ Керектөөчүнүн арызы боюнча кезеги келгенде газ берүүнү калыбына келтирүү;
з) Керектөөчүнүн арызына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген мөөнөттө жооп кайтаруу;
и) Кийинки айдын онунан кечикпей, жеткирилген газ үчүн төлөм (мурдагы календардык ай үчүн) эсебин ай сайын берип туруу;
к) Техникалык тейлөө же газ керектөөчү жабдууну оӊдоого карата берилген арыздарды Керектөөчү менен макулдашылган мөөнөттө жана бекитилген тартипте Жабдуучунун прейскурантына ылайык аткаруу;
л) Газ эсептөө приборун текшерүү үчүн чечип алып кетүү учурунда анын жана ташуучу идиш менен номурдук пломбанын бүтүн баруусу үчүн жоопкерчилик алуу;
м) Газ эсептөө приборун текшерүү үчүн чечип алып кетери жөнүндө керектөөчүгө 1 ай мурда эскертүү;
н) Газ эсептөө приборун текшерүүгө алып келгенден кийин жана ташуучу идиш ачылгандан баштап 3 күн ичинде керектөөчүнүн катышуусу менен текшерүү иштерин өткөрүү. Ошондой эле техникалык корутунду түзүлгөн мезгилден баштап 7 күндүн ичинде аны Керектөөчүгө кайрадан орнотуп берүү;
о) Электрондук карталуу газ эсептөө прибору бар керектөөчүлөргө жеткирилген газ үчүн эсепти прибордун механикалык интегратору боюнча жүргүзүү;
п) Төлөм киргизүү маалындагы тарифтерге ылайык, электрондук картанын балансына жаратылыш газынын көлөмүн каттоо аркылуу Керектөөчүнү газ үчүн алдын ала төлөө иштерин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу;
р) Газ эсептөө приборун алмаштыруу маалында жүргүзүлгөн алмаштыруулар тууралуу эки тараптуу акт түзүү;
с) Керектөөчүнүн газ керектөөчү жабдуусун өчүрүү (күйгүзүү) боюнча иштерди аткаруу үчүн кызматтык күбөлүк менен жазуу түрүндөгү негизде көрсөткөн учурларда жабдуучу ишкананын кызматкерлеринин өз территориясына тоскоолдуктарсыз жана коопсуз түрдө өтүүсүн камсыз кылуу.

10. Керектөөчү милдеттүү:
а)
Жаратылыш газын жеткирүүнү, пайдаланууну жана эсепке алууну жөнгө салуучу мыйзам нормаларын сактоого;
б) Келишимде бекитилген мөөнөттөн кечиктирбей, аткарылган иштер менен иш жүзүндө жеткирилген газ үчүн төлөмдөрдү Жабдуучуга төлөө. Көрсөтүлгөн эсеп боюнча төлөмдү кечиктиргендиги үчүн Келишимдин 19-пунктуна ылайык эсептелген туумду Жабдуучуга төлөөгө.
в) Газ чарбасындагы коопсуздук боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык газ өткөрүүчү түтүк, газ керектөөчү жабдуу, газ эсептөө прибору, газ жабдуусу, түтүн чыккыч жана/же желдетүүчү каналдарды ишке жарамдуу абалында кармоо, орнотулган пломба жана башка коргоо каражаттарынын бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды берилген уруксаттын негизинде жана Жабдуучу ишкана кызматкеринин акт түзүүсү менен чечүүгө;
г) Керектөөчүгө тиешелүү газ эсептөө приборлорду, газ керектөөчү жабдууларды тиешелүү техникалык абалында кармоо жана коопсуз пайдалануу боюнча Жабдуучунун эскертүүлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга;
д) Газ эсептөө приборунун, газ керектөөчү жабдуунун ишиндеги бузулуулар, ошондой эле пломбанын жулунуп же жабыркап калуусу тууралуу Жабдуучуга өз учурунда кабар берүүгө;
е) Жеке турак жайлар үчүн короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системаларынын жана көп кабаттуу үйлөрдүн квартиралары үчүн газ менен камсыздоочу квартира ичиндеги системалардын, ошондой эле газ пайдалануучу жабдуулардын (газ плиталары, суу жылыткычтар, казандар, күймө ж.б.) пайдаланылышын эксплуатациялоо боюнча иштиктүү документтердин талаптарына ылайык камсыз кылууга;
ж) Келишимдин 7-пунктунун «в» жана «г» пунктарына ылайык, өз территориясына Жабдуучу кызматкерлеринин тоскоолдугу жок коопсуз түрдө кирүүсүн камсыз кылууга;
з) Газ чыгып жаткандыгы аныкталганда жана/же башка авариялык кырдаалдарда 104 номуру аркылуу бирдиктүү телефон боюнча Жабдуучунун авариялык кызматына кайрылууга;
и) Мүлк ээси алмашкандан кийинки (мүлктү сатып алуу-сатуу, алмашуу, белек кылуу ж.б.) 10 күн ичинде Жабдуучуга кайрылып, газ жеткирүү үчүн түзүлгөн келишимди бузуу жана карыздарды (эгерде ал болсо) төлөө. Мындай болбогон учурда келишим мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып Жабдуучу бир жактуу түрдө келишимди бузууга укуктуу;
к) Ай сайын газ эсептөө приборунун көрсөткүчүн Жабдуучуга маалымдап туруу. Эсептөө приборунун көрсөткүчү Жабдуучуга бүтүндөй мүмкүн болгон ыкмалардын негизинде берилет жана Жабдуучу тарабынан бекитилген мөөнөт менен эсеп тактыгы камсыз кылынат;
л) Электрондук карта жоголуп кеткенде же бузулуп калганда (электрондук карталуу газ эсептөө прибору бар болсо) Жабдуучуга кайрылып, өз эсебинен башка электрондук карта сатып алууга;
м) Газ эсептөө приборунун электрондук бөлүгүнүн ишинде токтоп калуу фактысы катталганда, Жабдуучунун техникалык корутундусуна ылайык, Жабдуучу тарабынан электрондук карталуу газ эсептөө приборунун механикалык интегратору боюнча эсептелген жаратылыш газы үчүн төлөм жүргүзүүгө;
н) Тиешелүү арыз берүү менен узак убакыт (1айдан көбүрөөк) жок болгондугу жана жаратылыш газын пайдаланбагандыгы туурасында Жабдуучуга билдирүүгө;
о) Ташуучу идишти ачуу жана чечилип алынган газ эсептөө приборуна комиссиялык текшерүү иштерин өткөрүүгө катышуу үчүн прибор чечилип алынгандан тартып 10 күн ичинде Жабдуучуга келүүгө;
п) Газ өткөрүүчү түтүктү кошуу (алмаштыруу, оӊдоо) үчүн Жабдуучуга арыз менен кайрылууга.
р) Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежесин, Жаратылыш газын эсепке алуу эрежесин билүү, ошондой эле жаратылыш газын пайдалануу маалында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аларга таянып иш алып баруу.

Төлөм жүргүзүү шарты жана тартиби
11. Механикалык газ эсептөө прибору бар Керектөөчүлөр үчүн жеткирилген жаратылыш газынын баасы газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтөр жана иштиктүү тарифтер боюнча аныкталган көлөмгө ылайык эсептелет.
12. Электрондук карталуу газ эсептөө прибору бар Керектөөчүлөр үчүн төлөм акы төлөө мезгилиндеги тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.
13. Газ эсептөө прибору жок Керектөөчүлөр үчүн жеткирилген газдын баасы Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелеринде бекитилген керектөө нормаларына ылайык эсептелет.
14. Жабдуучу тарабынан газ эсептөө приборундагы көрсөткүч жөнүндө маалымат Келишимдин 10-пунктунун «к» пунктунда бекитилген мөөнөттө Жабдуучуга берилбесе, өткөн эсептик, ошондой эле керектөөчү тарабынан жаӊыртылган, бирок катары менен 3 айдан көп эмес маалыматтардан турган келерки эсептик мезгил үчүн жеткирилген газ көлөмү Керектөөчү тарабынан керектелген орточо айлык газ көлөмүнөн алынат; өз кезегинде ал газ эсептөө прибору аркылуу 1 жылдан кем эмес мезгил үчүн аныкталат. Эгерде газ эсептөө приборунун иштөө мезгили бир жылга жетпеген убакытты түзсө, газ эсептөө приборунун факт жүзүндө иштеген мезгили үчүн алынат. Көрсөтүлгөн 3 айлык мөөнөт аяктагандан кийин ар бир кийинки ай жана керектөөчү тарабынан жаӊыртылган, бирок катары менен 3 айдан көп эмес маалыматтардан турган эсептик мезгилге чейинки ар бир кийинки ай үчүн жеткирилген газ көлөмү Газ жеткирүү жана пайдалануу Эрежеси тарабынан бекитилген газ керектөө нормативдерине ылайык аныкталат.
Газ эсептөө прибору боюнча жеткирилген газ көлөмүн аныктоо Жабдуучу тарабынан жүзөгө ашырылуучу текшерүү өткөрүлгөн күндөн кийинки күнү жаӊыртылат.
15. Керектөөчүнүн газ эсептөө приборун чечип алуу менен Жабдуучу ага газ эсептөөчү резервдик приборду орнотот жана бул туурасында акт түзөт. Газ эсептөө приборуна кийлигишүү фактысы ырасталбаган учурларда газ үчүн коюлган эсеп орнотулган газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
16. Үй ичиндеги (квартира ичиндеги) газ керектөөчү жабдууну, ошондой эле газ менен камсыздоо системасын техникалык жактан тейлөө, алмаштыруу жана оӊдоо боюнча жүргүзүлүүчү иштердин прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча Жабдуучу тарабынан аныкталат.
17. Газ менен камсыздоонун токтогондугу, көрсөтүлгөн төлөм документинде (эсепте) каталардын бар экендиги тууралуу Керектөөчүнүн кайрылуусунан (арызы боюнча) кийин төлөмдө көрсөтүлгөн сумманы кайрадан эсептеп чыгуу Керектөөчүнүн катышуусунда же кезектеги төлөм документин жазып берүү менен жүзөгө ашырылат.
18. Жеткирилген газ үчүн эсеп кийинки эсептик айдын 20-числосуна чейин жүргүзүлөт.
19. Төлөм жүргүзүү мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн Керектөөчүгө ар бир мөөнөтүнөн кечиктирилген күнгө карата карыз суммасынын 0,1% өлчөмүндө, бирок карыз суммасынын 100%ынан жогору эмес туум кошулуп жазылат. Газ үчүн дебитордук карызды жабуу акцептсиз же хронологиялык тартипте жүргүзүлөт: Керектөөчү тарабынан жүргүзүлгөн төлөм суммасы эӊ ириде биринчи ай үчүн болгон карыздын негизги суммасын, андан кийин биринчи ай үчүн туумду жабууга жумшалса, калган бөлүгү кийинки ай үчүн болгон карыздын негизги суммасы менен туумдарын жабууга багытталат.

Тараптардын жоопкерчилиги
20. Келишимде көрсөтүлгөн милдеттемелер аткарылбаса же талапка ылайык аткарылбаган учурларда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жоопкерчилик тартышат.
21. Керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат:

  • Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин, жаратылыш газын эсептөө эрежелеринин, жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин №1-тиркемесине ылайык, тиричилик приборлорун жана аппараттарын коопсуз пайдалануу боюнча нускамасынын талаптарын бузгандыгы үчүн;
  • Газ эсептөө прибору бузук экендиги тууралуу Жабдуучуга айтпастан газ керектегендиги үчүн. Мындай учурларда газды керектөө эсепке алынбаган болуп саналат да, төлөм жүргүзүү Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык Жабдуучу тарабынан жүзөгө ашырылат;
  • Газ эсептөө приборунун ишине кийлигишкенде, Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелеринин 1-тиркемесине ылайык.

22. Жабдуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат:

  • Завод-даярдоочу тарабынан бекитилген мөөнөттө газ эсептөөчү тиричилик приборун текшерүү үчүн;
  • Газ жабдуусуна карата өткөрүлгөн сапатсыз техникалык тейлөө иштери үчүн өз учурунда жана өз каражаттарынын эсебинен бардык сапатсыз аткарылган иштерди кайрадан жасоо үчүн.

23. Керектөөчүнүн күнөөсү боюнча газ эсептөө прибору ишке жараксыз болуп калган учурларда, Керектөөчү жаӊы газ эсептөө приборун сатып алуу жана орнотуу боюнча Жабдуучунун чыгымдарынын ордун толуктайт.
24. Текшерүүнүн жүрүшүндө анык болгон жана Жабдуучунун техникалык корутундусу менен ырасталган бузулуулар табылганда жана/же өз алдынча кошулуу/монтаждоо иштеринде жабдуучу жеткирилген газдын көлөмү боюнча Жабдуучу менен кайра эсептешүүлөрдү жүргүзөт жана мындай шартта бүтүндөй газ керектөөчү жабдуунун акыркы текшерүү/орнотуу иштери өткөрүлгөндөн тартып бир календардык жылга чейинки күнү-түнү иштеген максималдуу долбоордук кубаттуулугу эске алынат. Эсеп жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин №1-тиркемесине ылайык Жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт.

Өзгөчө шарттар
25. Тараптар Келишим боюнча милдеттемелердин толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы, ошондой эле аларды аткаруу мөөнөтүн создуктургандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат; эгерде булар мыйзамдар менен бирге башка ченемдик актылардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тыюу салуучу же чектөөчү актыларынын өзгөрүүсүнө жана каршы турууга мүмкүн болгон күчтөрдүн кесепетине (форс-мажор) алып келсе.
Форс-мажордук кырдаал – бул суу ташкыны, өрт, зилзала жана башка жаратылыш кырсыктары, техногендик катастрофалар (авариялар), тиешелүү территорияга өзгөчө жана аскердик абал киргизүү, террордук акттар, массалык баш аламандыктар ж.б.
26. Келишимди аткарууда келип чыккан талаш-тартыштар менен пикир келишпестиктер өз ара сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилет. Эгерде макулдукка келе алышпаса, талаш-тартыш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечилет.
27. Бул Келишимде сөз кылынбаган кандайдыр бир жагдайлар жаралган учурларда тараптар Кыргыз Республикасынын газ менен камсыздоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга (анын ичинде эрежелер, нускамалар) таянышат.

Келишимдин таасир этүү мөөнөтү
28. Бул Келишим тиричилик керектөөчүнү жабдуучунун газ менен камсыздоо тармагына иш жүзүндө кошкон жана/же жабдуучунун газ менен камсыздоо тармагына кошулган кыймылсыз мүлккө карата укуктарды (мыйзам чегинде каралган менчик же ээлик кылуу жана пайдалануу) сатып алган күндөн тартып күчүнө кирет жана бир жыл бою жарактуу болуп саналат. Бул мезгил ичинде тараптардын кайсы бири кат жүзүндө Келишимди бузуу тууралуу экинчи тарапка арыз менен кайрылбаса, Келишим ушундай эле мөөнөткө узартылат.

Жабдуучунун реквизиттери
ОсОО «Газпром Кыргызстан»
Юридикалык дареги: Бишкек ш., Горький к., 22
Жайгашкан дареги: Бишкек ш., Горький к, ½

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан